«Аксы окуясында куралсыз жарандарга ок аттырган» деп эл ичинде күнөөлөнгөн Аскар Акаев бул окуяда анын айыбы жок экенин казак маалымат булактарына жар салды. Ага кошо Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында болгон окуяда экс-кудасы Нурсултан Назарбаевдин кыпындай айыбы жок экенин билдирген. Баурдастар менен маек куруп жатып, алты жылдан бери Борбордук Азияга бара элегин арман кылып айтып, анан да Каддафинин сабалып каза тапканын кейип эстеп, саясаттан кеткенине сүйүнүп кудуңдап да койгон. «Колдогу алтын бааланбайт» дегендей, Орусия Назарбаевдин башкаруусун суктануу менен карайт. Аны көздүн карегиндей сактагыла, кийинкиси мындан да жаман болот» деген кеңешин бергенге да үлгүрдү.
«Мен президенттиктен кеткенден кийин Курманбек Бакиев келди, эл андан да жаман кыйналды. Бул казактарга сабак болуш керек. Азыр Кыргызстан экинчи Грецияга айланган, жаңжал менен тополоң өкүм сүрөт. Бакиевдин куйругу болгон Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана башкалар бийликтен кетмейинче Кыргызстанга барбайм деп сөз бердим. Демек, жакынкы алты жылда кыргыз жерин бутум баспайт»,- деди туңгуч ажо.
Охо мына сага чыныгы кошоматчы сен экенсин акайчиктин калдыгынан ооз тийип калган окшойсун э.
Aga-iniler,ejeler-sindiler.
ar bir insan,1 kelgen jashoodo kim kataa kilbait? Kelgile Musulman bolgondon kiyin kechirimduu bololu. sen biroonu kechirsen seni kudai kechiret.
Кыргызстандын бетине көө жапты!
Үйдү тургузганда биринчи фундаментти тургузат эмеспи,үйүңдүн фундаменттин жакшы тургузсаң небере-чебереңден бери жашашы мүмкүн.Аскар Акаев ажо болуп туруп фундаментти жакшы тургузуп койгондо,азыр КЫРГЫЗСТАН деген үйүбүздө беш-бармак жеп жатмакпыз,бутту асып коюп...
biz askarga okwogon bawy real'no iwtegen adamdar kerek!!!!!