Америкалыктардын жүрөктүн үшүн алган белгилүү “Коңгуроо” аттуу тасмасынын уландысы тартылат. Бул маалыматты долбоордун продюсери Рой Ли тастыктады. Анын айтуусунда, тасма жаратуучулардын учурда ар кандай идеяларды талкуулап, сценарийин жазуу менен алектенип жаткан кездери экен. Айта кетсек, фильмди алгач 2002-жылы режиссёр Гор Вербински тартып, сатыктан 249 миллион доллар тапкан.