Бир бүркүм... КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАТ
№481 20-26-январь, 2012-жыл
-
Жалал-Абад чек ара отрядынын Сакалды чек ара заставасына
депутат Бакыт Төрөбаев
тарабынан бир мунара тургузулуп берилди. Ал өзбек-кыргыз чек арасындагы мал уурдоо жана контрабанданы көзөмөлдөө үчүн колдонулат. 
-
"Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен редакциябызда болгон түз байланышта куртка жана башка жаңы жылдык белек сураган жарандарыбыз "посылкасын" алышканын депутаттын жардамчысы кабарлады.
-
“Айдоочусун атып салды” делген Болот Мамбеткаримов "Темир" мамлекеттик ишканасы темир-тезектерди чогултуу үчүн ижарага алган имараттын ээси экенин “Темир” ишканасынын юристи Алмаз Саткеев маалымдады.
-
Нарын облусунун губернатору 2011-жылы Жумгал районунун жолу 91 миллион сомго жасалганын айткан. Бирок 3 чакырымдык жол 14 миллион сомго “Транс Про Сервис” ЖЧКсы тарабынан жасалганын Жумгал районундагы 24-жолду тейлөө ишканасынын башкы бухгалтери Каныбек Самүдинов билдирет.
-
Ушул жылдын 21-29-январь аралыгында кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожолу” жана “Эркечтам-автожолу” өткөрүү пункттары Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Сакалды чек ара заставасына
депутат Бакыт Төрөбаев
тарабынан бир мунара тургузулуп
берилди. Ал өзбек-кыргыз чек
арасындагы мал уурдоо жана
контрабанданы көзөмөлдөө үчүн
колдонулат.
Мына эми коробуз го кантип иштеп берет экен.