Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаевдин айынан жол кырсыгында каза тапкан Талгар Турдукеев жана Жайнак Мурат уулунун ата-энеси сотко берген арызын кайтарып алышты. Медициналык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде набыт болгондордун өлүмүнө Азамат Исаев күнөөлүү деп табылган.
Учурда мэрдин баласына каршы ошол жол кырсыгында жан берген Алтынай Турусбекованын ата-энесинин арызы калды. Эске салсак, 15-августта Бишкек-Торугарт автожолунда Азамат Исаев айдаган Toyota Land Cruiser Audi унаасын сүзүп, үч жаш адам каза тапкан болчу.
Негизи кылмыш кылган адам мыйзам боюнча жазасын алуусу керек, аны эч кандай кечирим жоопкерчиликтен бошотпошу керек.
Аллахтан кечирим сурасын ошол мэрдин баласы омуру откончо. Жон эле кырсык болсо бир жон, бул жерде куноолуу адам бар. Кантип жоопкерчиликке тартпаш керек...???
Сен озунду балдарын жоготкон ата-эненин ордуна коюп корчу...
Келгиле анда баардык нерселерди кырсыкка туртуп коюп журо берели чардап... Азамат Исаев "встречная полоса"га чыкпаганда, КЫРСЫК болбойт эле, гулдой болгон жаш балдар тируу журмок...