Жаңы ажонун аты аталгандан бери Ак үй менен Көк үй биригип, жаңыдан жилик бөлүшмөй, «бапке» соода башталды. Алмазбек мырза го президент болот, эми анын ордуна ким барат? Убактылуу өкмөт башчысынын «креслосуна» кожоюндук кылган Бабанов канчалык тырышып иштебесин, аны Бишкек шаарынын мэрлигине барат деп жатышат. КСДПнын бараандуу «көзүрлөрүнүн» бири Иса Өмүркулов андан ары көтөрүлөт имиш. “Ак шумкардын” лидери Темир Сариев шайлоодон баш тартканында мандем бар да, андыктан аны вице-премьерлик же Каржы министрлигине «кудалап» отурушат. Ушул эле кызматка Марат Султановдун да барып калышы ыктымал. Аликбек Жекшенкулов ТИМдин тизгинин тартса, Өмүрбек Текебаев спикерликти мелжеп жатыптыр. Баткендин губернаторлугун чанган Адахан Мадумаровго Ысык-Көл же Чүй облусунун губернаторлугу сунушталат имиш.
Ажоону жандагандарга уча тартылып,калгандары сөөк кемирет.
Маскөөдөгү ажоого үгүт кылгандар 100 пайызга жакшы иштеп турушту,шайлоого келгендерди-жайлоого келдиңерби артка кайткыла деп!
Кыргызстан дейин десем акаевден калган дейт, ак жол дейин
десем бакиевчи дейт, ата-мекен учун дейин десем текебаевчил
дейт жалпы жонунан Кыргызстандын биримдиги учун дейин десем
мындай дагы партия бар экен жон гана Кыргызстан дейин десен
Барктабасовдун кишиси дейт жинин келип намыс учун дейин десен куловчу дейт жонокой жаран катары дос суйлош кыйын
болуп калды. ден-соолук учун, кыргыз элинин келече