Бир бүркүм... СУЛТАН ЛАУРЕАТ...
№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл
-
Арсенге Съездбек Искеналиев “Эсимде” деген жаңы ыр жазып берди. Учурда ырчы ага эксклюзивдүү клип тартууда.
-
Куудул Жакут Сыдыков быйыл сахнада жүргөнүнө 10 жыл толгонун белгилейт.
-
Курал Чокоев ырчылык менен катар тамадалык кызматка киришти.
-
Кайгылуу ырларды гана ырдаган Гүлжигит Сатибеков “Ошко сапар” деген тамашалуу ыр жаздырды.
-
Актёр Адил Кайыпов комедиялык тасмага тартылууга сунуш алды.
-
Нурайым Азыкбаева жетектеген “Эне-Сай” тобу 15-сентябрда Москвада концерт берди.
-
“Токто, жаным” деген ыры менен таанылган Данияр Эрматов “Экинчи кадам” аттуу тасмада роль жаратууда.
-
12-13-сентябрда «Чубак Сатаев кечээ жана бүгүн» аттуу концерт өттү. Анда Султан Садыралиев Чубак Сатаев атындагы сыйлыктын лауреаты болду.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0