Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МАДУМАРОВДУН ЖОЛУ КАЙСЫ ЖЕРДЕН АЖЫРАГАН?

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


Өмүрбек Текебаев ЖКнын 5-чакырылышында фракция жетекчиси болуп турганда Адахан Мадумаров депутаттык төш белгиге жетпей аянтта кыйла айгай салган. Андан эки-үч жыл мурун “Ак жолду” жетектеген Адахан мырза шайлоодон өтүп, спикердин креслосунда чалкалап отурганда ошол эле Өмүрбек мырза борттун сыртында калган. Учурда такыр келишпестей көрүнгөн бул экөөнүн саясат сапары, чынында, чогуу башталып, эки кочкор бир казанда жанаша эле кайнап келген. Биз экөөнүн чыйыр жолуна сереп салдык.

Өмүрбек Текебаев,
“Ата Мекен” партиясынын лидери
1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.
Физика мугалими жана юрист.
Ата-энеси колхоздо иштеген. 5 бир тууган. Эжеси, карындашы жана 2 иниси бар. Жубайы – Айгүл, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Адахан Мадумаров,
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
1965-жылы 9-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
Тарыхчы жана юрист.
Атасы мугалим, апасы үй кожойкеси болгон. 5 кыз жана 3 уул бир туугандардын ичинен экинчиси. Жубайы – Агилаш, 3 уулу бар.

САЯСИЙ ОЛИМП КАНТИП БАГЫНДЫРЫЛГАН?
Сөздү эки мырзанын уруусунан баштайлы. “Атаң ким? Урууң ким?” деген суроолор кыргыздын канына сиңип бүткөн эмеспи. Адахан мырза менен болгон соңку маегибизде “бостон уруусунан болом” деген. Бостон ичкиликтер канатына кирет. Ушул эле чоң топко Текебаевдин уруусу да кошулат. Экөө тең түштүк аймагынан: бири Оштон, экинчиси Жалал-Абад облусунан. Мектептин “отличник” окуучулары, кийин мугалимдик тармакка тапшырышкан. Айырмасы, Мадумаров гуманитардык илимдердин ичинен тарыхты тандаса, Өмүрбек мырза так илимге жакын чыгар, физикага сапар алат. Кийин жолдору биригип, мыйзамдарды папкалап чыгарган “Жогорку Кеңеш” деген заводго келишкенде экөө тең юридикалык билим алышкан.
Эми кантип саясаттын чоң сахнасына келип калганын байкайлы. Кадимки карапайым адамдардын бири болгон Чиркештин уулунун ысымы да, күрүч эгип тиричилигин өткөргөн Кимсанбайдын уулунун ысымы да парламенттин трибунасы аркылуу таанылды. Депутат деген милдетпи, жүкпү же кадыр-баркпы, кыскасы, ушул кызматтын арты менен экөө белгилүү болуп чыга келишти. Депутаттык ишмердиктеги окшоштугу – алардын тайманбастыгы, курчтугу, тили. Буга ошол кезде чыккан гезиттердеги макалалар далил, эстен чыгара элек агай-эжейлерибиз күбө. Далай жылды артка таштап койгон экөөнү “карышкыр депутаттар” тобуна кошсо жарашат, анын үстүнө Текебаев да, Мадумаров да парламенттин спикерлик кызматынын тузун татууга жетишкен.
Сандар саймедирейт:
Өмүрбек Текебаев 1991-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, 1992-жылы негизделген “Ата Мекен” партиясы менен Жогорку Кеңешке келген. 1995-жылдан тарта парламенттин биринчи, экинчи, үчүнчү чакырылыштарынын депутаты. 2005-2006-жылдары ЖКнын төрагасы болуп турган. Төртүнчү чакырылыштын шайлоосунан өтпөй калып, учурдагы бешинчи чакырылыштын депутаты.
Адахан Мадумаров парламентке 1995-жылы баш баккан боюнча 2000-жылы кайрадан депутат болуп шайланып, үчүнчү чакырылышта да ЖКга келген. Ал эми төртүнчү чакырылышында 12 жылдык депутаттык тажрыйбасы менен спикер болуп шайланат. Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, ал жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы ЖКга өтпөй калган.

ОППОЗИЦИОНЕРЛЕР
Мадумаров менен Текебаев – депутаттык жылдарында Ак үйдү кылычы менен эмес, тайманбас курч тили менен чаап тургандар. Түштөн кийин кыйын болгондорду да көрдүк. Алардан айырмаланып экөө – ошол революциялар түшкө кире элек жылдары эле алгачкы ажонун былыктарын чукуп, тике айткан саналуу адамдар. Азыр оппозиционер болуу кадыр-барктуу деп саналса, анда өзүнө өлүм өкүмүн чыгаруу менен барабар болгону бештен белгилүү.
1998-жылы 23-октябрда “Кыргыз руху” гезитине чыккан Адахан Мадумаровдун маегинде: “Мен өзүмдү оппозициядамын деп эсептебейм. Бирок мени бийликтегилер оппозицияда көрүшөт”,- деп айтат. Бийликтин командасында эместиги айдан ачык болгону менен, биротоло оппозицияга өзүн кошуп алгысы келбейт өңдүү. Мындай сапаты Бакиевдин командасынан кеткенде да байкалган. Же ак дебей, же көк дебей, оппозициянын тобуна да кошулбай, Ак үйдүн эшигин тарс жаап кеткен боюнча кайра ачкан эмес. Бирок 7-апрелге саналуу күндөр калганда, тагыраагы 2010-жылдын февралында “Азаттыкка” Адахан мырза агынан жарылган. Ошондо да түз айтпай, Бакиевдин бийлигин арабасы алдына коюлган атка окшоштурган эле.
Ал эми Акаевдин бийлигине Өмүрбек Текебаев каршы экенин президенттик шайлоолордо атаандаш болуп чыкканында эле билдирген. Тээ 1996-жылы 25-сентябрда чыккан “Кыргыз руху” гезитинин макаласында Өмүрбек Текебаев: “Эл үчүн жанымды аябайм” деген депутаттар бүгүн бийлик үчүн сатылып отурганы өкүнүчтүү. Кечээ эле калктын арасында жүрүп, азыр чоң дасторкондун четине отуруп калганына курсант болгондор бар. Жети жылдан бери элдин өкүлү болуп, ушул ЖКдамын. Кечээ келгендер дароо эле өз позицияларын өзгөрткөндөрү, албетте, өкүндүрөт”,- деп айткан.

ЭКӨӨ ТУУРАЛУУ ЖӨӨ ЖОМОКТОР ДА БИР
ММКлардан тышкары, ушакчылардын иши катуу жүрөт. Эл деген сел экен, расмий айтылган сөзгө караганда көчөдөгү айың кеп ишенимдүү көрүнөт сыңары. Муну өз жайына коёлу, анткени сөзүбүздүн төркүнү башка. Азыр Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровду бир кайыкта элестетишибиз татаал болсо, кезинде бул экөө ийиндеше бири-бирин колдошчу. Атүгүл экөөнө карата жөө жомоктор “комплект” болуп чыкчу. Мисалы, 1998-жылы бир гезитке берген маегинде Адахан Мадумаров “Текебаев экөө түрмөдөгүлөр менен жолугуптур деген ушак тараптыр. Керек болсо бул ушак үчүн мен сотко берем” дейт. Ошол жылдары “Ош окуясынан кийин камалгандар менен экөө жолугуп, аларды бошотушат имиш” деген айың тараган. Мунун чындыгы канчалык экени белгисиз, бирок кийинчерээк далай ирет “Мадумаровду эгерде депутаттыкка өткөрбөй коюшса, Оштон атчандар менен келет экен” деген ушактар да болгон. Мындай жөө жомоктор бүгүн деле актуалдуу.

АЖЫРАШАР АЯК
Көрүп келгенибиздей, эки бараандуу саясатчы көпкө чейин бир кайыкта келишкен. Эл Текебаевди “принципиалдуу” деген бир сөз менен жазбай тааныса, Мадумаров «өжөрдүгү» менен таанымал. Экөө 2005-жылдын 24-март күнүнө чейин дээрлик бир жээкте келип, жеңиштин жемишин чогуу татышкан. Өмүрбек мырза төрага болду, бирок бул орун көпкө буюрбай, Бакиев элдин үмүтүн актабасын эрте аңдап, ачык оппозицияга бөлүнүп кетти. Ал эми Адахан мырза дал ошол Бакиевдин заманында вице-премьер, мамлекеттик катчы, спикер жана Коопсуздук кеңештин катчысы болгонго жетишти. Демек, март окуясы экөөнү эки жолго салган десек болчудай. 
Эски гезиттердин беттерин барактап отуруп, мындан 16 жыл мурун Адахан Мадумаров айткан “президенттик шайлоодон кайсы талапкерди марадан көрүп жатам? Кемчилиги жок адам болбойт. Осмоновдун бой-келбетин, Шеримкуловдун саясатчылдыгын, Акаевдин аналитикалык акылын, Масалиевдин тазалыгын, Раззаковдун айкөлдүк, адамгерчилик жана адилеттигин айткым келет. Мына ушул беш кишинин баарын бириктирип, алардын сапаттарын жууруп, бир кишини жасап алганда мен дал ошондой президентти көрүүнү каалайм” деген сөзүнө көзүм түштү. Алдыда шайлоо күтүп турат. Мындай сапаттагы адамдын табылышына ишенүү оор. Учурда ажо болом деп теминип тургандардын катарында Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаев да бар. Бир нече жылдык тажрыйбадан соң бул экөөндө жогоруда айтылгандай сапаттар пайда болду бекен? Кызык, бүгүнкү күндө экөө өздөрүнөн жогорудагы сапаттарды көрүшөт бекен? Элчи?

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МАДУМАРОВГО БАЙЛАНЫШТУУ...

  • “Көпчүлүк чымчыктар дарактын бир бутагында отуруп, андан башкага өткөндө биринчисин унутат. Кыргызстандын саясаты ошого окшош”. А.Мадумаров. 1996-жыл.
  • “Өкмөт колунан келгенине сөз берип, айтканын жасашы керек. Анын ордуна алар бир нече жылдан бери “Кыргызстанды Швейцарияга, кээде Японияга айландырабыз” деп куру убада берип келет”. Ө.Текебаев. 1997-жыл.
  • “Бизде темирдей тартип болмоюнча “экономика өсөт, бурулуш жыл болот” деп айта бергенден өзгөрүү болуп кетпейт. Бизге жакшы чечим алган эмес, чечимди аткарууга кудурети жете турган, бекем жетекчи керек”. А.Мадумаров. 1997-жыл.
  • “Кийинки муундагы жаш саясатчылардын көрүнүктүүсү Өмүрбек Текебаев кимге болбосун оңой жоо эмес. Ал эч кандай тайсалдоону билбей, ар качан сөзүн тайманбай айтат”. “Кыргыз руху”, 1995-жыл, 6-12-сентябрь.
  • “Тележурналист Мадумаров менен депутат Мадумаровдун чоң айырмасы бар. Бирок эфир менен кош айтыша албайм”. А.Мадумаров. 1995-жыл.
  • “Азыркы бийликке “куп” деп колун төшүнө алып ийилген эки жүздүү, позициясы жок, омурткасыздар гана керек”. А.Мадумаров. 1996-жыл.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
19.09.2011. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх, кана И. Раззаковдой инсан болгондо!! Кыргыз элим эчак эле жыргап кетпейт беле. Ушундай жакшы адамды Усубалиев жана ага окшогон айбандар жок кылышты.
19.09.2011. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Усубалиевге тийишпесен. Анын убагында Кыргызстан кандай жашап кандай афтаритеттуу эле тарыхты жакшылап окуп корчу кимдин убагында кыргыздар кандай жашаганын. Окунучтуусу Усубалиев аксакал эгемендиктин президенти болбой калды эгер болгондо кыргызстан Казакстан орто азияда эн алдынкы орунда турмак.Усубалиевге тийишпесен. Анын убагында Кыргызстан кандай жашап кандай афтаритеттуу эле тарыхты жакшылап окуп корчу кимдин убагында кыргыздар кандай жашаганын. Окунучтуусу Усубалиев аксакал эгемендиктин пр
19.09.2011. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Acer, тарыхты сен жакшылап окуп корсончу. Усубалиев коро албастык кылып И.Раззаковго жалган-жалааны шыбап бийликтен алдырган. И.Раззаков учурунда канчалаган завод фабрикалар курулган(За годы его руководства были введены в действие 20 крупных промышленных объектов народного хозяйства. Среди них Лебединовская, Аламединская, Пржевальская ГЭС, заводы "Киргизавтомаш", Ошский электромеханический завод, обувная фабрика. Были построены крупный завод сельскохозяйственного машиностроения им. Фрунзе, высок
20.09.2011. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kalpak, Кайсыл ГЕСти айтып жатасын кайсыл фабриканы айтып жатасын деги? Мен Усубалиев курдурткан обьектилерди фабрикаларды ГЕСтерди санасам санасам айырмасы асман менен жердей болуп кетпесин ыя. Уят болуп кала элегинде Ата-Эненен жакшылап сурап кимдин убагында кандай жашадык эле деп, тарыхты дагы бир барактап туруп жазсан. Макул.
30.12.2018. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Acer,озун афтаритетинди ондоп журо бер саясатта не кыласын
20.09.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tekebaevdi kowumuw bolup ele,Madumarovdu jaman korsotup salysynarda((((
21.09.2011. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текебаев мадумаровтон уч жолу айланса аз
22.09.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мария туура айтасын Текебаевди кошумуш болуп Мадумаровду жаман атты кылып салышат. Шайлоодо Мадумаров утуп чыкса экен Кыргызстанды ушул киши алып кете алат деп толук ишенем.
22.09.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевдай киши,оооой бир жаралат бул жалган дуйнодо
24.09.2011. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мадумаров гана президенттике татыктуу!!!
24.09.2011. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба мадумаров гана президенттике татыктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: