Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Шайыр Касымалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «КЫЗДАР, ЭЧ КАЧАН КӨҢҮЛДӨШ БОЛБОГУЛА»

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл


Эл ичинде “артисттердин эле жашоосу жыргал. Жасанып алып, эл алдында ырдап-чоордоп жүрө беришет” деген кептер айтылып жүрөт. Бирок жылдыздар да жеке жашоосунда сиз менен биз катары тагдырдын сыноолорун башынан өткөрүшөт.

“БАЛЫКЧЫНЫН БОЗ АЛА ЧАҢЫ, АЙ!”
– Мен Балыкчы шаарында артисттердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгендиктен, бала чагымдан эле артист болом дечүмүн. Иним Бакыт экөөбүз атам менен апамды ээрчип алып сахна артында чемодандын ичинде уктап, ага батпай калганда аны жаздык кылып жазданып жүрүп чоңойдук. Кийин алар Нарын театрына чакырылып, биз таенемдин колунда калдык. Мен 10 жашка чыкканда Фрунзеге көчүп келип, азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына ишке орношушкан. Атам өтө таланттуу актёр эле, апам болсо бизге да, жумушка да жетишүү үчүн актрисалыкты таштап, ошол күндөн бери гримдөөчү болуп иштеп келет.
Ата-энем пикир келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен. Апам бизди өтө оор кыйынчылык менен чоңойтту. Жалгыз бой калганы аз келгенсип, эки баласы тең жаш. Убактысына карап эки-үч жумушта иштечү. Түнкүсүн кийим токуп сатар эле. Секелек куракка жетип калгандыктан, мага да үйрөтүп койгон, сабактан кийин түнкү саат 3-4кө чейин уктамай жок. Экөөлөп отуруп кийим токуйбуз. Мени алаксытыш үчүн сонун жомокторду айтып бечү.
Балалык дегенде эле Балыкчыдагы бактылуу курагым менен Фрунзедеги кыйын турмуш эске түшөт. Азыр да Көлгө барганда Балыкчы шамалдан улам бозоруп, чаңы асманга сапырылып жатса да, жаан төгүп жатса да мага бейиштин төрүндөй көрүнөт. Бала кезде күн канча суук болбосун, барып көлгө бир чумкуп чыгууну жактырар элем. Эх, Балыкчынын боз ала чаңы, ай! Ошол күндөрүмдү сагынам.

“ТУРМУШКА ЧЫГУУГА МАЖБУР БОЛДУМ”
– Бой жетип, студент болчу күн да келип жетти. Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайынан билим алуу бактысы маңдайыма жазылыптыр. Окуп калдым. Сабактар эң жогорку деңгээлде, кызыктуу өткөндүктөн, канчалык ооруп, дене табым 38 градус болуп жатса да сабакты калтырчу эмесмин. Тилекке каршы, 2-курста курсташым Абдумалик Шерматовго турмушка чыктым. Өзүнө ишенбегендир, мага асылып жүрүп, зордук көрсөткөнгө чейин барды. Мени күчкө салып турмушка чыгууга мажбур кылды. Кыз баланын табияты ошондой экен, көнүп кеттим. Күндөр өтүп, ал адамды мен да сүйүп кете алдым. Көп өтпөй жарык дүйнөгө эң кымбат адамым – кызым Мээрим келип, эне да болдум.
Окуубузду аяктагандан кийин бул жакка келип ишке орношуп калдык. Кызымды иним менен апам чоңойтуп жатышкан. Кыйынчылык турмуш ошондо башталды. Үй-бүлө, кайын журт, бала, жумуш дегендей. Баарынан да кыйыны жолдошумдун өтө эле кызганчаак болуп, себепсиз шектене бергени болду. Анча-мынча аялдар жеген күйөөнүн таягынан мен деле куру калган жокмун. Кол көтөрчү болгондо андан ары чыдай албасымды билип, ажырашып кеттим.

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫК...”
– Кудай берген талант элден өзгөчөрөөк, бир аз бийигирээк болсо, бут тосуулар болот экен. Анын баарын жеңдим, азыр да андайларды жеңип келатам. Апам айтар эле, «болсоң эң алдыңкы актриса бол, болбосоң орто заар болуп театрда иштебей эле кой» деп. Бирок мен ойлойм, театр, кинодо мен өз ордумду таба алдым деп.
Кино жаатында эң биринчи ролум маңдайыма жазылган бактым экен, Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасы боюнча тартылган “Куш өмүр” тасмасындагы Сейденин образы болду. Андан бери аздыр-көптүр тасмаларга тартылып эле келем. Ал эми спектаклдерде студент кезден бери эле ойноп жүрөм. Театр сахнасында көксөп жүрүп жеткен образым Жульеттанын образы, ал эми таптакыр каалабай туруп ойногон ролум “Майраш” спектаклиндеги Майраштын ролу болду.

“ЖАЛГЫЗДЫК...”
– Ажырашкандан кийин жалгыздык менин жүрөгүмдү биротоло ээлеп алгандай болгон. Апам, иним жана кызымдын жардамы менен ал кыйынчылыкты жеңип кете алдым. Ошол кезде “экинчи турмушка чыкпайм. Андан көрө дос күтүп алып эле жашай берем” дегем. Антип да жашап көрдүм. Көрсө, ошондо оозумдан чалыныптырмын. Чыныгы тозок ошол экен. Сен экинчи сорттогу, четтеги адам катары саналып калат экенсиң. Бирөөнүн досу болуп жүргөн аялды поезддин станциясына окшоштурам. Поезд өз жолу менен баратып станцияга бир токтоп кеткендей. Ооба, ал сени сүйөт, ооба, сага чын дилинен мамиле кылат, бирок анын жашоосу башка жакта өтөт. Ал жашоодо сен жоксуң. Бул аялзаты үчүн бакыт эмес. Бир күнү мындай турмуштун дагы мага кереги жок экенин түшүндүм. Жылдарымдын көбүн өткөрүп жибериптирмин. Азыр ал күндөрдү эстесем, туура эмес кылганымды туям. Ошентсе да ал адам менин кызыма өз кызындай мамиле кылганына ыраазымын. Заманыбыздын кыз-келиндерине айтар элем, эч качан, эч качан андай жолго түшө көрбөгүлө. Андан бир гана кайгы-муң табасыңар.

“АЗЫРКЫ КҮНДӨ...”
– Кызым турмушка чыккандан кийин үйдө жалгыз калганыма байланыштуу үйүмдү сатып, апам менен инимдин үстүнө көчүп баргам. Жолдошум жок болгондуктан, иним Бакыт мага ата катары да, бир тууган катары да, күйөө катары да кеңешин берип, жөлөк-таягым болуп келет. Бакыттын балдары да мага жашоонун башкача кызыгын тартуулап келишет. Улуусу мени Шайырка десе, калган экөө чоң мама дешет.
Улуу неберем Темирлан үч жаштан ашты, ал эми экинчи наристесин кызым Мээрим мына үч-төрт күн мурун гана жарык дүйнөгө алып келди. Бала туура эмес жатып калгандыктан, операция жолу менен көз жарды. Ошол себептен ымыркайды төрөлөрү менен менин көкүрөгүмө жаткызышты. Мен ага ырдап бердим, аны менен сүйлөштүм. Айтор, эң бактылуу көз ирмемдер өтүүдө.

“ТУРМУШКА ЧЫГАР КҮНҮМ ЖАКЫН ДЕП ОЙЛОЙМ”
– Жалгыз бой аял болгон соң, анын үстүнө элге таанылып калгандан кийин турмушка чык деген сунуштар өтө эле көп болот экен. Экинчи аял болууну сурагандары канча. Андайды элестете да албайм. Турмушка чыкканда балалуу болосуң. Анан Жаңы жыл күнү ал адам өз үй-бүлөсү менен болсо, экинчи жубайына эртеси келет да. Мындайда бала эле кыйналып калат эмеспи. Анын үстүнө бирөөнүн көз жашынан бактыңды кура албайсың демекмин. Турмуш деген оюнчук эмес. “Жети өлчөп, бир кес” деген бар да. Көп жылдардан бери өлчөп эле келатам, бирок таптакыр кесе албай койдум. Турмушка чыгар күнүм жакын калды окшойт деп ойлоп калам. Жакшысы, аны болгондон кийин “мен баланчага турмушка чыктым” деп айтайын.

“АЯБАЙ ЫЙЛААК ЖАНМЫН”
– Кичинемден эле аябай ыйлаак жанмын. Ата-энемдин ажырашуусуна, өзүмдүн үй-бүлөмдүн бузулганына, театрда мен ойногон каармандардын тагдырына кайгырып ыйлап эле келем. Бирок керектүү жерде кайраттуу болуу колумдан келет.
Сулуулукту, жаштыкты сактап калуум керек деп жанымды карч урбайм. Кудайдын берген сулуулугуна, талантына тобо деп эле келем.
Жан дүйнөмө азыкты Тоорат, Инжил китептеринен алам. Бул китептерди кайталап окуудан эч тажабайм. Анан да бош боло калганда бала кезимден калган дагы бир шыгым – кийим токуу. Өз жакындарымдан тышкары кээде сурангандарга токуп берип коймоюм да бар. Бизнесим, материалдык жактан ашыкча каражатым жок. Кара тер менен тапкан маянама эле жашап келе жатам.

Чолпон Сүйүнбаева
lira@super.kg



Менин дүйнөм - Шайыр Касымалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(75)
SUPER.KG видео
31.10.2011. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sizge ar daiym iygilik. Aiabai suluu eje maga jagat.
31.10.2011. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok инисинин балдары чон апа деши кажет эмес,эже дегендин ордуна чон мама дегендери эн сонун.Алар али кичине да,негизгиси эжекебиздин ичи жылып атканы байкалып турат.Бактылуу болунуз Шайыр эже!
31.10.2011. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgkoenek, Mama, Papa, Shkol dep nukura kyrgyz tiline tukurup jatishat da...
31.10.2011. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодца! Шайыр эже жолунуздан тайбаныз, алга сизге.
31.10.2011. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сулуу эжебиз! Бактылуу болунуз!
31.10.2011. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх ,аябай суктанам сизге!Сиз Азаматсыз!
31.10.2011. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunus, dagy alban iyigilikter koshtosun! Chynynda Kuran okusanys,ichki duinonusdun boksorgon jerin toltura alasyz dep ishendire alam.
31.10.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз абдан акылдуу жана сулуусуз албетте бактылуу болунуз
SUPER.KG видео
31.10.2011. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куруп берген маеги аябай маанилуу, кызыктуу. оз жумушуна кылган берилген мамилеси аябай жакты ..ийгилик сизге!!!! кээ бир кинокадрларды кошуп койсонор болмок репортажга, особенно тетрда жараткан рольдорунан-коро электер учун!
31.10.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cиздин "ЖАЛГЫЗДЫК " ДЕГЕН МАЙЕГИНИЗГЕ АЯБАЙ ТААСИРЛЕНДИМ РАХМАТ СИЗГЕ !!!
31.10.2011. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu adamdyn tagdyry taiky b-t degen chyn okshoit da....Aialzatyna tiesheluu baardyk bakytty kaalaim!!!
01.11.2011. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр эже жан дуйнонузду окурмандарга кенен ачып бергенинизге рахмат!
01.11.2011. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жузунуздон сулуулук,журогунуздон жылуулук кетпесин!Бактылуу болунуз,талантынызга ТААЗИМ!
01.11.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол, Шайырка! Кино отот-кетет, жанында жакынын болбосо турмуштун кызыгы эмнеде
01.11.2011. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaiyr eje siz musulman bolgonduktan kuran kitepterin okuganynyz durus bolot.
SUPER.KG видео
01.11.2011. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kagylayin ADMINDER koro albay koydum bir da video!degi bugun emne bolgon superge!
01.11.2011. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаланы жакшы эле окуп келатып "Жан дүйнөмө азыкты Тоорат, Инжил китептеринен алам "деген создорго келгенде чочуп кетип,жакамды кармадым, бул адамга болгон симпатиям заматта жок болуп кетти,демек улгу алууга болбойт.Бактылуу болгунуз келсе, анда ыйык Куранды окунуз жана тооба кылыныз
SUPER.KG видео
01.11.2011. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
неге Ислам дининен Хрестиян динине отуп алдыныз?Инжил окугандан коро куранды окубайсызбы?Берген интерьюларыныз кыздарга эч кандай тарбиясы жок кудай сактасын биз инжил торан китептерин окубайбыз!
SUPER.KG видео
01.11.2011. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайыр Касымалиеванын аурасы эмнеге начар болуп калган десем, туура эмес динге отуп кеткен турбайбы.
01.11.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз мусулман болгондон кийин Тоорат, Инжил китебинен жан дуйнонуздун азыгын алганынызды айтпай эле койсонуз болмок экен. Ал эми эже сизге чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
01.11.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динде зордуктоо жок, ар ким каалаган намазын окусун! Эң башкысы бул дүйнөдө таза адамдык касиети менен башкаларга үлгү көрсөтүш керек. Мен мусулманмын деп төш каккандар эмне үлгү көрсөтүп жыргатты? Паранжы жамынып алып ыплас ишке баргандар азбы?! Инжил окуса да, адам катары өзүн көрсөтө алса болду.
01.11.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында той болсо,тойдун эртеси да болот,эртесинин эртеңки күндөрүндө "бактылуу болуңуз"!!!
Сиз кыргыз элине эмгек сиңирдиңиз.Эми өзүңүздүн бактыңыз жөнүндө көбүрөөк ойлонгонуңуз дурус!
Мен жаш бала катары сизге акыл үйрөткөндөй болбоюн:бирок мусулман болгондон кийин мусулмандай эле жашаш керек!..каттуу тийсе кечиресиз!
01.11.2011. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musulmandardyn baary ele baktyluu beken,ar kim ozunun jan dujnosuno jakyn nersege umtulat da,musulman kujoosu sabap jatsa,loveri da musulman bolso kerek.Alardan bakyt tapkan jok,mumkun oshol uchun bashka dindi tandagandyr.
01.11.2011. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgkgz?мисал келтирсениз эмнеси менен бурмаланат экен,биздин пайгамбарыбыз дал ошол китептерди коп окучу библия китебин дагы окуп И
01.11.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иса пайгамбарды сыйлачу,болор болбос нерсеге жабышпай ток этер жагын жазбайсынарбы
01.11.2011. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр эже,супер инфо жамааты,силерге чооооон чооон суранычым бар,аябай чон,мен коптон бери бир ырды издеп жургонмун,корсо ал ырды Шайыр эженин кызы аткарат турбайбы "Эдем алмасы"н,кайдан жуктоп алууга болот?
01.11.2011. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rooshan, http://www.super.kg/media/?type=video&id=1035 бул шилтеме аркылуу кирип көрсөӊүз. Издегениӊиз ушул болуп жүрбөсүн.
SUPER.KG видео
01.11.2011. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
achylbai jatat
SUPER.KG видео
01.11.2011. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Atabekovdon dele intervju alyp,kaisyl jerde jashaaryn korsotup koigulachy please
01.11.2011. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга аты белгилуу актрисалар Таттыбубу Турсунбаева,Б.Кыдыкеева эжелерибиздин жолун улаган,искусство онорунон ордун тапкан Ш.Касымалиева эжекебиздин иштерине ийгилик!!! Жеке турмушун кандай откорот же озгортот ал озуно гана тиешелуу!!!
01.11.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахна кишиси болгондон кийин кандай китеп окуп (китай,араб,орус) жан дуйносун сугартат озу билет да.Мумкун булар аткарган ролдоруна таасирин берет.Искусствону тушунбостон ар кандай сын айткан туура эмес болот го.Эн негизгиси мусулман экенин унутпаса!
SUPER.KG видео
02.11.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге 2-3 кундон бери сайт кээч ачылып анан видеолор корсотпой жатат катып катып
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: