«СУПЕР-ИНФО» ЧЕМПИОНДУККА АТ САЛЫШУУДА
№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл
17-сентябрда баш калаада мини-футбол боюнча “Дордой” ассоциациясынын 20 жылдыгына карата мелдеш башталды. Мелдешке аттанган 26 команданын ичинде “Супер-Инфо” курама командасы да бар. Командага редакциянын кызматкерлери менен жакында аяктаган “Супер-Инфонун” кубогунун вице-чемпиону, www.super.кg сайтынын колдонуучулары кирди.
Чүчү кулактын негизинде “В” тайпасынан орун алган «суперчилер» 1-турда балбандардан куралган “Шахи-Ойл” командасына жеңилип калды. Тайпада 13 команда болуп, алдыда дагы 11 оюн орун алмакчы. Оюндар ар аптанын ишемби, жекшемби күндөрү өтүүдө. Мелдештин байге фонду – 50 миң сом. Бизге ийгилик каалаңыздар!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0