ТЫНАЙ АЛЫБАЕВ ТЕМИР ТОР АРТЫНДА
№476 16-22-декабрь, 2011-жыл
"Ии, эмне болуп кетти?" деп таң калып жатасызбы? Таң калбай эле койсоңуз болот, анткени Тынай Алыбаев “Бир сүрөттүн тарыхы” деген тасмада темир тор артына түшүп калган мырзанын ролун аткарат. Фильмдин режиссёру Токтосун Жакыповдун мелодрама жанрындагы бул тасмасы 6 айда тартылып бүттү. Тынайдан сырткары фильмде азыркы балет чөйрөсүнүн жылдызы, балерина Асел Айдарова башкы каарман кыздын ролун жараткан. Аталган фильм 16-декабрдан 30-декабрга чейин “Манас” кинотеатрында көрсөтүлөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
калып жатасызбы?- Таң калбай эле сүйүнүп жаттым эле,акырына чейин окугандан кийин сүйүнбөй калдым!(тамаша)
Кыргыз киносу өнүксүн,бир күндө бир кино чыгарганга жетишсин демекчимин!