Т.Абдраимов: «ПРЕЗИДЕНТТИККЕ 32 ТАЛАПКЕР КАЛДЫ»
№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мамлекет башчынын кызматына ат салышкандардын саны 32 болгонун билдирди. 80ден оогон талапкерлердин саны күндөн-күнгө азаюуда. “15 талапкер шайлоо фондун ачпагандыгы үчүн тизмеден алынган. Ага чейин 32 талапкер БШКга 30 миң кол топтоп келбегендигине байланыштуу четтетилген болчу. Азыр колду текшерип чыгуу боюнча иштер уланууда”,- дейт төрага. Баса белгилөөчү жагдай, талапкерлердин саны мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүп жаткан сынактан кийин да кыскарышы ыктымал.
15-сентябрь күнү Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев президенттикке койгон талапкерлигин алып салгандыгын жарыялады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1
колду кайдан чогулту экен шайлай турган тургундар россияда журушсо