Бишкектин негизги көчөлөрү жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүкэлектр” ишканасы Бишкектин Жусуп Абдрахманов, Иса Ахунбаев, Болот Юнусалиев көчөлөрүн жана Манас, Жибек Жолу, Чүй проспектилеринин электр жарыгын өчүрөрүн жар салды. Мунун баары төлөнбөй жаткан карыздын айынан экенин да жашырган жок. Учурда көчөлөрдү жарык менен камсыздаган «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын “Түндүкэлектр” ААКсына болгон карызы 8 миллион 826 миң сомду чапчыйт. Бул сумма электр жарыгынын баасы менен кошо 2009-жылдан бери акчанын өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн 0,1 пайыздык үстөктөн улам топтолгон карыз экен.
Эми Атамбаев болуп биссимлда дегенде эле светтер очо баштады го.
jamek10 Айткандай, ал озунун пайдасы учун очурто баштадыбы? Ким билет?
Элдер толоп эле жатышат,толобой койсон эле светтинди сразу очурушот