Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган Республикалык төкмө акындар айтышы 27-28-август күндөрү борборубузда болуп өттү. Катышкан 37 ак таңдайдын арасынан Аалы Туткучев баш байгеге ээ болуп, 200 миң сом акчалай сыйлыкты алды. Ал эми 1-орунга Жеңишбек Жумакадыр илинип, 100 миң сом, 2-орунду Азамат Болгонбаев алып, 70 миң сом, 3-орун Кадырбек Бейшеновго тийип, 40 миң сом менен сыйланышты. “Жылдагыдан бул айтышка жаш таланттар көп катышты. Эми алар эгемендүү элдин акындары ”,- дейт Аалы Туткучев.
Акын Аалы,Женишбек.
Суйунуп турган кезинер,
Азамат жана Кадырбек.
Эгемендуулук кунуно,
Акын айтыш отуптур.
Арасынан тортоонду,
Жакшы приз кутуптур.
Алдысы болуп элимдин,
Эл жеринди сыйлагын.
Эн алдынкы байге алып,
Ар дайым сен ырдагын.
200 сомду алып алып,
анан сен ырдабай койбогун эээ..ээй...
Сыйлыгыныздар кут болсун! акчага эле эмес чон чон наамдарга жетишиниздер!