Жакында Европада 2 жылга созулган “Евро-2012ге” тандап алуу оюндары аяктады. Эми ыргымай оюндар башталуу алдында турат. Эреже боюнча, 9 тайпада 1-орунду ээлеген командалар жана уюштуруучу 2 өлкө континенттин чемпиондугуна жолдомо алышты. Алар: Украина менен Польша (кожоюн катары), Германия, Орусия, Италия, Франция, Голландия, Греция, Англия, Дания, Испания жана тайпада экинчи болгон командалардын ичинен мыкты натыйжа көргөзгөн Швеция. Башкы жаңылык катары Португалиянын өз тайпасында экинчи болуп калганын айтсак болот.
Калган 4 жолдомо 8 тайпада 2-орунду ээлеген командалардын ортосундагы ыргымай оюндарда чечилет. Чүчү кулактын негизинде төмөнкүдөй жуптуктар аныкталды. Алгачкы оюндар 11-12-ноябрь, ал эми жооптук оюндар 15-ноябрда өтөт.
Хорватия – Түркия
Португалия – Босния
Чехия – Черногория
Ирландия – Эстония
ЭСКЕ САЛСАК...
-
10 оюндан 30 упай топтогон Германиянын натыйжасы тандап алуу оюндарында мыкты деп табылды.
-
Англиялык Уэйн Руни Черногория менен болгон беттеште эреже бузгандыгы үчүн оюндан четтетилип, “ЕВРО-2012нин” 3 оюнуна катыша албай турган болду. Бул Руни тайпалык баскычка катышпайт дегенди билдирет. Эгерде Англия "ЕВРО-2012де" тайпадан чыкпай калса, мелдеш толук бойдон Рунисиз өтөт.
-
Ошондой эле Сыйкырчы аталган машыктыруучу Гус Хиддинк Түркияны "ЕВРО-2012ге" алып чыгуу үчүн Хорватияны утушу керек. Ал эми учурдун №1-гламурдук футболчусу, португалиялык Криштиану Роналдуда (лакап аты – Ронни) мелдешке чыгуу үчүн Боснияны утуу кыялы турат.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg