30-январь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “Альфа Телеком”
(“Мегаком”) ЖАКсында тинтүү жүргүздү. Акча махинациясын жасап, мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп шектелип, аталган компаниянын башкы директору
Азамат Мурзалиев, башкы директордун кеңешчиси
Алмазбек Абеков жана “Новострой Сервис” ЖЧКсынын директору
Аман уулу Кенжебек кармалды. “Мегаком” компаниясынын жамааты президент, спикер жана премьер-министрге кат жолдошуп, бул окуя 2011-жылы март айында Азамат Мурзалиевди иштен алуу үчүн жасалган окуяны кайталап жатканын жазышкан. Ал кезде жогорку бийлик адамдарынын колдоосу менен
Андрей Силич компаниянын башкы кеңсесин басып алган. Мына азыр да кызыкдар адамдар улутташтырылган объектти башкарууну колго алуу үчүн жасап жатканын билдиришет. Катта алар туура чечим чыгарылышын жана Мурзалиевдин тергөө изоляторунда камалбашын суранган. Бирок 1-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту башкы директор Азамат Мурзалиевди, анын кеңешчиси Алмазбек Абековду ошондой эле акча махинациясында шектелип жаткан “Новострой Сервис” ЖЧКсынын директору Аман уулу Кенжебекти тергөөнүн жүрүшүндө камакта кармоо чечимин чыгарды. Алар УКМКнын тергөө изоляторунда кармалышат.
булардын биринда эч кымындай пайдасы жок кыргызстанга