Адамдардын убактысы чакан. Андыктан кимдир бирөөнүн эмес, өзүңдүн жашооң менен гана жаша. Башка адамдардын келжирек акыл айтуусуна ички туюмуңдун үнүн бастырба! Өз туюмуна гана ишенип, кадам таштай алган адам – чыныгы баатыр адам.
Мен мурунку кылымга кайтып, Сократ менен маектешүү үчүн өзүмдүн жаңы технологиямдын баарын алмашмакмын. Стив Жобс
Махабат – Эверест сыяктуу, Эвересттин чокусуна саналуу гана адамдар чыккан. Чокуга чыкпай ара жолдо калып, этегине кулагандар андан да көп. Мухтар Шаханов
Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз, бирок адамдар арасында алдыңкы болуу жакшыраак. Мелис Эшимканов
Башкага сүйгөнүңдү өптүргөнчө, бакача жер кучактап жаткан жакшы. Уильям Шекспир
Тагдыр кечигүүнү кабыл албайт. Андыктан тагдырыңдан кечигип калба.
Өзүңдүн алдыңда чынчыл болуу – мээнин өөрчүшүнө жакшы көнүгүү. Зигмунд Фрейд
Мен үчүн сүйүктүүмдүн мени сүйгөндөн айбыгып, коркконунан өткөн кордук жок. Чыңгыз Айтматов
Мен оорудан, жакырчылыктан өлгөн адамдарды көп көрдүм, бирок алар сүйүүсүз жашаган адамдардан бактылуураак эле. Мать Тереза
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
Суйуу жаман, суйуу арман- суйгонуно жетпей калган пендеге"