2011-жылдын 16-октябрында “Тумар” радиосунда үн режиссёр болуп иштеген Жаныбек Айдаралиевди белгисиз бирөө сабап кеткени тууралуу жазганбыз. Жаныбек ошол күндөн бери өзүнө келбей, жандандыруу бөлүмүндө өлүм менен таймашып, жашоо үчүн күрөшүп жаткан. Ал өзүнө келбеген күндө да, жүрөгү согуп, жашоо белгисин берип турган эле. Бирок жаш жүрөк чарчап, ажалга моюн сунду.
9-ноябрь күнү кечке маал анын каза тапканы тууралуу “Тумардын” жетекчиси Алексей Сидоров билдирди. Жаныбектин сөөгү ал туулуп-өскөн Нарын жергесине алынып кетти.
“Супер-Инфонун”, “Тумар” радиосунун, “Пирамида” телеканалынын жалпы жамааты Жаныбектин жакындарына, жубайы Айжан Кулибаевага (ди-джей Алина Баженова) терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаныбек, жаркылдаган жигит элең, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

Аа..мүмкүн акча берип өлтүргүзүп койгондур деген ой келет!
Жаткан жери жайлуу
Топургы торко болсун!
Жаныбек, абдан жакшы киши эле. Жаратканга керек болсо керек! Жакшы адамдарды тез алат деген ушу белем. Жаткан жери жайлуу болсун
Jurok syzdap, kala berdik okunup.
Bolot emi senin jaiyn beyishten,
Yraa korup Allah taalam buiurgan!
Alat bir kun Maksat dagy jazaasyn,
Korup turat Alla taalam baarysyn.
Konul aitam senin jakyn jandaryna,
Allahym jazgan eken uwu kundu mandaiyna...