Башы бош, жүрөгүндө эч кимдин аты жазыла элек ырчыларды чогултуп, оюн уюштурдук. Оюндун каармандары кыздардан Жаным Айзат, Малика Дина, Чолпонай, ал эми жигиттерден Арман, Ильяз Андаш, Курал Чокоев болду. Алар ар кандай сыноолор, таймашуулардан кийин өз түгөйлөрүн табышты.
Алгач бойдоктор ар бири өздөрүн тааныштырып,
анан жүрөгүн кандай адам багындыра аларын кенен айтып беришти.
Үч кыз тең шайыр, күчтүү, шамдагай балдар жагарын айтышты.
Бул жагынан кыздарыбыздын табити бирдей чыкты.
Ал эми жигиттер кыздардын үй тиричилигине тың болушуна басым жасашты.

Бахияна Сатылганова, Перизат Музуратбекова
star@super.kg