БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР
№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
КЫЛМЫШ ДҮЙНӨСҮ БАЙЗАКОВДУ ИШТЕН АЛАТ...
-
«Азыр кылмыш дүйнөсү Шейшенбек Байзаковду эки жолдун бирөөсү менен кетиргилери келип жатат: парламент аркылуу же жалданма киши өлтүрүүчү жалдоо менен»,- дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф.
-
Кыргызстандын түштүгүндө 22-февралда саат 3:54тө 3,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа Жер Ортолук сейсмология борбору (EMSC) билдирди.
-
Кар көчкү коркунучуна байланыштуу атайын атып түшүрүү иш-чаралары Бишкек-Ош жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдорунун бир канча жеринде 23-февралдан 27-февралга чейин жүргүзүлөт.
-
Парламентти таратып хаос кылганча, берген убадаларын аткарып, так иштей албаса, өкмөттү кетириш керек экендигин «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев билдирет.
Турдугүл Каримова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0