«ЮАР-2010дун» «Waka Waka» деген гимнин Шакира аткарып,
мелдеште чемпион болгон Испаниянын футболчусу Пике аны «чаап алган» эле.
«ЕВРО-2012нин» гимнин Осеана ырдамай болду. Ырдын аты азырынча белгисиз.
Кызык, эми кайсы өлкө чемпион болуп, кайсы футболчу бул ырчыны
тузакка илет болду экен?
2-декабрда Киевде 2012-жылкы Европа чемпиондугунун финалдык этабынын тайпалык баскычына чүчү кулак таштоо аземи болуп, чемпиондукка талапкер 16 команда 4 тайпага бөлүштүрүлдү. Жыйынтыгында Германия, Голландия, Португалия жана Даниянын башын бириктирген «В» тайпасы «өлүм тайпасы» деп аталууда. Ал эми КМШнын жүзү болуп чыгып жаткан орусиялыктарга азыртадан майрам башталды. Анткени, океңдер айтмакчы, «өлүм тайпасына» эмес, Польша, Греция жана Чехия менен бирге «жашоо тайпасына» түштү. Ошентип, эми мелдештин башталышын күтүү эле калды окшойт.
“А” тайпасы: Польша, Греция, Орусия, Чехия
“В” тайпасы: Голландия, Германия, Португалия, Дания
“С” тайпасы: Испания, Италия, Ирландия, Хорватия
“D” тайпасы: Украина, Швеция, Франция, Англия
birok 1/4 portugali9ga utulat....owentip portu 4empion atalat, kriwtik en mykty oiun4u naamyn alat!!!!
Германия 3:0 Россия ошентип Немецтер чемпион!!!
Германия 2:1 Недерландия
Португалия 2:0 Дания
Недерландия 1:0 Португалия
Дания 0:4 Германия
Португалия 1:3 Германия
Дания 1:2 Недерландия
Ошентип натыйжа:
Германия (9)
Недерландия (6)
Португалия (3)
Дания (0)