Роза Отунбаева туулган күнүндө ар кимден келип чогулган 473 миң сомдук акчалай белегин муктаж болгон балдарга тартуулоону чечти. Акчалай белек экс-президенттин сунушу менен жатак-мектептер үчүн ачылган атайын эсепке которулуп, Оштогу көзү начар көргөн жана азиз балдарга арналган китептерди сатып алууга жумшалды. “Туулган күндөргө кымбат баалуу гүлдөрдү беришет эмеспи. Бирок быйыл гүлдестенин ордуна анын акчасын берүүлөрүн сурандым. Мына ошол каражатка Оштогу көзү жакшы көрбөгөн балдардын жатак-мектептерине китеп сатып алдым”,- деди Роза айым. Жалпысынан 425 даана окуу китеби алынган. Алардын жарымы көзү начар көргөндөргө арналып, чоңойтулган шрифт менен жазылган. Ал эми калганы азиздерге ыңгайлаштырылып, кол менен окулуучу Брайлдын шрифтинен куралган.
Озубузду басынтканды качан токтотобуз билбейм?! Роза Отунбаева кээбир калпеле кресло кучактап отургандарга караганда мин эсе билимдуу жана акылдуу. Эл-жер коргон киши. Акчасын сураган кадимки эле корунуш. Биздин уй-булоодо деле андай моменттер болуп калат, коноктор да аны туура тушунушот.
Озубузду басынтканды жана акылсыз ой жугуртконду токтотолучу!!!
Четте карап отуруп эле суйлоп коюуу оной. Мактай турган эле жумуш жасаптыр, анын эмнеси бар экен? Башка аткаминерлерден айрымаланып "жесе" да элди кошо ойлоп атат. Мен эмне болгондо да Роза Исаковнаны сыйлайм! Татыктуу милдетин аткара алды деп ойлойм. Эркектер туралбаган созуно аял башы менен Роза Исаковна турду. Мына эми дайыма сый устундо журот.