БШК «ЖАНСЫЗДАРДЫН» ФАБРИКАСЫНА АЙЛАНДЫБЫ?
№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
Былтыркы жылы шайлоого карата 2 миллион 850 миңдей кишиге бюллетень чыгарылса, бир жылдан кийин добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллиондон ашып кетиптир. Айырмачылыгы 150 миңден ашуун кишини түзүүдө. Булар кайдан пайда болушту?
Эки-үч ай мурун Борбордук шайлоо комиссиясы 2 миллион 852 миң 751 шайлоочу бар экендигин айткан эле. Бирок президенттик шайлоо жакындаганда катталгандардын саны 3 миллион 34 миң 75 адамга жеткени белгилүү болду. Эки-үч ай аралыгында эле добуш берүүчүлөрдүн саны 150 миңге көбөйгөнү жазуучу Николай Гоголдун “Өлүк жандарына” окшоп жатат.
Ал эми бюллетендин узундугу былтыркынын тең жарымын түзөрү айтылууда. 29 партия катышкан парламенттик шайлоодо анын бою 70 сантиметр болгон. Бул сапар 23 талапкердин аты жазылган бюллетень 34 сантиметр экенин адистер билдиришет. Бюллетенге аты жазылып калганына карабастан, артты карай тайсалдагандар дале чыгууда. 27-октябрда БШК Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов жана Жумабек Токтогазиевдин талапкерлиги алынып салынгандыгын кабарлады. Ошентип, ажолукка ат салышкандардын саны 16 талапкер менен токтоду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1
саны "3 миллион 34 миң 75 адамга
" жеткени белгилүү болду.
Шайлоого катышкандан катышпаганы(тизмеде жок болуп)көп болду!Анан ким уверенно айта алат шайлоо таза өттү деп!