Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Өмүрбек Бабанов, КРнын Биринчи вице-премьер-министри: «МАКСАТЫМ – КЫРГЫЗСТАНДЫ АЛДЫҢКЫ 5 ӨЛКӨНҮН КАТАРЫНА ЖЕТКИРҮҮ»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


Өлкө жетекчилеринин кабылдоосуна жетип, арыз-арман, өтүнүч айтуу карапайым калк үчүн өтө машакаттуу иш. Андыктан Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Супер-Инфодо” түз байланышта болору тууралуу жаңылыкты окурман журтчулугу кубануу менен кабыл алышты. “Өмүрбек Бабановдун деңгээли “Супер-Инфобу?” же “Супер-Инфонун” деңгээли Өмүрбек Бабановбу?” деп тийишкиси келгендер да болду. Адатта, өлкөнүн жетекчилери мамлекеттик гезиттер аркылуу гана түз байланышка чыгып келишкендиктен, бул жаңылык айрымдарга өөн учураган көрүнөт.
Окурмандар менен биринчи вице-премьердин эки саатка созулган баарлашуусунда ар кандай суроолор жаңырды. “Республика” партиясынын түзүлүшү тууралуу сурагандар, каржылык жактан жардам сурап кайрылгандар, президенттикке талапкер болбой калганына өкүнгөндөр жана жөн гана жакшы тилегин айткандар болду.

Мураталы, Бишкек шаары:
– Жакында шайлоо башталып, 22-сентябрда премьер Алмазбек Атамбаев жумушунан кетет. Ошондо анын ордуна өкмөт башында сиз каласызбы?
Өмүрбек Бабанов:
– Ал 24-сентябрдагы өкмөт жыйынында белгилүү болот.
– Таластык деп угам, бирок урууңуз ким?
– Саруунун күркүрөөсү.
– Камчыбек Ташиев менен мамилеңиз жакшыбы?
– Ал киши менен көрүшпөгөнүмө 3-4 ай болуп калды. Кандай десем, экөөбүз сый алакадабыз.

Чынара, Бишкек шаары:
– Бул убакытка чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп келгем. Соңку учурда ден соолугума байланыштуу кара жумуштарды жасай албай калдым. Эки студент жана кичинекей кызым бар. Жумуш берүү боюнча жардам бере аласызбы?
Ө.Б.: – Бул же тиги жумушка орноштурам деп сөз бере албайм. Бирок көмөк көрсөтүүгө аракет жасайын. Алгач резюмеңизди жөнөтүңүз, көрүп чыгалы, анан сизге байланышка чыгабыз, телефон номуруңузду жазып алдык.

Мирбек, Жумгал району:
– Жети пайыздан деген элеңер, тогуз пайыздан берилди. Ошол кредиттин мөөнөтүн 2-3 жылга узартсаңар болбойбу? Анан көлөмүн 200 миң сомдон жогорулатууга да мүмкүнбү?
Ө.Б.: – Коммерциялык банктар 14 пайыздан беришерин билесиз да. А биз эң эле аз пайыз менен кредит берип жатабыз. Ал эми мөөнөтүн узартуу боюнча пландар бар, азыр каралып жатат.
Андан тышкары шайлоонун алдында ипотекалык кредит беребиз дегенбиз. Быйыл 3 жылдык улуттук программанын алкагында бул жагын карап чыктык. Келерки жылдан тарта 10-20 жылдык мөөнөттө ипотекалык кредит бериле баштайт.
– Электр энергия боюнча берген сөзүңөр эмне болду?
– Электр энергияны өз баасында беребиз дегенбиз, бирок конкреттүү баасы белгиленген эмес. Баасын аудиторлор эсептеп жатышат. Эл аралык көз карандысыз эксперттердин эсеби боюнча өздүк баасы учурда элге сатылып жатканга караганда кымбат болуп чыккан. Арзандатуу үчүн энергияны пайдалануудагы жоготууларды азайтуу керек дешти. Өз баасы дагы аныкталат.

Эмилис, Талас облусу:
– Манас районунда Улукман деген лицей бар, алтымыштай бала окуйт. Ачылганына он беш жылдай болуп калганына карабай компьютер жок. Сиз 10-12 компьютер алып берүүгө көмөк көрсөтө аласызбы?
Ө.Б.: – Бул мамлекеттик деңгээл­деги орчундуу маселе. Бирок мен компьютер боюнча жардам берейин. Жакында Таласка иш сапары менен барабыз, ошондо кабарлашабыз сиз менен.

Токтогул, Талас облусунун Жерге-Тал айылы:
– Пенсионермин. Биздин айылдын мектеби урап отуруп, жакында кулаганы калды. 2002-жылдан бери барбаган жерибиз, кайрылбаган адамыбыз калбады. Айылга келип өз көзүң менен абалын көрүп кетпесең болбойт, балам.
Ө.Б.: – 25-26-сентябрда Таласка барам. Мен сизге чалайын, чогуу мектепти көрүп чыгалы. Кандай жардам кыла аларыбызды ошондон кийин ай­талы.

Гүлкан, Ала-Бука району:
– Чоң апам кары киши, пенсионер, үйү жок. Былтыркы жылы шайлоодо сиздердин партияга кайрылдык эле. Бишкектен үй алып берүү маселесин карап көрөбүз дешкен. Сиздердин партиялашыңыздар Исхак Пирматов биздин айылдан болот. Бирок маселебиз дале чечиле элек...
Ө.Б.: – Үй алып беребиз деп убада берген эмеспиз да! Бул маселеңерди карап көрөлү десек керек. Бишкектен биз сиздерге үй алып бере албайбыз. Өкмөт жагынан да ишке ашышы күмөн. Келерки жылы ипотекалык кредит линиясын ачканы жатабыз. Ошол аркылуу сизге жардам берүүгө аракет жасап көрөлү.

Эраалы, Алай району:
– Былтыркы жылы “Республика” партиясынын штабын жетектеп жүргөм. Сизди КСДПда жүргөнүңүздө эле колдочумун. Эмне үчүн президенттикке талапкерлигиңизди койгон жоксуз?
Ө.Б.: – Колдооңузга рахмат. Эгерде биздин партияда иштесеңиз, анда эң маанилүү принциптерибиздин бири – мамлекеттин бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо экенин билесиз. Биз үчүн кызмат, бийлик башкы максат эмес. Коалицияны куроодо да түзүүчү катары премьерлик орунду алсак жарашмак. Бирок дал ушунун айынан бири премьер, экинчиси спикер болом деп жатып биринчи аракетте коалиция куралбай калбады беле. Ошону эске алып, “бириңер премьер, бириңер спикер болгула, биз андан кийинкисине деле макулбуз. Азыр абалды турукташтыруу биз үчүн маанилүү” деп коалиция түзүүгө жетишкенбиз. Берилген сөздү аткаруу үчүн сөзсүз президент болуу керек эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн башка иштер менен деле аракет кылса болот.
– Анда кайсы талапкерге добуш берүүгө чакырасыз?
– Өкмөттүн ишинен тышкары президенттик шайлоо боюнча уюштуруучу комитетти жетектейм. Андыктан аны колдогула, муну колдогула деп айтканым туура эмес болуп калат. Бирок биздин партиянын саясий кеңеши жакында бул боюнча чечим чыгарат. Ошондо талапкерлердин саясий жөндөмүн, программасын карап чыгып, колдой турган талапкерди аныктайбыз.

Улуубай, Өзгөн району:
– Мен өзүм Өзбекстандан келген кыргызмын. Кыргызстанга көчүп келгениме беш жыл болсо да паспорт ала албай жүрөм. Төрт балам бар...
Ө.Б.: – Телефон номуруңузду жазып алдым. Сизге бул маселени чечүү боюнча жакын арада байланышка чыгабыз.

Айнура, Токмок шаары:
– Парламенттик шайлоо алдында “7 пайыздан кредит беребиз” дегениңизде “бизди алдап кетпеңиз!” деп кыйкырган элем. Быйыл ошол кредитти алып, жер иштетип жатабыз. Буюрса, түшүм жакшы. Азыр сизге талаадан чалып жатам. Ыраазычылык билдирип коёюн дедим. Бирок “кредит бир эле жолу берилет, кийинки жылы калат” дешүүдө, бул сөз чынбы?
Ө.Б.: – Эккен эгиниңиздин үзү­рүн көрүп жатыпсыз, ылайым буюрсун. Кредит боюнча айтсак, ал токтобойт. Эмдиги жылы да берилет.

Айданек, Бишкек шаары:
– Президенттикке татыктуу талапкер кандай адам болушу керек?
Ө.Б.: – Элдин башын бириктирген, тышкы саясатты жакшы түшүнгөн, экономиканы билген, элдин сыноосунан өткөн таза адам болушу керек.
– Дагы бир суроом бар. Менин жашым он беште. Чет өлкөдө окууга жардам бере аласызбы?
– Сөз бере албайм. Мектепти бү­тү­­шүңүзгө дагы эки жыл бар экен. Өкмөттө ушундай мүмкүнчүлүк болсо карап көрөбүз, телефон номериңизди жазып алдык.

Айзада, Ош шаары:
– Мен Орусиянын жарандыгын алгам. Ошко жыл сайын жок дегенде эки жолу келип-кетип турам. Оштун аэропортунан өтүп жатканда 90 күн каттоосу жок жүрүүгө болот экен. Бирок кайра учар күнү 90 күн жүрбөсөк деле “катталбапсың” деп ири суммада акча алып калышат. Бербейин десең рейстен каласың, ашыкча түйшүк жаралат. Айласыздан айткан акчасын карматабыз. Өз жерибизде ушундай баш ооруга туш болобуз дайыма. 19-сентябрда дагы Орусияга учканы турам. Ушул маселени карап коюуңуздарды сурайм.
Ө.Б.:
– Аэропорттогу чек арачылар ушундай баш аламандыктарды жасап жатышса... Мен сиздин өтүнүчүңүздү жардамчыларга да жаздырып, белгилеп алдым. Сөзсүз бул баш аламандыкка чекит коёбуз.

Перизат, Жалал-Абад облусу:
– Биздин аймакта жалгыз гана киреше пахтадан түшөт. Андан тапкан тыйыныбыз болгон кирешебиз. Быйыл аябай көп чыгаша болдук эле, бирок баасы арзан болуп жатат. Мындан ары дагы баасы түшөт экен. Сиздин пахтага тиешеңиз бар дешет, чынбы?
Ө.Б.: – Кыргызстандын алыскы тоосунун башында бир гүл сынып калса деле “ушуга Бабановдун тиешеси бар” боло баштады. Менин пахтага эч кандай тиешем да, андай бизнесим да жок. Ал жакта 7-канал деген бар, мени шыбаганды жакшы көрөт. Өзүңүз көрүп жатасыз, мага карата айтылган күнөөлөр аныкталбады. Мени ал телеканалда жаманатты кылдырып жаткандар деле, ал жакта пахта бизнесин кимдер жүргүзүп жатканы деле белгилүү. Бирок өкмөт мүчөсү катары айтып коюшум керек, жакында пахтанын баасы боюнча Айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзөбүз. Анткени бул тармакта кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча бизде да маалыматтар бар. Реалдуу баасын карап чыгабыз.

Айтмакчы, Бабанов түз байланышка чыгарын укканда айрым кызматтардын ичи тардыгы ойгонуп кетти белем, ал күнү кызык окуя болду. Редакциябыздын колдонуусунда бир нече телефондук линия бар. Алар бир канча жылдан бери жакшынакай эле иштеп келет. Кашайып байланышка эки саат калганда, болгондо да элге түз байланыш үчүн жарыяланган телефон линиясы жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле түшүнүксүз себептерден улам бузулуп калбаспы! Аны тезинен оңдотууга туура келди.

WWW.SUPER.KG
САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫНАН БЕРИЛГЕН СУРООЛОР:

Таллас:
– «Айттымбы, аткарам». Ушул сөзүңүз канчалык деңгээлде ишке ашты? Мисалдар менен жооп берсеңиз жакшы болор эле.
Өмүрбек Бабанов:
– Бул сөздү 2008-жылы айткам. Мени көрө албагандар бул сөздү түрдүү бурмалап чыгышты. Кара-Буура менен Манас районуна 2003-жылдан 2007-жылга чейин 32 миллион сом жардам бердим. Буурчактын баасы башында 7-12 сом болчу эле, шайлоодон утуп чыкканда Түркияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвесторлорду алып келип, баасын 25-30 сомго көтөрдүк. Бизде жакшы ишти тез унутушат. Кредиттик компания ачып берем дегем, аны да аткардык. Ага 11-15 пайыздан кредит берип турууга 12 миллион сом бөлдүк. Бирок 7-8 миллиону, тилекке каршы, кайтпай калды. Таластык туугандарым жакшы билет. “Айттымбы, аткарам” деген сөз мен үчүн курч сөз эмес, бул менин принциптерим.
– Ырым-жырымга ишенесизби?
– Жок. Мен ички сезимиме ишенем.

рassionarXXI:
– Жашоодо эң баалуу кеңешти ким берген?
Ө.Б.: – Атам айткан. Ал: «Сөзсүз айткан сөздү аткарыш керек. Досту күтө билүү керек, досту көтөрө билүү керек»,- деген. Менин андай досторум бар, бирок өтө аз.
– Спортко мамилеңиз кандай? Кайсы футболдук командага күйөрмандык кыласыз?
– Адам билимге кандай кызыкса, спортко да ошондой көңүл бурушу керек деп эсептейм. Үч балам бар. Алар билим жагынан кандай сабак алса, спорт жагынан да ошондой сабак алып жатышат. Максат кара курга же бир даражага жетүү эмес, ден соолук, өзүн татыктуу алып жүрүш үчүн. Футболго келсек, испаниялык “Реал” командасына күйөрмандык кылам.

snejinka:
– Башыңызга оор күндөр келгенде кайрылар адамыңыз барбы?
Ө.Б.: – Кыйынчылык түшкөндө жанымда досторум болот. Баарын, албетте, айта албайсың. Мен бул маселеге философиялык көз карашта ойлоном. Ар бир жаман нерсенин артынан сөзсүз жакшы нерсе келет. Аны адам күтө алабы же өзүнөн.

КРнын Биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов мындан ары да www.super.kg сайты
аркылуу окурмандарыбыздын суроолоруна жооп берип турмакчы болду.

Өмүрбек Бабановго окурмандар жана
сайтыбыздын колдонуучулары менен
катар биз да суроо узатканга үлгүрдүк.

– Электр энергиясы боюнча жогоруда суроо-жооп болду. Ошентсе да тактагыбыз келет, анын өздүк баасы толугу менен такталып бүттүбү?
– Өздүк баа: гидроэнергетика, транспорттоо, жоготуулар жана жылуулук-энергетикалык тармактардын кетирген чыгымдары аркылуу чыгарылат. Андан тышкары капиталдык каражат жана кредиттер бар. Буга чейин эл аралык аудитордук компаниянын адистери эсептеп чыгып, азыркы элге берилип жаткан баадан өздүк баасы кымбат деген жыйынтыкты беришти. Биз кайрадан эсептеп чыгалы деп жатабыз. Анын баасы бир гана учурда арзан болушу мүмкүн. Эгерде жоготуулардын көлөмүн азайтсак. Эске алып коюу керек, Кыргызстандагы азыркы баа бардык КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң арзаны.
Соңку 20 жылда эң чоң электр энергия сатуунун көлөмү 2 миллиард 400 миллион киловатт-саат болгон экен. Быйыл бир тамчы да сууну жөн коё бербей, 3 миллиард 200 миллион киловатт-саат ток өндүрүп, аны 2,8 центтен саттык. Баары биригип мындан 87 миллион доллардын тегерегинде киреше түштү. Бул чоң жетишкендик. 20 жыл ичиндеги рекорд. Өткөн аптада Казакстанга барган иш сапарымда Казакстандан газ сатып алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Өзбекстан учурда газдын 1000 кубун бизге 285 доллардан сатса, Казакстандан 185-195 доллардын тегерегинде алууну сүйлөшүп жатабыз. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда мындай келишим буга чейин болгон эмес. Эгер ал ишке ашса, бюджеттен 25-30 миллион доллар үнөмдөлөт. Биринчи вице-премьер ошондой сарамжалдоо алып келип жатса, анда татыктуу иштеп жатат десек болобу (тамашалай күлүп калды)?
– Кыргызстанда парламенттик башкаруунун келечегине ишенесизби?
– Биздеги эң чоң көйгөй бул – шашмалыгыбыз. Бат эле Баш мыйзамды алмаштыра бергендигибиз. Мына, он тогуз жыл бою супер президенттик башкаруу менен жашадык. Анын жыйынтыгында экөө тең качып кутулуп, мамлекет жакыр өлкөгө айланды. Азыр биринчи жолу парламенттик системада жашай баштап, анын жакшы-жаман жактарын анча-мынча көрө баштадык. Жакшы жагы, башкаруунун ачыктыгы. Парламенттеги талкууларды эле алалычы. Мына, мисалы, сот системасын реформалоо боюнча кандай талкуулар жүрдү. Илгери бул маселе бир жолу минтип коомчулук алдында талкууга түшкөн эмес. Мына, “Республика” партиясынан аткаруу бийлигине келдик, бирок төрт жылда биз жакшы иштеп бере албасак, андан кийинки чакырылышта бизди эч ким шайлабайт! Бизге ишенбейт! Бул сөз жок парламенттик башкаруунун оң жактары. Баа берүүгө али эрте. Бул системада жок дегенде 5 жыл жашап-иштеп көрүшүбүз керек.
– “Республика” бул жолку шайлоого катышпай, аны мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу аракети менен түшүндүрдүңөр. Ошентсе да президенттик жарышка катышпай коюу жеке Бабановго же партияга кандай пайда алып келет?
– Биринчиден, партиябызга токтолсом. 20 жылдык Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет бийликтин эмес, оппозициялык партия катары түзүлүп, үч айдын ичинде эле жеңишке жеттик. Кантип утуп чыктык? Анткени буга чейинкилер Кыргызстанды түрдүү аймактарга жана урууларга бөлүп салды. Мен аймактардагы кадыр-баркы бар адамдарды чакырдым. Анын ичинде Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаев жана башкалар бар. Конкреттүү түрдө программаны аныктап, өтө тобокел жол менен чыккан элек. Эгерде аткара албай калсак, эртең бизге ким ишенет деген чоң жүк турган. Биз президенттик шайлоого деле катышсак жарашмак, анда татыктуу орунду ээлеп, жок дегенде экинин бири болмокпуз. Чынында, өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын ичинен биз гана тегиз, түндүк жана түштүктөн бирдей добуш алганбыз. Бирок элдин бөлүнүп-жарылышын каалабадык.
– Кезинде Роза Отунбаевага Жогорку Кеңештеги ордуңузду бошотуп берген элеңиз. Былтыр ал сизге коалиция түзүү тизгинин тапшырды. Ушул эки окуяны бири-бири менен байланыштырууга болобу?
– Мен мандатымды алып туруп, анан Роза Исаковнага жол бошотуп бергем. Бирок эки окуянын байланышы жок. Эгерде Роза Исаковнада ошондой ой болсо, анда коалицияны куроо мүмкүнчүлүгүн «чү» дегенде эле мага бермек да. “Ата Журт” алдыңкы орунду ээлегенине карабастан, коалицияны түзүү укугун алгач КСДПга берди. Кийин “Ата Мекенге” беребиз дешкенде, алар баш тартышты.
– Акыркы жарым жылда сизге байланыштуу көптөгөн жаман-жакшы сөздөр айтылды. Аларга карата реакцияңыз? Же сизде мындай кептерден коргонуучу иммунитет барбы?
– Мен деле бардыгы сыяктуу адаммын. Ар бир кара пиардын сөзсүз таасири тиет. Мурун андай каралоолорго, ушактарга сөзсүз жооп берчүмүн. Коалиция түзүлгөндөн бир ай өтпөй аны уратуунун аракетин кыла башташты. Ал үчүн мага асылмай башталды. Кандай шылтоо бар? Ал шылтоо “Мегаком” болуп чыкты. Мени канча каралашпасын, аягына чейин күрөштүм. Азыр бул компания мамлекеттик казынага 850 миллион сом дивиденд төлөп, анын негизинде мугалимдерибизге, врачтарга жана башка кызматкерлерге айлыктар берилип жатат.
– Иш сапарларга чыкканда катардагы каттам менен учарыңызды угуп калабыз. Бул депутаттардын Малайзияга сапарына байланыштуу чыккан чуудан уламбы же ага чейин эле ушундай иш жүргүзүп келгенсизби?
– Жок, ага байланыштуу эмес. Мен, кайда барбайын, катардагы каттам менен эле учам. Бизнестен келгеним үчүнбү, тыйын санаганды, үнөм эмне экенин билем. Айланама жоон топ кошчу алчу эмесмин, иш сапары болсо деле. Бирок “Москвадан ары Беларуска барып келди” деген ушак чыгарышкан соң мен да жардамчы-кабарчы дегендерди кошуп алпара баштадым.
– Жай аягына чыгып калды. Эс алууга мүмкүнчүлүк болдубу?
– Дем алыш күндөрү гана. 10-12 күн эч ким телефон чалбаса, жаныңда жакшы китеп жана үй-бүлөң болсо... Менимче, эс алуу деп ошону айтса керек. Антип эс алууга мүмкүнчүлүк болбоду.
– Кайсы белгилүү бренддин саатын тагынып, кийимдерин киесиз?
– Байкасаңыз, азыр колумда саат да, шакек да жок. Эркек кишинин антип эле жасана бергенин жактырбайм. Албетте, жакшы саатым бар. Ылайыгы, ыңгайына жараша костюм-шымдар бар. Мен үчүн эң маанилүүсү, кийим таза болсо жетиштүү.
– «Эркек байлыкка, кийин бийликке умтулат. Кандайдыр бир деңгээлде согуш-күрөштөргө да муктаж» дешет. Сиз багындыра элек кандай чокулар калды?
– Тыйын табуу мен үчүн кенен кыймылдаганга, максаттарымды башка нерселерге алагды болбой ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер үй-бүлөңдүн курсагы ток, кийими бүтүн болбосо, кенен иш жүргүзө албайсың. Бийлик негизги максатым эмес. Балким, “баягы эле кооз сөздөр” катары угулушу мүмкүн. Бирок менин максатым – өз өлкөмдү алдыңкы беш мамлекеттин катарына жеткирүү. Ал үчүн бардык аракетти жасайм. Качан жетем, качан иш жүзүнө ашат, бул Кудайдын тилеги менен болсо керек. Ошондой эле элдин колдоосунан, ишениминен да көз каранды.

Эльвира Караева, Шаиста Шатманова
politika@super.kg



Өмүрбек Бабанов "Супер-Инфонун" окурмандары менен түз байланышта, 1-бөлүк

Өмүрбек Бабанов "Супер-Инфонун" окурмандары менен түз байланышта, 2-бөлүк

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
17.09.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды бай мамлекеттердин катарына кошкону аракет кылсанар боло.Кыргызстанды бай мамлекеттердин катарына кошкону аракет кылсанар боло.
SUPER.KG видео
17.09.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо мен да Real Madrid ти жакшы кором.Ronaldo.....
SUPER.KG видео
17.09.2011. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста сиз журналистсиз да.Демек толук кандуу кыргызча суйлоого милдеттуусуз.
Модератор info түзөттү 19.09.2011 18:04
19.09.2011. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы. Мен Баткен обл. Лейлек рай. Арка ороонунон болом, атым Нурмат. Биздин ороондун элдери суу маселеси боюнча аябай кыйналып келет. Насосный станциябыз бузулуп, суу жок, айдаган эгиндерибиз узгултукко учурап жатат, кун ысык 40-45гр. Суу бир жума келип, бир жума келбейт. 20 жылдан бери бир да жардам корсотулгон жок. Суунун жоктугуна байланыштуу, копчулук адамдар кочуп кетип, тажиктер кирип келуудо. Ушуну эске алып, тузотуп берсениздер эл аябай ыраазы болушат эле.
18.10.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bugatti, сиздин сурооңузга жооп берилген. Аны бул шилтеме аркылуу кирип окууга болот http://www.super.kg/article/?article=12765
19.09.2011. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаламу алайкум Омурбек Бабанов.
Эл айтса калп айтпайт дейт, ошондой болсо да мен ишенгенимди же ишенбегенимди билбей турам. Баткен обласын дагы куйучу майдын кымбатташын сизге жана сиздин коллеганыз Аскарбек Шадиевге тиешелуу дейт.. Эми оз кызыкчылыгыныздарды устон койуу бул жигиттин иши эмеско деймин. Баарыбыз бул дуйнодон отобуз, эртенки Аллахтын алдында бееруучу отчетту ойлобойсуздарбы...
SUPER.KG видео
19.09.2011. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы суроолор болуптур, бул адамдын кыйын саясатчы экени баардыгына эле белгилуудур, анын жеке жашоосун кенири чагылдырсаныздар мындан дагы жакшы болмок. Иштерине чон ийгиликтерди калайм! Азаматсыз Омурбек байке!
19.09.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
создору балго
SUPER.KG видео
19.09.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SuperInfo menin jazganymdy chygarbai koiupsunar, Babanovgo jakbai kalgango. Antkeni al chyndyk bolchu Kredit boiuncha
19.09.2011. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурбек токтогулович! саламатсызбы! мен сизге жекече суроо жардам иретиндэ кайрылайын дегем. мумкун болсо Риом-Авто базарында павильондо соода кылган коп балалуу бир уй-булоонун отунучу менен кайрылып жатам.ошол жердин директорубу же управляющийби павильонунарды алгыла деп жатыптыр, ошону калтырып коюга мумкунбу.павильон менен уй-булоосун багып жатышат,ишенби-жекшемби кундору соода кылышып. арендасын убагында толошот.эгер мумкун болсо ушул маселени туура жагына чечип бересизби.рахмат.
19.09.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар ишиниздерге ийгилик! Буга чейин бир да окмоттун силердей иштегедерин коргон эмесмин.
SUPER.KG видео
20.09.2011. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Омурбек Бабанович ..Сизге кайрылуумдун себеби томондогучо :Сиздин АКБ Кыргызстан банкынын "Учкун" филиалынан 2009 ж октябрь айында кредит алган элем,ошол кредитти толоодо былтыркы апрель революциясынан кийин бизнесим токтоп калып кыйынчыктарга туш болдум ,банка коп суммадагы "Пеня" толодум ,азыр ошол кредит октябрь айында бутот дагы эле негизги сумманы жана пеня толоп жатам .Ушул боюнча жардам берип коё аласызбы?.Менин уйумдо жолго коюлган тигуучу цех бизнесим бар 10 адам иштейт.Сизди ж
20.09.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле таттуу создорбу???Бабанов шайлоо алдында Арча-Бешиктеги бир жолугушууда "Мен Арча-Бешикти шаар кылып салам"деген эле кыйкыра убада берип жатып...Озгорууну дале байкай элекмин.Эмне болсо да азырынча ийгилик дей туралычы...
SUPER.KG видео
21.09.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик.
21.09.2011. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa el biylikte ishtegenderge ishenbei kaldy go emi,birok chyn ele Babanovdun jakshylygyn unutpashybyz kerek Talastyktar,ozu aitkndai aitty atkardy,rahmat aga birok prezidenttikke koiso shansy bar bolchu,emnesi bolso da iygilik!!!
23.09.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крассапчик БАБАНОВ ЯТЕБЯ Я ВЕРЮ
25.09.2011. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КРнын Биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов мындан ары да www.super.kg сайты
аркылуу окурмандарыбыздын суроолоруна жооп берип турмакчы болду.
Супер инфо, кана жооп жок ко?
18.10.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bugatti, сиздин сурооңузга жооп берилген. Аны бул шилтеме аркылуу кирип окууга болот http://www.super.kg/article/?article=12765
SUPER.KG видео
25.09.2011. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gaz kachan 2,4 ese arzandayt?
SUPER.KG видео
28.09.2011. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Я считаю что не так уж и сложно прокормить нашу страну.Если правильно воспользоваться теми ресурсами что мы имеем.Киргизия это очень красивая страна.У нас есть И.Куль и очень много других красивых курортных зон.Если правильно вложить деньги на то чтобы создать все условия для туристов думаю даже один И.Куль может поднять бюджет нашей страны.У нас нету условий для туристов, даже я боюсь выходить ночью на И.Куле.Нет нормальной освещений. т.е. деньги остались у меня в кормане, а это минус.
SUPER.KG видео
28.09.2011. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Летом ездил в Кар Шоро.Там очень и очень красиво, но опять же условий которых хотелось бы, там нет. Т.е. вряд ли иностранцы приедут обратно.Надо везде где можно создать условий для туристов и делать рекламу, как это делает Турция, Египет и т.д. у нас не хуже, только нет условий для туристов.И самое главное должна быть хорошая безопасность.Люди сейчас любят отдыхать там где безопасно.Создайте норм-ю команду кот-е будут работать над этим.Кто шарит в этом.Тогда будет работа для народа.И все довольн
SUPER.KG видео
28.09.2011. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Граждане многих стран не знают не только что у нас есть красивые места, но даже не знают что есть такая страна как Киргизия. Хотя после бунта все узнали) это тоже по своему реклама. Вот и еще качество образования у нас очень низкое.Мне грустно видеть как у нас обучают начиная с дет. садика до ВУЗ.Должна быть программа которая 2 раза в год или хотябы 1 раз педагоги сами проходили обучение и переквалифицировались.И это должна быть очень качественно, кто не прошел снижать зарплату, лучшим повышать.
SUPER.KG видео
28.09.2011. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Без качественного обр-я мы далеко не пойдем.Делайте проверку садиков,школ,и ВУЗ как пров-ся уроки.И ставьте туда тех людей которые сами хорошо разбирались.И чтобы это проверка не началась в рест-не с кг пловом и зак-сь бутылкой коньяка. А провести нормальную проверку и еще провести мастер класс и совещание на эту тему с педагогами. Приглашайте по чаще волонтеров иностранцев,это помогает знаю по себе.С образования все начинается, мн.пед.сами бумбум.надеюсь ктонибудь читает это)лан я пошел спать))
SUPER.KG видео
30.01.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо алдында светти оз баасында беребиз деп кыйкырып жатты беле? Билип айттынарбы же билбей айтып алдынарбы?
SUPER.KG видео
22.02.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toybosjigit, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сындар info@super.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.Сайттын жетекчилиги бул жерге калтырылган билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Бирок сизге азырынча эскертүү!
SUPER.KG видео
06.08.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын суйлошу мимикасы медведовго же булар да ырчылар ырчыларды туурагандай буларда туурашабы же
SUPER.KG видео
21.10.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар эмне баяагы эле элди алдамайда тураа так жооптору жок чондорда
SUPER.KG видео
30.01.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек мырза! Абдан жакшы жолдосуз, бирок ар бир жолдун оз багыты бар. Бир багыттын устуно жаны багыт келгенде мурдагы багыт озгорот эмеспи. Бугун дагы мурунку багыттар тунгуйукка кептелип жаны багытка муктаж болууда. Андыктан жаны багыт тандап мына ошол багыттын баасын эмес, анын баалуугун кармап кетсек жанылыштык кылбайт элек. Мен сиз менен таанышмын сизге эч бир козмо -коз жолууга жана элдин келечегине болгон улуу пикирлеримди жол таба албадым. Мумкун болсо озун тараптан кабар берерсин.
30.01.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз Элин Улуу Державалардын катарына кошууга жана ошол эле улуу державалардын башында тураарына ишенем жана ал аракеттин аркасында болмокчу. Менин кубанганым бул улуу ишти кандайча жол менен ишке ашаарын билем. Америка, Россия, Кытай жана Кыргызстандын ортосунда зор чон келишим тузулуп, Россия торт державанын башына келет дага Кыргыз эн башкы жол корсотуучу улуу держава болуп калат. Ооба, бул болот. Ал учун Улуу Ишти Улуу Тушунук менен баштообуз керек, Омурбек Мырза.
30.01.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досторунуз аркылуу жолуугуга жол издедим, бирок жол болбоду. Эмнеге андай болуп жатканына тушунбодум. Эгер мумкунчулук болсок жолугуп коп нерсени эл учун талкуу кылсак. Айтаар жана билдиреер ойлорум жана аманаттарым бар эле. Бакыт
30.01.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Омурбек Бабановду сыйлайм.. таза иштейт. Биздин бийликке Омурбек мырзадай атуулдар керек
SUPER.KG видео
11.02.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек иним бир нече жолу кайрылдым,эч жооп жок, Мен озум учун эмес элдин койгойу жана мына ошол койгойдон чыгуу жолдору жонундо кайрылдым эле. Кеменгерлик, акылмандыкты эл менен болсон, эл акылын ала алсан жаратат эмеспи адам озуно, бир жолугушуп козмо -коз маектешсек жакышылыгы болбосо жамандыгы болбойт эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: