Ар кандай майрам алдында оюн-зоок, ыр-күлкүгө жакын элибиз конок тосуп, аны менен кошо ырчы-чоорчуларды чакырып шаан-шөөкөт өткөргүсү келет. Мындайда, албетте, биринчи кезекте “канча сомго ырдайт же канча сомго келип бере алат экен?” деген суроо туулат. Ошондуктан биз бүгүн сиздерге жылдыздардын ставкасы тууралуу айтып беребиз.

ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЛДЫЗДАР
Орус ишкери Сулейман Керимов Жаңы жылдык корпоративдик кечеге Жейси Жейди чакырган. Жейси бул кечеде 5 миллион долларга ырдап бериптир. Мындан тышкары өзбекстандык магнат Азам Асланов 1 миллион евро төлөп, уулунун үйлөнүү тоюна Женнифер Лопести чакырган. Башка ырчыларга келсек, Бейонс, Жастин Тимберлейк, Стинг, Уитни Хьюстондордун ставкасы 1 миллион евродон башталат. Ал эми Кристина Агилера, Энрике Иглесиас, Пинк, Рики Мартин, “Linkin Park” тобунун жана Таркандын ырларын угуу үчүн 250 миң евро төлөш керек. Том Жонс жана Патрисия Каас 100 миң еврого ырдап бере алат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg
Карызга ырдашпайт бекен...случайно???
жашоо керемет экенда корсо