«АЛТЫН ГЛОБУС» ӨЗ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН ТАПТЫ
№481 20-26-январь, 2012-жыл
16-январь күнү Калифорния штатынын Беверли-Хиллз шаарында 69-ирет “Алтын глобус-2012” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда 2011-жылдын эң мыкты драмасы болуп Александр Пэйндин “Тукумдар” тасмасы аталды. Ушул тасмадагы ролу үчүн Жорж Клуни жана “Темир аял” тасмасы үчүн Мэрил Стрип жылдын эң мыкты драмалык актёрлору катары белгиленип, сыйлыкты утуп кетишти. Андан сырткары көптөгөн актёрлор өз сыйлыктарына ээ болуп кайтышты. Жалпысынан аземде 26 наамга ат салышуу болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0