Ак үйдүн тушунда биринчи ирет жагымдуу маанайдагы акция уюштурулуп, ал президент
Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирүү үчүн жасалды. 1-ноябрда өткөрүлгөн бул акциянын уюштуруучусу –
Сергей Макаров аттуу адам. Президент айымды өлкөдөгү катаал кырдаалда татыктуу бийлик башчы боло алгандыгын сыйлаган жарандар Ак үйдүн алдына бир күн бою роза гүлүн алып келип жатышты.
Соңунда роза гүлдөр менен жазылган “Рахмат, Роза!” деген сөз пайда болду. Орусча жазылганы айрымдардын сынына да учурады. Бул акция Роза айымдын көңүлүнөн четте калган жок.
“Мен акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларга ыраазычылыгымды билдирем. Мага президент катары ушундай сый көрсөткөнүңөргө аябай таасирлендим”,- деди ажо айым.
Эске салсак, 31-декабрда анын президенттик мөөнөтү бүтөт. Ал Кыргызстандагы алгачкы айым президент болуу менен бирге алгачкы жолу бийликти тынч өткөрүп берген башчы катары тарыхта калмакчы.

Себеби:спасибо деген 7 тамгадан туруп көбүрөөк роза кетет экен.Ал эми рахмат алты эле тамгадан турат.Розница бар да ээ?
Сенин чөнтөгүңөн чыгым кетип жатабы же роза алып келдиңби деген суроо болушу мүмкүн?...болсо боло берсин!
;))))))))))))))))
Бул инсандын аты тарыхта алтын тамга менен калат!!!
Ал эми рахмат деп кыргызча жазса болмок.