НАЗАРБАЕВ КАЧУУГА КАМЫНЫП ЖАТАБЫ?
№481 20-26-январь, 2012-жыл
“Верный Капитал” компаниясынын башчысы, Казакстандын президенттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси Булат Утемуратов Австриянын борборунда жайгашкан “Ritz-Carlton” мейманканасын сатып алды. Бул 202 бөлмөдөн турган Венадагы мейманкана Австриянын мамлекеттик маданий эстелиги катары коргоого алынган сарайда жайгашкан. ММКларда бул окуя "Назарбаев жана анын жакындарынын Жаңы-Өзөндөгү окуядан кийин өз байлыгын сыртка чыгарып жатканы" катары бааланууда. Анткени жакында эле “Верный Капитал” компаниясы дүйнөнүн бир канча жеринен мейманканаларды сатып алган. "Верный Капитал" компаниясынын акциялары Назарбаев жана Утемуратовго таандык" деп айтылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Бирок Назарбаевдин деле зор эмгеги чон. Биринчиден карачы казак тилин жана маданияттынан баштап жана ондурушун, экономикасын онуктуруп туура жолдо баратышкандай.