Уялчаак, жөнөкөй, жоош, сакадай бою сары алтын деп көпчүлүк баа берип келген бир ырчы жигитибиз бар. Сөз Ильяз Абдыразаков тууралуу боло турганын аңдап жаткандырсыз. Биз ошол кара тору жигиттин үйүндө конокто болдук.

Ильяз Абдыразаков:
“ОПЕРАЦИЯДАН КОРКУП КАЧЫП КЕТТИМ”
– Ильяз, өткөндө ден соолугуң начарлап, анан ооруканага алып барса, качып кеткен экенсиң...
– Суук эле тийип калган окшойт. Врачтар «сокур ичеги» деп диагноз коюшуп, операция жасаш керек дегенинен качып кеттим.
– Анан азыр ден соолугуң кандай?
– Жакшы эле.
– Жаш болсоң да заңгыраган үйлүү болууга жетишиптирсиң...
– Бул үйдү 2009-жылы сатып алгам. Негизи, башында студия кылсакпы деген максатта алынган. Анан оңдоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин жашап калдык. Өзүңөр көрүп тургандай, короо-жай, бөлмөлөр да тар. Аламүдүн районунда жер тилкебиз бар. Буюрса, ошол жакка чоң үй салууга даярданып жатабыз.
– Курулуш иштерине кандайсың?
– Апам айтат, багбанчылык жайың бар болчу деп. Азыр деле бак-шак өстүрүүгө шыктуумун. Ал эми курулушта колдон келген нерселерди кыла коём. Бирок убактымдын 99 пайызын чыгармачылыкка коротом. Учурда концерт берем деп чамынып жатам. 23-24-сентябрда концертке келип кеткиле.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
Iliyazga uibulooluk bakyt jana iyigilik kaalaim!!!