БИР БҮРКҮМ
№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
Турсунбек Акун отставкага кетем дейт...
- Акыйкатчы Турсунбек Акун Каржы министрлиги ушул жылга Акыйкатчынын институтуна дагы 2 миллион сом бөлбөсө, иштен кетерин айтты. “Эгер биз 2 миллион сом албасак, анда Акыйкатчынын институтун жаап салган оң. Мен отставкага кетем",- дейт ал.
- “Өкмөттүн айрым мүчөлөрү казинолордун ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу демилгесин көтөргөнүнө көпчүлүк күбө болду. Эл, депутаттык корпус буга каршы”,- деди депутат Алтынбек Сулайманов.
- ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Баев: “Кыргызстанда 2005-жылдан баштап азыркы күнгө чейин 287 жаран курал менен сыйланган”,- деп билдирди.
- "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу соттолгон адамдарга мектептерде жана башка билим берүүчү мекемелерде сабак берүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү.
- Райондук Кеңештин депутаттары бекиткен жобого ылайык, Өзгөндөгү Мырзаке айылында той-аш, маркумду акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымдар 90 пайызга кыскарганын жергиликтүү эл губернатор Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.
- Июнь окуясы учурунда жарандардын колуна өтүп кеткен курал-жарактар толук кайтарылып алына электигин Ош шаардык ИИБинин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн инспектору Нурлан Шамуратов билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0