Бир бүркүм... СЕЛСАЯКТАР СУУККА ТОҢУП НАБЫТ БОЛУУДА...
№477 23-29-декабрь, 2011-жыл
- 14-декабрда Орусиянын Коргоо министрлигинин имаратында асылып өлгөн 30 жаштагы эмгек мигранты Талантбек Мамытовдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү.
- Суук түшкөндөн бери Ош шаарында 6 селсаяк көчөдө каза тапканын Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков маалымдады.

- Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө берүүчү көгүлтүр оттун көлөмүн саатына 5000 м3 дан 2000 м3 га азайтканын “Кыргызгаз” ААКсынын башкы директорунун орун басары Евгений Орленко билдирди.
- Балдарды коргоо борборунун өкүлү Мира Итикееванын айтымында, жергебизде жаш балдардын ар бир төртүнчү өлүмү начар тамактануудан болуп, жакырчылык балдарды кылмыштуулукка түртүп жатат.
- Экс-президент Роза Отунбаева өзү туулуп-өскөн Нарынга барып, Мамлекеттик университетте студенттерге дарс окуп келмекчи.
- Кант кызылчасынан быйыл 165 миң тонна кумшекер өндүрүлдү. Ал эми Кыргызстандын жылдык керектөөсү 105 миң тонна шекерди түзөрүн Айыл чарба министри Төрөгул Беков айтты.
- Казарман-Жалал-Абад жана Ат-Башы-Кында-Торугарт автоунаа жолдору 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 15-майына дейре көчкү жүрүү коркунучунан улам жабылды.

- 2011-жылдын аягына чейин республикабыздын абактарында үч ишкана: тигүү цехи, төө буурчакты кайра иштетүүчү жана эл чарба шаймандарын жасоочу ишканалар ишке кирерин ЖАББдын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев маалымдады.
Турдугүл Каримова, Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0