Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «АДАШКАНДЫН АЙЫБЫ ЖОК, КАНТСЕ ДА ТАШИЕВ МЕНЕН БИРИКТИК»

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.


Экс-спикер, "опытный" депутат, телетаймаштардын эң популярдуу каарманы жана жөн гана сөзмөр Адахан мырза бизге түз байланышка келди. Президенттик жарышта "күмүшкө" ээ болгондон бери "Мадумаров губернатор болот", "жок, Атамбаевден акча алып, чет өлкөгө кетип калыптыр" деген түрдүү сөздөр кыргыз жергесинде удургуп жүргөн. Өзү эмне дейт?

Ибрагим, Кызыл-Кыя:
– Азыркы бийликте жалаң бизнес өкүлдөрү отурат. Саясат бул – бизнеспи?
– Саясат – бизнес эмес. Ошол бизнесте жүргөн азаматтар саясатка аралашып баштап, аны да бизнеске айлантып алышты. Ошонун арты менен шайлоодо Кыргызстандын элин да бизнесмендерге айлантып коюшту. Акча берсең сени сыйлайт, бербесең сыйлабайт. Азыр гезитке да акча берсең чыгасың, телеге да акча берсең чыгарат, мындайча айтканда, Кыргызстанды чайкоо базарына айлантып жиберишти. Саясатка таза, бизнеске аралашпаган адамдар келиши керек. Ошондо ал таза болот. Элибиз да таза болушу зарыл. Шайлаганда элдин баары "базары бар экен", "терек сатат экен, жүн сатат экен" деп шайлап жатпайбы азыр. Шайлоодо жолугушууга барып, төрт казан ассаң, эл көбүрөөк жыйналат. Казан аспай жөн чакырсаң, көпчүлүгү келбейт. Элибиздин кайдигерлигинен улам бийликке чайкоочу саясатчылар келип жатат.

Эльвира, Бишкек:
– Президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев сизди премьер-министрликке коёт деген маалыматтар чыкты эле, бул кеп чынбы?
– Гезиттердин бетине эмнелер гана чыкпайт, азыркы күндө? Мен "бул шайлоо адилетсиз, арам өттү. Жүз миңдеген шайлоочуларыбыз өз добуштарын бере албай кылышты. Ушундай жалганчылык менен өткөн шайлоонун жыйынтыгын мен тааныбайм. Бул мыйзамдуу эмес бийлик" деп жарыя кылбадымбы. Демек, тааныбагандан кийин бул бийлик менен иштешүүдөн баш тартам.

Салтанат, Кадамжай:
– Шайлоодон кийин эч эле дайыныңыз чыкпай кетти, азыр эмне жумуш менен алексиз?
– Биздин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өз жумушун бир күн, бир саат да токтоткон жок. Ошол жумуштар менен эле алектенип жүрөбүз. Биздин жасап жаткан иштерди гезиттен же теледен көрсөтпөсө эле, демек, биз токтоп калдык деген сөз эмес.

– ЮНЕСКОнун маалыматына ишенсек, Кыргызстан 50 жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүнбү?
– Сыртта туруп алып кыргызга көзү түз эмес кээ бир уюмдардын ушундай жоромолдору бар. "2025-жылга чейин кыргыз мамлекетин дүйнөлүк картадан жоюшубуз керек" дегендер бар. Азыркы бийлик, жанагы өткөөл мезгили дейби, утурумдук өкмөтү дейби, баары ошолордун айткандарын ишке ашырып жатат. Азыркы Конституция – Кыргызстанды жок кылчу Конституция. Баш аламан, башчысы жок мамлекет кылып көрсөткөнү да ушул. Эми Кудай сактасын, Кыргызстан жок болуп кетеби же сакталып калабы, ал кыргыздын өзүнүн пейилине жараша болот. Өзүбүздүн аң-сезимибизге, саясий маданиятыбыздын жогору болгонуна барабар. Эгерде уруу-уруу, айыл-айыл болуп алып чабышсак, анда чет өлкөлүктөрдүн жардамысыз эле Кыргызстан жок болуп кетиши мүмкүн. Кудай ушундан сактасын. Арабызда жанагы "лөлүдөн жоо чыкса өзүн чабат" дегендер толуп кетти азыр.

– Сизди Баткенге губернатор болот деп жатышты эле, эмне болду?
– Бул жанагы ушактын артынан жүргөн гезиттердин чыгарганы. Мени менен сүйлөшпөй, кабарлашпай көрүнгөндү жазат. "Шайлоодон кийин Атамбаев экөө тымызын жолугуптур" деп да айтышты. Атамбаев менен жолукмак түгүл, телефон аркылуу да сүйлөшө элекмин. Шайлоодо Кадамжай районунда төрт жарым миңдей эл шайлоого кире албай калды. Аны баары билет. Киргизбей коюшунун себеби Мадумаровдун ал жерден 100 пайыз добуш аларына көздөрү жетти. Бир эле бул жерде эмес, Кыргызстан боюнча ушундай жол тутуп, шайлоочуну көкүрөктөн түртүп койгонго барышты. Бул – арам бийлик. Эгер өз кызыкчылыгымды ойлосом, соодалашып бир кызматты алып, ошол жерде отура берсем жарашат. Бирок мен үчүн элдин ишеними кызматтан бийик турат.

Бердибек, Бишкек:
– Сиз Дооронбек Садырбаев менен бирге жүрүп, саясатта такшалып элге белгилүү болдуңуз эле. Эмне үчүн ошол киши каза болгондо тажиясына барган жоксуз?
– Эми Докеме күйсө менчелик күйгөн болор, анан эл көзүнө барып эки тамчы көз жашын агызып, аны телеге көрсөтүп коюу эле Докемди сыйлагандык болуп калбайт. Ал кишиге депутаттык замандын өтө кыйын мезгилинде ким кандай көмөк көрсөтүп, ким эң оор күндөрүндө жанында тургандыгын кемпиринен сурасаңыз айтып берет. Ал киши каза болгон учур менин кызматтан кеткен күнүмө туш келип калган. Кагаздарды берип, алып, ошол иштер менен алек болуп калган учурубуз болчу. Бирок куранды кумдун астына, мухиттин түбүнө кирип алып окусаң деле дарегине жетет.

Абдымомун, Лейлек:
– Азыркы бийликте "коррупцияны жоёбуз" деп коррупционерлер, "криминалды жоёбуз" деп криминалдар өздөрү отурушат. Үмүтүбүз сизде, кантип сизди бийликке алып келсек болот?
"Коррупцияга каршы күрөшөбүз" деп күн сайын какшаганы менен, коррупциянын башында отургандар өздөрү. Лейлек аркылуу канчалаган күйүүчү май коңшу мамлекетке өтүп жатты, туурабы? Ошонун башында кимдер турганын мен атап бербедимби. Бирок кээ бир биздин азаматтарыбыз бар да, тыйынын алып, "жинди суусун" ичип, тамагын жеп алып, ошолордун артынан чуркап жүргөндөр. Таза бийликти эл гана алып келет. Бизде бийликтин ыйыктыгы калбай калды. Мурун, 80-жылдары Ак үйдүн алдынан өтүп баратканда тизебиз калчылдайт эле. Азыр ак үйдүн ичин кыпкызыл соодагерлер тебелеп-тепсеп басып жүрүшөт. Акимдин алдында тик туруп сүйлөй албайт элек. Азыр аялыбы, эркегиби, жашпы, карыбы, жетекчиси сүйлөп жатса оозунан микрофонду жулуп алып айкырат. Элестетиңиз, баласы атасынан же энесинен коркпосо, бул үй-бүлө эмес. Азыр эл милициясынан да, сотунан да президентинен да, эч кимисинен коркпойт. Жанагы "тилин кесиш керек" деген сөздү айтып койсом, ар кандай сындашты. Мен ал сөзүмдөн кайтпайм. Ушактын артынан жүрүп эки жакшынын башын бириктирбеген жакшылыкты жамандык, жамандыкты жакшылык деп айтып жүргөндөрдүн тилин кесиш керек. Ушактардын, соодагерлердин өлкөсүнө айландык. Эч качан айран, кымызын сатпаган кыргыз азыр ата-энесин, керек болсо баласынын бөйрөгүн да сатып жатышат. Ким күнөөлүү? Заман. А заманды жасап жаткан өзүбүздүн пейилибиз. Тике карап чындыкты айта албай калдык. "Ийилген башты кылыч кеспейт" деген макал бар. Азыр, тескерисинче, башты канчалык ийсең, ошончолук тебелеп баштайт.

Айсалкын, Нарын:
– Сиз Апрель окуясынын курмандыктарын "каракчылар" дешиңиздин негизи эмнеде?
– Апрель окуясына катышкандарды каракчы эмес, ошол ишеним артып, жалган сөздөргө ишенип 90го жакын жигиттерибиз каза болуп калган мезгилде ошолорду унутуп коюп, бийликти гана басып алган адамдарды каракчы деп айттым. Муну айырмалап билиши керек. Орто жолдо жанагы Каптагаев сыяктуу кыргыздын маңдайына бүткөн шору барлар жүрөт. Ошолор атайын өздөрүнө тийиштүү маалымат булактарынан тескери кылып таратышат. "Мадумаровго кол салуу болуптур", "атып кетиптир", "качып кетиптир" деген сөздөрдү да ошолор чыгарат. Алар түшүнбөй жатат, бул жалган дүйнөдө өмүр кыска. Эртең "биз кыргыздын мыкты улан-кыздары биригип жатабыз" десек, бири-бирибиздин ортобузга чок салат. Ошондон рахат алышат.

Талант, Бишкек:
– Алдыңызга койгон пландарыңыз...
– Кыргыз мыйзамдарында көрсөтүлгөн чекте биз күрөштү улантабыз. Анан президенттик шайлоодон кийин "аягына чейин турбадыңар" деген сөздү эл көп айтат. Аягына чейин турганды кандай деп элестетет, мисалы, мен ак таяк көк таяк, жээк-жээк болуп алып кагылышууну жактыра бербейм. Убактылуу жеңишке жетишүү көп азапка алып келиши мүмкүн. Азырынча белгисиз, ким утту да, ким утулду? Менимче, азыркы "жеңип чыктык" деген азаматтардын турмушта эң чоң жеңилүүсү ушул болуп калышы мүмкүн. Тагдырды эч ким алдай албайт. Отунбаева "тынчтык жол менен бийликти өткөрүп берип жатам" деп айтып жатпайбы. Жок нерсени кантип өткөрүп берет. Мен айттым, Отунбаева жалган президент катарында тарыхта калат.


Түз байланыштын тарыхында www.super.kg сайтындагы атайын темага берилген суроолордун саны боюнча Адахан Мадумаров рекорд койду десек болчудай. Бир нече баракчага барып токтогон колдонуучуларыбыздын суроолорун тандап берүүгө мажбур болдук.









MIRlan:

– "Жакында бардык өкмөткө караштуу ишканалардын жумушчулары кыскарат, кайрадан уюштурулат" деп жатышат. Ушул иш эмнеге алып барат?
Кайрадан уюштуруу сыяктуу популисттик жолду аябай колдонуп алышты. Мен өкмөттөгү мындай билдирүүлөрдү жаш баланын оюнчугу катары кабыл алам. Ишке ашпай турган нерсе. Мына, "Кыргызстан кышка даярдык көрүүнү 100 пайыз аткарды" деп тим эле безеленишип, аны "Ала-Тоодон" күн сайын какшашты эле. Бирок кыш башталбай жатып, элет жерин айтпайын, Бишкек эмне деген азаптарды тартып жатат? Жарык өчпөгөн күн жок. Бирок кыскартуу зарыл. Керексиз нерселер аябай көп. Мен эки жылдан бери айтып жүрөм, "кайсы жерден көрдүңөр, 4 миллион калкы бар мамлекетке 25 министрди?" деп. 300 миллион калкы бар Америкада, болгону, 11 министрлик бар. Бул соодагерчилик менен пайда болгон өкмөт. Мен төрага болуп келгенде 6 айдын ичинде 38 миллион сом үнөмдөгөм. Жакшы көрүндүмбү же бирөө рахмат айттыбы мага? "Келгиле, депутаттар, ар бирибиз "тээп" жүргөн унааларды токтотуп, ар бир комитетке үчтөн гана унаа калтыралы" десем, мени тытып-жеп жиберүүгө аз калбадыбы! Эт менен челдин ортосунда папке көтөрүп жүргөндөрдү кыскартыш керек.

ELTYN:
– Кыргыз болгонуңуз үчүн сыймыктанасызбы?
Мен ар дайым айтып келем, "бакытың эмне?" деп сураса, "Жараткан мени мусулман кылып, анын ичинде кыргыз кылып жаратып койгондугу үчүн бактылуумун" деп жооп берем. Сыймыктанганым ушул.

– Уулуңуз Нурмухаммед менен интернет аркылуу байланышат болчумун. "Улутуң ким?" деп сураганымда "казакмын" деп айткан. Сайтында да кыргыздын эч кандай символу жок, жалаң Казакстандын желеги, домбрасы, алардын улуттук кийимин кийип турат сүрөтүндө. Уулуңуз "кыргызмын" деп айтыштан уялабы?
Уулум жалгыз эле домбрада эмес, комузда, пианинодо жана гитарада мыкты ойнойт. Анын кайсы учурда эмнени ойноп жаткандагы сүрөтүн чыгарып койгон болсо, балалык да. Сезим ошондой. Мен баламды мактап жаткан жерим жок, кемчиликтери толтура. Бирок уулумдун мекенине сүйүү сезими аябай катуу өөрчүгөндүгүнө терең ишенем. Анан анын кыргыз экенин билип туруп "кыргызсыңбы?" деп сураса, атасынын баласы эмеспи, каны кайнап кеткенде атайылап тескери жооп берип койсо керек. Ошондой деп түшүндүм. Биздин үйдө таң эртеден кечке чейин бир гана кыргыз тилинде сүйлөйбүз.

Programmer:
– АКШнын "Манас" аэропортундагы аскердик базасы алынышы керекпи же калышы керекпи?
Эки жыл мурун Кыргызстанды кыдырып жүрүп, эртеби-кечпи, "АКШ менен Ирандын ортосунда согуш чыгат" деп какшагам. Мына ошол күнгө келдикпи? Эгер бүгүнкү күндө Иран Ормуз өтмөгүн жаба турган болсо, Америка "бомбалап баштайм" деп айтып жатат. Бул өтө кооптуу. Ирандын ракетасы Америкага жетпейт, бирок анын базасы турган "Манаска" жетет. ЖККУга кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнөн башка бир дагы куралдуу күч Кыргызстанда болбошу кажет.

BaatyrEL:
– Баарыбызга белгилүү президенттикке талапкерлердин телетаймашында алпаруучу айым сизге айткан сөзүңүздөн "Бакиев демократ, разве он расстрелял бы мирных людей как это сделал северянин Акаев в Аксы?" деп үзүндү келтирсе, сиз "мен айткан эмесмин" деп танып кеттиңиз. Мен ал интервьюңуздун түп нускасын интернеттен таап окудум, чын эле ошентип айтыпсыз...
Бирөөгө баа берердин алдында карап көрүш керек да, кандай мааниде жана кандай жагдайда айтылды. Кыргызда эң кыска "и" деген сөз бар. Ошол кандай айтылат, "и" деп кекетип айтылат, "ии" деп колдоп айтылат, "и" "анан" деген сөз, туурабы? Эгер мага суроо берип жаткан кыз кыргыз тилин түшүнбөсө, кыргыз тилинде түш көрө албаса, кыргыз тилин чанып жүргөн болсо, ал кызга жараша жообун бергем. Ошондуктан айтам, кыргыз болуш үчүн кыргыз болуп төрөлүш аздык кылат. "Улутум кыргыз" деп жаздырып алып, кыргыздын жыты чыкпаган, кыргыздын сезими, кыргыздын ой толгоосу, мүнөзү жок канча маңкурттар жүрөт. Менин сүйлөгөн сөзүмдү кандай түшүнсө, ошол кишинин деңгээлине жараша.

Azamatai:
– Сиз Бакиев убагында жасалма оппозицияга чыгып кеттиңиз эле, кайра бийликке келүү үчүн Бакиевдер менен мамилеңиз эмне болуп бузулду эле?
Мен бир эмес, эки жолу кызматымдан өз эрким менен кеткенден кийин бир да жолу оппозицияга чыга калдым деп айткан жокмун. Жасалма оппозицияны өтө жек көрөм. Эмне үчүн кетип калдым? Эгер ал киши менен көз карашым дал келбей калган болсо, ал кишини да, өзүмдү да кыйнаштын кереги жок. Кызмат эч качан бакыт алып келбейт. Мен жыйырма жылдан бери саясатта жүрүп, 20 тыйын пайда көрбөдүм. Тескерисинче, жаштыгымдын баары кетти. Өзүмдүн курдаштарымдын катарында оюн-күлкү сала алган жокмун. Эл катары кандайдыр бир ишкерлик менен алек болгон жокмун. Жанагы Кубат Жусубалиев "Мен чоңойгондо жакшы бир китеп жазам, ошону окуган адамдын баары оңолуп, таза болуп калат деп ойлончу элем бала кезде" деп жазыптыр. Менин бир катачылыгым ушул: "саясатка барам дагы, туура эмес болуп жаткан нерселерди айтсам, баары ошого ынанып андай нерселер жасалбай калат" деп ойлочумун. Ошондуктан күрөшүү жана ал күрөштү тынымысыз улантыш керек.

pbabaev:
– Кыргызстан эмне үчүн башка өлкөлөрдөн карыз алмай менен убара, мен буга намыстанам. Сиз кандай көз караштасыз?
Намыстанганым үчүн жанагы ХИПКке киребиз деп жатканда, вице-премьер-министр болуп турганымда жападан жалгыз кыйкырып чыксам, мени жек көрүшкөн. Муну тарых үчүн айтып коёюн. Ошол "ХИПКке кирбесек, Кыргызстан жок болот" деп жүргөн азамат бүгүн министр болуп отурат. Мына, турмуштун парадоксу. Ошондо депутаттар: "Вице-премьер катарында президент менен өкмөткө каршы чыгыптырсыз. Позицияңызды айтып коюңуз",- деп сураганда бир гана сөз айткам, "өмүр бою өрмөлөп, жугунду ичип жашаганча, тике туруп өлгөнүң артык, кыргыз" деп туруп трибунадан түшүп кеткем. Ошондо үчүнчү чакырылыштын депутаттары кол чабышкан. ХИПКке кирбей калганыбыз ушул кыргыздын бактысы, биздин намысыбыз. "Африкадагы жарды 5 мамлекеттин алтынчысы кылып Кыргызстанды киргизебиз" деген азаматтар бүгүн мамлекетти башкарып отурушат.

Kaitpas
– Сиз Аллага ишенесизби? "Атамбаев айт намазга дааратсыз келип окуду" деген сөзүңүздү далилдей аласызбы?
Ал эле эмес, ошол жердеги чиновниктердин баары түнү менен ресторанда отуруп алып, эртең менен барып намазга тизилип калат. Алар Алладан корккон үчүн эмес, камерага көрүнүп калайын, теледен эл көрүп калсын дегендер. Булар Кудайды да алдайбыз дешет. Даарат бул – улуу нерсе, анын өзүнүн жолу бар. Келмени билбеген кишилер барып тизилип алганда көрүп айтам, "ошолор ошол жердеги сапты да бузуп жатат" деп.

Латыш:
– Эмне себептен агитация учурунда "Кудай", "намаз" сыяктуу сөздөрдү көп колдоно баштадыңыз? Чын эле ишенесизби же добуш чогултуунун бир жолубу?
Кудайга чексиз шүгүрчүлүк келтиришибиз керек, чоң атам кезинде чоң молдо болгон. Молдо Мадумар дешип, абдан көптөгөн залкар адамдар келип, ал киши менен кеңешип турчу. Таятам да чоң молдо болгон. Эки чоң молдо жаш кезинде бири уулдуу, бири кыздуу болушкан да, "Кудай буюруп, насип этсе биз кудалашабыз" деп бешиктеги мезгилде эле шерттешип коюшкан экен. Мен ата-бабалардын жолунда жүргөн кишимин, эл көзүнө кожо көрсүн деп Кудайлап калган жерим жок. Кудай кут кылсын, мен ошол ата-бабалардын жолунда, мусулманчылык менен айыл жергесинде тарбияланган адаммын. Мунун саясатка тиешеси жок, дин саясаттан миң бир эсе баалуу нерсе.

– Мусулман падышалар жамаачы чапандар менен эле жүрүшкөн. Эмне үчүн силер майды аз ичкен унаа айдап, үнөмдөлгөн акчаны башка иштерге жумшабайсыңар? Билишимче, Лексус 570 унаасын айдайсыз...
Биринчиден, Лексус 570 эмес, Тойота 200 унаасында жүрөм. Бирөө эмес, экөө. Бизди колдогон, пикирлеш болгон инсандардын берген жардам, көмөгү. Туура, брондолгон унаа. Ал эми илгери падышалар самолёт менен учуп, телефон же элге кайрылганда микрофон колдонгон эмес да. Заман ушундай азыр. Кеп "эмне "тээп" жүрөсүң, эмне колдонуп жүрөсүң?" эмес, ошону кантип алдың, маңдай тер төгүп алгансыңбы же зордук-зомбулук менен алгансыңбы? Кеп ушунда.


"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР

– Бүгүн да Жогорку Кеңеште депутаттардын кызматтык унаасын жоюп салуу каралып жатат. Демилге мурункудай эле орто жолдо калбайбы?
– Мен төрага болуп турганда ушул идеяны айткам, азыр да колдойм. Ар бир комитетке чакыруу принциби менен үчтөн унаа бекитилиши керек. Анан депутаттардын машинасы аялын "Дордойго" алып барып, кудалары келип калса кинотеатрга же Ала-Арчага алпарып жүрө турган машина эмес. Спикер болуп турганда саат 8ден баштап сыртта жүргөн машиналарды "арестовать" этип, гараждан машина чыга турган болсо, түшүнүк кат жазсын дегем. Ошон үчүн жек көрүнбөдүмбү. Бирок жаман көрүнөт экенмин деп отуруп албаш керек. Баары бир жасаш керек бул нерсени. Кыргыздын биринчи трибунасы – парламент. Ошол жерге футболкачан, кара көз айнекти башына кыстарып, кроссовка, жынсы кийип алып, айланайын, кээ бир учурлар болду го, жайында чолок шым менен кирип алган депутаттар. Бул маскара. Анан канча көрдүк, чалкалап креслодо отуруп алып сагыз чайнап отурушат. Аны болсо операторлор чоң план менен көрсөтөт. Уят го, бул. Төрага болуп турганда артымдан ээрчиген унааларды токтоттуруп салгам. Конокко же жыйынга барганда унаамды өзүм эле минип алып чыгып кетчүмүн. Урушуп эле жатып калышчу "мындай мүмкүн эмес" дешип. Мен аны жар салып деле айткан эмесмин. Азыр эми жайлоого чыгып кетишти.

- "Бүтүн Кыргызстан" "Ата-Журт" менен биригип, оппозициялык блок курганы жатат" дешүүдө. "Ата Журттун" ички ынтымагы жок экени да айтылат. Мисалы, фракция ичинде өз ара блокторго бөлүнүшү, Ахматбек Келдибековдун төрагалыктан түшүшү. Ушундай партия менен биригүү тобокелчилик эмеспи?
– Буюрса, биз азыр Ташиев, дагы бир топ азаматтар менен чогуу бирдиктүү бир күчкө бириккени жатабыз. Кудай буюрса, эртең же бүрсүгүнү ушул багыттагы бир чоң кабарды угуп каласыз.
Саясаттын, жашоонун өзү тобокел. Эртең менен чайыңды ичип эшикке чыкканыңдын өзү тобокел. Унааңды жүргүзүп жолго чыкканың, сапар тартып самолётко отурганың, бул дүйнөнүн баары тобокел. "Адашкандын айыбы жок" дейт. Партиянын ичинде анча-мынча чырдашкан болсо, жаштык, курч сезимдер менен айтышкан сыяктуу болгондур, балким. Бирок биз келишим түзөрдө партиянын катарын тазалоо маселесин кабыргасынан койдук.

– "Парламент таркайт" деген сөздөр кайрадан күчөй баштады. Сиздин оюңуз кандай?
– Парламенттин тарашы логикага сыйган көрүнүш. Бул парламенттин куралышы, принциби туура эмес болуп калганын эки жылдан бери айтып келем. Парламентте отурган 5 партия биригип, элдин 40 пайыз добушун ала алган жок. Демек, анын легитимдүүлүгү чоң маселе жаратат. Экинчиден, кыргыз өкмөтүндө коалициялык башкаруу деген нерсе бизге жат көрүнүш. Бул болбойт. Азыр карасаң, "менин партиямдын мүчөсүсүң, ошондуктан сен ошол кызматка барасың" деп башка тармакта иштеп жүргөн кишини таптакыр уктаса түшүнө кирбеген тармакка алпарып отургузуп коюуда. Бул тажрыйба өткөрө турган лаборатория эмес да.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg



Адахан Мадумаров: «Адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик», (1-бөлүк)

Адахан Мадумаров: «Адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик», (2-бөлүк)

Адахан Мадумаров: «Адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик», (3-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(125)
06.02.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Адахамчик суйлотуп, тилин буудай куурутуп эле койсо болду башка колунан эч нерсе келбейт, баса Бакс акасынын учурунда даже суйлобой, тилин жутуп алган болчу да. Ырас эле бололт силер учурунда Ата-Мекекнди кандай сызга олтургуздунар эле ошол кездеги шайлоонун жыйынтыгын кош колдоп тааныдынарго я. Эми шайлоо арам отту мен тааныбайм деп, сен тааныбасан, Таши тааныбаса, тигин тааныбаса койсун зато эл тааныды. Ич куйдулуктун да жону бар да, бул биригуунор айла жоктун иши деп койот.
06.02.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek, Kyrgyz4ylyk ekenda, uwuun4a sayasat4ylardyn arasynda en kyiyn suilogon adam biroo bolso, owonuda koro albai tiline asylyp jatasyn. Kyskasy mywyk maiga jetpei sasyk deptir.
07.02.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modeshanyi,
Сен айткан мышык ушул адахан ташилер бийлик жок калып коро албай жатышат. Мурда эмнеге бийликтин кемчилигин айтып чыккан жок бир жолу да!!!
07.02.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek, Aityp jatkanda,kulagyna pahta tygyp alsan kerekda.
06.02.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek, элдин атынан жооп жазбай эле коюнуз, Отунбаеваны да атамбаевди да президент деп эл тан алган жок! алар оздорун элсиз эле шайлап, шайлоо боло элегинде эле белгилеп коюшкан!!! мадумаровко келсек суйлогонун эле укпай жумушун да карап корунуз, Ташиев, Мадумаровко окшогон кыргыздын патриотторунан дагы 3 киши болсо бийлик тазаланат эле. бироону сыноо баарынын колунан келет, ошол нерсени ондоо бул ото татаал!!! Адахан байкеге ийгилик, элдин ишенимин актап, журо бериниз!!!
06.02.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi,кыйын болсо озуно спикер учурунда эмне кылып кыйратты эле качанкы сасыган саясатчы мадумаровду ким билбейт.атамбаев бабанов эл учун баарын кылышат ошондо оозунор ошту карайт..
06.02.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi, сен дагы элдин атынан жооп бербе элдин коп % Атамбаевди шайлады,анан Ташиев менен Мадумаров кайра революция кылса оздору чыгып согуша берсин эч ким чыкпайт оздору жашынып алып элди чыгарып койгон атышат да
07.02.2012. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi,
Мен айттымбы мунун колунан эшектин тушоосу да чечилбейт жер саткандан башканы билбейт эгер бийликке келип калса жерге кошуп сени да сатат
15.02.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek,чыпа-чын мурун сатты беле эми да сатат.чыккынчылар кантип уялышпайт...............
06.02.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek, Элдин аттынан ишеничтуу суйлобой журчу макулбу!Сага окшогон кошомоматчылар кыргызда азайса жакшы болмок да!Сен бир гана мага эмес корсо элге жакпайттурбайсынбы!
07.02.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo,
Мен сага жана сага окшогон сасыктарга жакпай эле койдум. Оозуна карап суйло!!!
06.02.2012. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek Не умничай пожалуйста, сидишь и тарабанишь... Адахан красавчик, как будто сейчас все изменились с Атамбаевом.
06.02.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER, не переживай не все сразу но изменятся.
07.02.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER,
Кыргыз копсо орусча суйлойт болбо. Кыргызча эле жазчы адамды уйалтпай. Айткандай сен кыргыз эмессин да
06.02.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан Мадумаров сиз абдан кыйын саясатчысыз. Бирок менимче би гана жанылыштык кетирип жатасыз. Сиз да элдин козунчо, камеранын алдында Бакиевди туугандарына кошуп бир эки жолу согуп койсонуз эл сизди Бакиев менен байланышы жок экендигине ишенип калат эле. болбосо сиз баарын эле тарых чечет деп койуп озунуздун пикиринизди айтпайысыз
06.02.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigulai, анткени бакс менен табакташ да.жанында жургонсуп байланышы жок экенин сен кайдан билесин??
07.02.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigulai, Анте албайт да.
Озу деле жогоруда жазган тура: "Биринчиден, Лексус 570 эмес, Тойота 200 унаасында жүрөм. Бирөө эмес, экөө. Бизди колдогон, пикирлеш болгон инсандардын берген жардам, көмөгү." деп. Согуп салса буга анан ким комок корсотот.
06.02.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizdi Kgdegi en ku4tuu sayasat4y dep bilem. Iwinizge iygilik. Allah ozu koldosun sizdi. Azyrky sayasat4ylardyn arasynda siz kana prezidenttike tatyktuusuz.
07.02.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modeshanyi, Кыйын экен эмне кылып кыйратты??? Мындай козго коруноор иши жок го. Макул, мен корбой жатам, козго сайып коргозчу.
07.02.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maral-kg, ne kylyp kyiratty,ne kylyp kyiratty...dei ele beresiner. Saga okwogon kozun mai basyp kalgandarga, saisanda korunboit. A atambai ne kylyp kyiratyp atat, korungon 4okuga kayaktagy biRoolordun attaryn koyup. Emi ozun 4okusunada obamanyn atyn koyup alsyn.
06.02.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйын саясатчы ....соз жок
06.02.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsy adahan myrza, alga, alga, sen jaraisyn kyrgyzsstanga, atambaev otunbaevalar bolboit,
06.02.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баласынын талабын тузук эле талашыптырго чиркин,казакты жактырып казакмын дегени менен иши жок,биринчи баласын тарбияласа болмок,мин ачуусу келседа Эй акмак мен кыргызмын дебейби,кайра кыргыз экенин билип туруп сураган сен акмак дебестен
06.02.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар 2жаат болуп айтышбасанар жакшы болмок!Биримдикте болойлу!!!!!!!!!!!!!
06.02.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди сууну сиз дагы ичип, Данияр Усоновдун жанында журдунуз эле го.
06.02.2012. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek, Сиз оз козунуз менен коргон белениз????
06.02.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek, Булар адам эмесби?Буларда адам ойноп кулгусу,конул ачкысы,бала чакасы менен эс алгысы келет.Ал видео шайлоо убагындагы кара пиар болчу.Ар бир адамдын эс алышка конул ачышка,ойноп кулгонго акысы бар.
06.02.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны кашайып турса дагы Кыргыз эч убакта улутун Казакмын деп айтпайт. Демек Адахан уулуна улуту кайсыл экенин айткан эмес же озу билбейт.
06.02.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту кенен койгула туугандар,чункур-чункур дем алып Кудай он козу менен карасын ар бир пендесин!!!Кыргыздын кылычына сап боло турган бирден бир Инсан бул Адахан Мадумаров,,ишиниз дайым илгерилей берсин.
06.02.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pbabaev,1-ал 2-сен экоондон башка бычака сап жок.ха-ха
06.02.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ал кишини сыйлаймын.....койгулачы достор ушактарды.кыргызда ошондой мырза башка жооок
06.02.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eptep aytkan sozunon chanip kachsa ele boldu da , BaatyrEL degendin suroosunan da eptep bir balaketterdi aytip suylop saliptir , erkek emessin da, ke koychu , senin kim ekenini bilebiz , senin kolunan kelgen ish dele jok , prosto ishencheek kyrgyz kalkimdin bir bolugun dagy dele bolso aldap jurosun da, kudayga koydum sendeidi
06.02.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ дагы бир тонкоруш болот окшойт азыркы окмот иштей албай жатат карызга батып кеттик эл журт
06.02.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"АА" деген суроо берсе "БЭ" деп жооп бергени жаккан жок.
Дагы деле куру создор менен элди эмизип келатат.

"Мен жыйырма жылдан бери саясатта жүрүп, 20 тыйын пайда көрбөдүм." деген жообун окуп куйбогон жерим кул болуп кетти. Кичине Кудай деп суйлосо болмок.
06.02.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maral-kg, "АА" деген суроо окубаптырмын негедир,,, "БЭ" деген жоопту корбоптурмун..!!!
06.02.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эки жаат болуп урушкула Атамбаевди колдоп Мадумаровду колдоп ушинтип урушуп отурсак Кыргызстанды жок кылышыбыз эч кеб эмес, Ар кимдин катасы бар, ар ким ар нерсени жазардын алдында ойлонуп жазыш керек, обу жоктонуп асыла бербей, Алга Кыргызстан Аллахым озу колдосун
06.02.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кана менин вопросторум?
06.02.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwundai adam keliw kerek bilike je Tashievke okwogon ekonyn ten poziciyzsyn koldoim azamattar!!!
06.02.2012. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда коолдойм Адахан Мадумаровту ал элди оойлойт айтып жатпайбы ачыгын эгер жеп жутканы келсем бир креслону ээлеп олтурат болчум деп эмнеге ушундай адамдар чыкса короалбастык кылып бут тоосушат ошол учунда эчкачан онукпойбуз канча кыргыз чет жерлерде коор болуп кул болуп иштеп журот эмне учун оз жерибизде иштей албайбыз качан эканомикабыз которулот бирибрибизди бут тосуп ошон учунда онукпойбуз качан ынтымакта болобуз ал туштуктон экен тундуктон деп болунуп журоберебиз кыргыздар
06.02.2012. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seva, Мен таза болсом, Сен таза болсон, Коом таза болот дегенди ТУШУНУШПОЙ ЖАТПАЙБЫ кээ бир ЗАМАНДАШТАР...!!!
07.02.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seva, бул бир креслого ыразы болбойтат да бул сразу президент болгусу келет да мурда бийликте деле иштеп журду эмне кылып кыйратты калп эле муну суйлотуп эле койсо лучше уйундо отур,жаны президентти да коруш керек да кандай иштейт,аз эле убакыт отту го результатын 1жылдан кийин айтса болот
07.02.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх туугандар! Гыйбат деген эмне экенин билсенер минтип бироонун этин жебейт эленер. Кеп Адахамда эмес биздин менталитетте. Кыргыздар ич ара илгертен бери эле келише албай келишкен. Деги эле кыргызстандын онугушу абдан кыйын эгер бироо чыгып тундук-туштук деген тушунукту азайтпаса.
07.02.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
paaatriot, saga koshulam...
07.02.2012. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ!!!
07.02.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласын жакшы тарбиялабаган неме эл башкара албайт да,менин айтарым Адахан Кимсанбаевич биринчи баланызга жакшы тарбия берип туруп анан элге отунуз!
07.02.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EEE Kuday im ar bir kyrgyz eline tunuk bir akil es, iyman, insap anan intimak berip, dele onolsok jakshi bolot ele... a to uzhe nadoelo...
07.02.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан мадумаров Оштуктардын эле эме Бутун Кыргызстандын тандоосу!!!
07.02.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umgnur, Сиз "Бутун Кыргызстан" деп партияны айткыныз келди окшойт. Эгер Бутун Кыргызстан деп жалпы кыргыз журтчулугун айткыныз келсе, жанылышасыз. Сиз бутундой кыргыз эли учун жооп бербениз. Аны кыргыз эли тандабай эле турат.
07.02.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудай ушул болтуруктордон сактасын. Ал эми колдоп жаткандар силер жон гана трайбализм кылып жатасынар бийликти кайра алыш керек болуп атат. Ичинер орттонуп куйуп жатабы? Колунан келеби бийликке келсин эч ким каршы эмес. Силер ушулардын 5 жыл мурунку кылгандарын эстеп анан колдосонор жакшы болмок. Эч нерсе укпаган, корбогон манкурт сымал болбогула!!!
07.02.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek, Сизге толугу менен кошулам.
Кыйын экен, эли учун куйуп жатыптыр элге башка жол менен жардам берсин. Созсуз эле Президент болуштун кажети жок. Журогу менен эли учун куйгон адам унун чыгарбай туруп эле элине жардам берип коймок.
07.02.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
""Атамбаев айт намазга дааратсыз келип окуду" деген сөзүңүздү далилдей аласызбы?" деген суроого жооп бергени такыр жакпады. Жада калса озунун созун далилдей албайт.
07.02.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар ынтымактуу болгула,эмне кыласынар бири-биринердин конулунорду оорутуп жаман соз айтып, жана бироолорду жамандап!Эртенки куну Атамбаев да, Мадумаров да, Ташиев да жалыпылап айткан бийликтегилер кетет баягы эле карапайым эл калат.Азыр бизде биримдик жок ошондуктан осуп онугуу да болбой жатат.
07.02.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super.kg sait jazganda Madumarov en populyarduu adam,bunu tan alywybyz kerek( airyk4a Madumarovdu koro albagandar). Akyl dese akyl , til dese til,kelbet, namys baardygy top keliwken adam. Atambaev jamandavaim,birok prezidenttik aga e4 ele jarawpait. (bez obid) 4yndyk a4uu bolot.)))
07.02.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каркыра жайлосун сатканда Мадумаров кол коюп берген
07.02.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_bala_, owonu bir ele Adahan 4e4ip ozu kol koyup koyuppu? Meeni iwtetip anan jazsan. Kop4uluktun dobuwu m.n koigon, eger koigon bolso.
10.02.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_bala_, kg_bala_ коп неседен кабарыныз жок, же жон эле сабатсыз адам корунос. Каркыра сатылып жатканда бутундой жогорку кенеш добуш берген!!! Ушунун айрымасын билип алсаныз жакшы болмок...
07.02.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ушул жерден да болунобуз, мен кыйын-мен кыйын дей беребиз, отуруп алып. Саясатчыларды жамандаганды коюп, мамлекетибизге кичине болсо да жардам бергиле(жок дегенде, жолдогу таштандыны алып коюп). Силердин жазуунарга караганда бироонор до КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ учун кыпындай да журогунор куйбойт. Элди эки жаат кылып уруштургандан башка жумуш калгансып, жазасынар ар нерсени деп Афганистандан КЫРГЫЗ жигити.
07.02.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kufa, Туура айтасын кошулам 100%!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: