21-ноябрь күнү “Тумар” радиосунун үн режиссёру, маркум Жаныбек Айдаралиевдин жакындары Башкы прокуратуранын алдында митинг өткөрүштү. Алар прокуратурадан иликтөө процессин тездетип, кылмышкерди таап, камакка алууну талап кылышууда.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси
(бейбаштыктын негизинде адам өлтүрүү) боюнча кылмышка шектүү деп күнөөлөнүп жаткан Максат Эралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу чечим чыгарылган. Буга чейин Максат Эралиевге издөө жарыяланган эле. Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө болжолдонуп жаткан кылмышкер фамилиясын Аскарбеков болуп өзгөртүп алганы билинди. «
Айыпталып жаткан Максат Эралиев фамилиясын өзгөртүп, 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган Аскарбеков Максат Аскарбекович болуп калган»,- деп билдирет Башкы прокуратура. Кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу маалыматтар учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын көзөмөлүндө. Фамилиясын өзгөрткөнүн го түшүнөбүз, бирок туулган жерин жана туулган жылын өзгөрткөндүгү үчүн паспорт столунда иштегендер да жазасын алар бекен?
Жаныбектин жубайы Айжан Кулибаева (
Алина Баженова): “
Кылмыш иши козголгондон бери 34 күн өттү. 3 тергөөчү алмашты, бирок эч кандай жыйынтык жок. "Мына кармайбыз, эртең кармайбыз" деп эле жүрүшөт. Менин оюмча, аны жогорудан бирөө калкалап жатат. Атасы прокурор, апасы сот болуп иштеп, майлуу-сүттүү орундарда отурган тааныштары бар экен. Алар тергөө ишин үзгүлтүккө учуратууга бүт аракетин жасашууда”,- дейт.
Жаныбектин жубайы талыкпай тигилерди турткулоп турбаса, бул иш да комускодо калышы мумкун...
Ажалга тике кара деген.
Сталин:
Генералды,солдатка алмаштырбайм деген.
Темага келсек:
Ата-Энеси баласын качырып,паспорт алып берип,сотторго пара берип жаткандан кийин...кайда баратабыз?кылмыш кылдыбы?жазасын алсын!