Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин депутаты: «САСЫК САЯСАТЧЫЛАРДЫН БААСЫНАН ЭЛДИН БААСЫ КЫМБАТ»

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.


Парламенттин экс-төрагасы, "ата журтчу" депутат Ахматбек Келдибековду окурмандар менен түз байланышка чакырдык. 2 саатка созулган байланышта төрагалык доордун күнгөй-тескейи, достук, кылмыш чөйрөсүнө байланыштуу суроолорго жооп алууга жетиштик.

Шайырбек, Бишкек:
– Телеканалдардан түндүк-түштүк маселесин чектен ашыра козгоп жатышат, бир чара көрсөңүздөр болбойбу?
Эсибизде, 2005-жылы Элдик революция Жалал-Абаддан башталганда бир да адам түндүк-түштүк маселесин көтөргөн эмес. Экинчи нааразычылык Нарын менен Таласта башталганда да сөз болгон эмес. Бүгүн “Ошто 1-мартта митинг болот” десе эле, бул нерсени көтөрүп чыгышты. Эч качан эл бөлүнбөйт, бул бекер сөз. Ошол элди бөлгөн саясатчылардын эси жок. Кыргыздын тарыхын окушпайт, билишпейт. Түндүктө да, түштүктө да бир гана кыргыздын балдары жашайт. Түндүк менен түштүккө бөлүп сүйлөгөн саясатчылардын тилин кесип салыш керек. Башка чара жок.

Эмир, Бишкек:
– Өткөн жылы Казакстандын президентин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүү демилгесин парламентке алып чыктыңыз эле. Назарбаев кыргыз депутаттарынын колдоосуна муктажбы?
Дүйнө жүзүндө мындай практика бар. Татыктуу адамдарды сыйлыкка көрсөтүү маселесин башка мамлекеттин саясий органдары көтөрүп чыкса болот. Казак мамлекетинин президенти акыркы 20 жылда биздин түптөлүшүбүздө көп эле жакшылыктарды кылды. Ооба, биз көтөрүп чыкканбыз. Сыйлыкты алабы же жокпу, аны "Нобель" сыйлыгын берүүчү комиссия чечет. Бирок биздин көтөрмөлөп койгонубуз жакшы эле болгон. Мына жыйынтыгы: чек аралар ачылып, башка иштер да чечиле баштады.
Бизде ушундай адат болуп калды, жакшы бир нерсе жасап койсо, анын жалаң жаман жагын издеп киребиз. Мурунку инаугурацияларга эч ким келбей койгондо Назарбаев келчү эмес беле? Кыйынчылыктарда колдочу. Ош окуясында эң биринчи ошол адам жардам катары 15 миллион доллар бөлүп берди.

– Мадумаров менен Ташиевди бирикти деп жатпайбы азыр. Сиз ушуга кандай көз караштасыз? Келечекте оппозициябы, башкабы, кыскасы, элдин үнүн бийликке жеткире албай жаткан саясий партиялардын, бирикмелердин баары биригиши керек. Канчалык көбү бириксе, ошончолук үнү жеткиликтүү угулат. Мен бир нерсеге таң калам. 2005-жылга чейин оппозициядагылар “бийлик элдин үнүн, көйгөйүн укпай жатат” деп айтып жүрүштү. Кийин 2010-жыл болду, анда да ушундай сөздөр айтылган. Азыр алар бийликте отурушат. Интернетти ачсам, “Ош шаарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн режимде ишке кирди” деп жүрөт. Бул эмне дегени эми? Эгер шайлоо боюнча элдин ичинде кандайдыр бир нааразычылыктар болсо, аны чечиш керек да. Эгер электр энергиясы боюнча элдин ичинде нааразычылыктар болсо, аны да караш керек эле. “Ай, эмне себептен эл нааразы болуп жатат? Келгиле, бул маселени карайлы” деген бирөө жок. Тескерисинче, ошол акча менен “милицияны күчөтөлү, буларды куугунтуктайлы” деген аракет көрүп жатышат.

Турдакун, Бишкек:
– Кайнатаңызды кеңешчи кылып алганыңыз ачыкка чыкты эле. Азыркы төраганын бир тууган агасы – губернатор, муну айтышпайт. Эмнеге эч ким үн катпай жатат?
Бул чоң саясат. Колумдан келсе, ар бир райондон, ар бир айылдан коомдук кеңешчи күтөйүн деген оюм бар болчу. Айлык акысы төлөнбөйт, мамлекеттен бир тыйын кетпейт. Ал элде болгон чындыкты айтып турмак. Менин кайнатам мага коомдук кеңешчи, анын үстүнө айлык албаса, ачуу чындыкты жеткирет да. Ал эми агасы губернатор, туугандары башка жерлерде иштегендер тууралуу мен өткөндө гезиттен окудум. Муну мен талкууга алсам, мен үчүн “неэтично” болот. Атамбаев “акасы” уруксат бербей жатса керек да. Эгерде уруксат берсе, анда айтып чыгышмак.

Нагима:
– Азыр кыргызга күйгөн жигиттерди аябай ур-тепкиге алып жатышат. Саясатта көпчүлүгү байлык топтоо менен убара. Кыргыз эли барып-барып жок болуп кетпейби?
Мен да ушундан корком. Бүгүнкү күндө бири-бирибизге жаман айтышып отуруп, кыргыздык салтыбызды, руханий дүйнөбүздү жоготуп баратабыз. Кыргызды бөлүп-жаруу саясатчыларга адат болуп калды. Кыргызга накта патриот кыргыз гана күйөт. Кыргыз элин, кыргыз мамлекетин ошол адам гана көтөрө алат. Башка эч ким көтөрбөйт. Жакшы болсун деп эл бир эмес, эки төңкөрүш жасады. Бирок оңолбой жатабыз.

– "Кыргызга кыргыз гана күйөт" деп айттыңыз. Эртең бул сөзүңүз гезитке чыкса, Ташиевдей болуп ур-тепкиде калбайсызбы?
Тепкилесе тепкилеп, сүйлөсө сүйлөй беришсин. Мен эч качан корккон эмесмин, чындык болсо болду. Кечээ эле орус премьери Путиндин сүйлөгөн сөзүн уктум. Аябай жакшы сүйлөдү. “Орус эли эч качан бирөөгө чөгөлөбөйт. Орусияны орус эли гана көтөрөт” деди. Эмнеси жаман экен? Эгерде Кыргызстанды кыргыз патриоттору көтөрсө, мекенибизде жашаган кайсы улут болбосун, жашоо-турмушу оңолсо, баарына эле жакшы эмеспи.

Шайыр, Кара-Балта:
– Канча уул, канча кызыңыз бар? Кыздарыңызды көбүрөөк жакшы көрөсүзбү же уулдарыңыздыбы?
Менин 3 уул, 3 кызым бар. Баарын жакшы көрөм. Уул – үй-бүлөдө кала турган адам, кыз – келечекте мейман, башка үй-бүлөгө кетет, туурабы? Ошон үчүн “кыздын кырк чачы улуу” дейт. Кыздарыма көбүрөөк жан тартам, чынында. Балдарымды болсо тарбиялайм, урушам. Кыз киши күйүмдүү, атасына жакын болот, ал эми уул апасына жакын болот. Сурооңузга рахмат, мага окшоп
3 кыз, 3 уулдуу болуңуз.
– Аракет кылып жатабыз.
Анда жакшылап аракет жасаңыз (Ахматбек мырза ушул жерде каткырып күлүп алды).

Азиз, Бишкек:
– Кеткендер кетип жатат, Орусияга, Казакстанга... Мен деле башка жакка барып иштесемби деп ойлоп кетем. Бирок Кыргызстанды кыя албайм, мекенибиздин келечеги деги кандай болот? "Чоңдор" менен отуруп калганда ушулар тууралуу сүйлөшөсүздөрбү?

Беш жарым миллион калкыбыз болсо, статистика боюнча, бүгүнкү күндө 1 миллион 200 миңден ашыгы Орусия жана башка өлкөлөрдө. Жакында Америкага барып келдим, ал жакта эле 10 миң мекендешибиз бар экен. Мунун баары жакшы көрүнүш эмес. Мен сизге кыргыз, саясатчы, патриот катары айткым келет, Кыргызстандын келечеги жакшы болот. Азыркы кыйынчылыктардын бардыгы эртең болбосо бүрсүгүнү унутулат. Бирок элдин үмүтү аткарылбай жатат, бийликти алмаштырып, ордуна башкалар келгени менен, жылыш болбой жатат. Өсүш жок. Мен ойлойм, эртеби-кечпи мунун баары алмашып, прогрессивдүү адамдар келет.
Кыргызстанда бүт байлык: суу байлыгыбыз, электр энергиябыз бар. Нефть да, газ да бүтөт, а биздин суубуз, жаратылышыбыз бар. Эң негизгиси, тарыхтан тарыхка, кылымдан кылымга сакталып келген кыргыз элибиз бар. Дүйнөдөгү кайсы гана музейге, архивдерге кирбеңиз, биздин тарыхыбыз сөзсүз жазылган. Ошондуктан, иним, сиз менен мен саясатты таштап, иш кылганга аракет кылышыбыз керек.

АХМАТБЕК МЫРЗА WWW.SUPER.KG САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ КАЛТЫРГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРДИ.

Erik06068:
– Мен сиз жетектеген “Алай-Датка” волейболдук командасынын волейболчулары менен таанышмын. Бир-эки оюнчу турмуштун айынан Орусияга иштегени жөнөп жатышат. Шарт түзүп берип, аларды алып калса болобу?
Cпорт, айрыкча командалык спорт чоң каражатты талап кылган нерсе. “Алай-Датка” деп Алай менен Оштон чыккан мыкты волейболчуларды тандап алып түзгөнбүз. Мен аларга формасын алып берип, машыгуу залын сүйлөшүп бергем. Колумдан келишинче жардам берип жүрөм. Бирок ар бирине бирден батир, унаа алып беришке азыр кудурет жетпейт. Келечекте ал да болот. Команданын ийгиликтери жакшы, Жогорку Лигаларда ойноп, 1-2-орундарды багынтып жатат. Алар жашоо-шартынан кыйналып жатышса, мен жардам бергенге даярмын. Жакынкы күндөрдө команда менен жолугушам, ошондо баарын сүйлөшөм.

Tooluk:
– Бакиевдин убагында салык комитетин “мыкчып” турган кезиңизде Сопу-Коргон айылына атаңыз Келдибек Белекбаевдин атын койдуруп алганыңыз туурабы? Көпчүлүк сопулуктар буга каршы экенине карабастан, тарыхта Сопу-Коргон деген ат менен калган айылды кара күчкө салып өзгөртүп алганыңыз кандай?
Эгерде сиз менин атамдын тарыхын, кылган ишин билбесеңиз, китептен таап окуңуз. Бул 2005-жылы элдин сунушу менен болгон иш. Бакиевсиз эле, парламенттин чечими менен кабыл алынган. Мен айтат элем, сиз сопу-коргондук эмессиз же бузукусуз. Бул баягыдай дежур суроо. Сопу-Коргон айылы бүгүнкүгө чейин сакталган. “Келдибек Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү” деп мурунку аты да, кийинки аты да жазылып турат.

Baratali0706:
– Ош аэропортундагы коррупцияны кантип жойсо болот? Аэропорттон жашыруун камерага тартып алган далилдерим бар, кааласаңыз сайтыңызга жүктөп коём.
Менин сайтыма жүктөп коюңуз, эгер далил болсо, сөзсүз түрдө жазасын алышы керек. Ош шаары, биздин Конституцияга ылайык, экинчи борборубуз. Ош аэропорту менен "Манас" аэропортун замандын талабына ылайык техникалар менен жабдышыбыз керек. Чек арадан биринчи кадам таштап өткөн адамдын мамлекетке болгон алгачкы таасирлениши ошол жерден башталат. “Аэропортто болбогон нерсе үчүн туристтерден акча алат, аларды кыйнайт” деп көп айтылат. Антсе, ал турист экинчи жолу бизге келбейт, туурабы?
Өнүккөн өлкөлөрдө паспорт көзөмөлдөөдөн, бажы постунан кантип өткөнүңдү сезбей деле каласың. Биз да ошол деңгээлге жетишибиз керек. Азыр депутаттар демилге көтөрүп жатышат, 40тан ашык өлкөгө визасыз кирүү маселеси боюнча. Буга да шылтоо таап жатышпайбы, “визасыз болсо, террорчулар кирип кетет” деп. Террорчулар эч качан каттоодон өтүп кирбейт өлкөгө. Эч коркпостон мамлекетти ачышыбыз керек. Ошондо консулдук, чек ара, бажы кызматтарындагы коррупция жоголот.

– Атамбаевди кандай адам катары көрөсүз? Ал өлкө башчысы болуп 2 мөөнөт турса, Кыргызстанды өзгөртө алабы?
Эми бул экөөбүздүн ортобузда болгон сөздөр, ортобузда калган иш. Атамбаев айткан сөзүн аткара албайт, аткарган эмес. Ал экөөбүз иштешип жүргөн учурда мага көпчүлүк айтчу эле, “бул киши алдап кетет” деп. Мен ишенген эмесмин. Мына, убакыт көрсөттү. Ишине ийгилик каалайм. Эгерде Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрүп, алдыга сүйрөп кетсе, “хвала и честь”.
Ошол эле Акаев буга куугунтук жасаган, Бакиев куугунтук жасаган. Бүгүнкү күндөгү анын иши, ошондой куугунтуктарды кайра жасап жатканы эч кандай рамкага сыйбайт. Анткени өзү көргөн кыйынчылыкты “эми мен башкага көрсөтүшүм керек, туура эмес болсо да жасашым керек” деген ой-пикири туура эмес. Бул оюнан кайтышы керек.
Мен таң калам, мейли, биз жакында эле оппозиция болдук. Бирок бизден башка деле көптөгөн адамдар өз ой-пикирлерин айтып жатышат. Атамбаевдин же Бабановдун парламенттеги эмес, эл арасындагы оппозицияларга “биздин кандай аткара албаган жумушубуз бар? Кандай ишти аткара албай жатабыз?” деп, алар менен ой-пикир алмашканын уктуңузбу? Ким көрдү? А буга чейин айтышчу эмес беле, “бизди бийлик укпайт, биз менен сүйлөшпөйт, оюбузду укпайт” деп. Унутуп калыштыбы азыр? Бул баягы Шералы хандын чокоюндай болуп жатат да. Булардын чокоюн да маңдайына илип коюш керек экен. Адам бийликке келгенде эле унутуп калат турбайбы. Сөзсүз түрдө чокоюн илип коюш керек.

"СУПЕР-ИНФОдон" СУРООЛОР
– Бир жыл бою парламент башчысы болуп отурдуңуз. Бул жыл сизге кандай сабак, өкүнүч, кубаныч, ийгилик алып келди?
– Кыска, бирок нуска деп коёт. Биздин мамлекеттин башкаруу системасы өзгөргөн мезгилде келдим. Бул жерден мен аябай чоң сабак алдым. Саясий партиялар менен, башынан көп нерсе өткөргөн саясатчылар менен акыл алмашып, иш алып бардым. Анын жыйынтыгы деп биздин парламенттик башкарууда парламент катары түптөлүп калышыбызды айтам. Андан сырткары, Баш мыйзамдын талабына ылайык, былтыркы жылы эң керектүү мыйзамдарды убак-саатында карап өзгөртүп, өткөрүп алганыбыз. Сот системасы боюнча биз пакетте турган 5 чоң мыйзамды кабыл алдык. Ошондой эле саясий туруктуулукту орноттук. Бул менин төрага катары бирден-бир максатым болчу.
1 жыл иштеп, негизги максатка жеткен соң ар бир адам андан кубаныч гана алышы керек. Мен төрагалыктан чоң тажрыйба алдым. Өкүнө турган эч нерсе жок. Элге бир жыл иштеп бердим, жаман-жакшы сөз айтылган жок. Мен ушуга ыраазымын.
Азыр кичине өзүмө келип, ден соолугум да калыбына келип калды. Мурун чоң кызматтагылардын көздөрү шишип жүрсө ойлочумун, “түндө уктабай тойдо болгон го” деп. Андай эмес экен, баары нервден, чоң жоопкерчиликтен экен.

– Парламент, бүткүл республика чуу салып жатып кызматтан кеттиңиз. Үй-бүлө, ата-энеңиз кандай кабыл алышты? Мындай оор кырдаалдан өзүңүз кантип чыктыңыз?
– Эң башкысы, мага, менин кылган ишиме элдин берген баасы сасык саясатчылардын берген баасынан миллион эсе кымбат турат. Мага Атамбаевдин баасы керек эмес. Кызматтан кеткенимден эч кандай трагедия жасаганым жок. Үй-бүлөмдө, тууган-уруктарда деле ден соолук болсун, алтын баш аман болсун дейм. Менде азыр үй-бүлөм менен болууга убакыт жетиштүү болуп калды. Ушуга сүйүндү үй-бүлөм. Кээ бир саясатчылар болот го, кызматтан кетсе эле жер жарылып, асман түшүп кеткендей сезишет. Мен андай эмесмин. Тескерисинче, сүйүнүп, ойноп-күлүп эле жүрбөймүнбү?

– Камчыбек Ташиев бизге берген маегинде "Ахмат мени сатып кетти, кийин кечирим сурады" деди эле. Чын эле төрагалык орун досуңузду сатууга чейин жеткирдиби?
– Мен сатылып кеткидей кандайдыр бир буюм эмесмин. Экинчиден, төрагалык – мамлекеттеги эң чоң кызматтардан экөө болсо, анын бири. Эгерде таза, туура шайлоо өтсүн, саясий стабилдүүлүк болсун десек, мамлекеттин эң жогорку кызматындагы адам шайлоого аралашпашы керек. Ал калыс мамиле кылып, мыйзамдын чегинде гана турушу зарыл. Мен шайлоо учурунда төрага болбосом, анда башка сөз эле. 4-мартта Ошто, Караколдо, Токмокто шайлоо болгону турат. Эл бийликтин шайлоого аралашып жатканына нааразы. Мен өзүмдү ушуга мисал катары гана көрсөтө алдым, бийлик аралашпаш керек. Дос болобу, бир тууган болобу, бийликте турганда баарына калыс мамиле кылышы кажет.

– Сизди көп байлыктын ээси деген маалыматтар интернетке чыкты. Чын эле ушундай байлыкка ээсизби?
– Бул боюнча интервью бердим го?! Эми ал журналист боюнча азыр адвокаттар иштеп жатышат. Менин соттошоюн деген деле оюм жок. Ал жерде менин келинчегиме байланыштырганы үчүн келинчегим сотко берип жатат. Демократия, соттошсо соттошо берсин. 7-апрелден кийин дагы ушундай кара пиар кылып көп нерсени жазган. Каяктагы мен өзүм билбеген мекемелерди, мүлктөрдү, “ушуга таандык экен” деп. Бул деле ошондой кара пиардын бири. Буга эч таң калбаш керек, эртең башка бир нерсе жазып чыкса, ага деле таң калбаш керек. Мен ага таң калгандан өткөм. Кээ бир саясатчылар бар го, атайын дежур суроо бердирип, анан өчүрүп коюп. Баягы орус породасындагы кичине күчүктөр бар го, кандек. Аябай үрүп келет да, тиштебейт, тура берет. Дворняшка дейби, бутуң менен тээп койсоң каңкылдап качып кетет. Мен ошолорго теңейм аларды. Көңүл да бурбайм.

– "Камчы Көлбаев менен жолукту" деген маалыматты акыр-аягына чейин ушак деп четке кагып жаттыңыз. Ушак болсо, айыптап чыккан адамдарды эмне үчүн сотко берген жоксуз?
– Мен буга жетиштүү эле жооп берип бүттүм го?! Эмнеге берейин сотко, эгерде жолугушпасам? Айыптап мага эч ким күнөө койгон жок, "жолугушкан имиш", "ошол жерде болгон имиш" деп жатат. Мен буга эки ооз сөз менен эле жооп берем. Мен ошондо суроо бердим, “ошол мезгилде Камчыбек Көлбаев издөөдө жүргөнбү же камактан качып кетти беле?” деп. Мага расмий түрдө ИИМден жооптуу адамдар айтышты, “ал эркин адам болчу” деп. Депутат деген азыр түрмөгө кирип жолугуп жатышат, туурабы? Бул анын иши. Мына, Бабанов Ош облусуна барып келди. Эртең бирөө “Ош облусунда баланча жерде жолугушуп жатканда ОПГнын мүчөлөрү турган” деп айтып чыкса, анда Бабанов күнөөлүү болушу керекпи? Атамбаев Москвага барып келди, “Манастын эстелигин ачып жатканда жанында ОПГнын мүчөлөрү турган” десе, Атамбаев күнөөлүү болбошу керек да. Бул эмне дегендик? Жөн эле саясий оюн. Ал тургай жооп берүүгө да арзыбаган нерсе.

– Бош убактым көбөйүп калды деп калдыңыз, эмне менен алек болосуз?
– Иштейм деген адамга иш толуп жатат. Мисалы, мен экономика илимдеринин кандидатымын, азыркы учурда доктордук иш жазып жатам. Кудай буюрса, быйылбы, кийинки жылыбы, айтор, бардык шарттарын аткарып бүтсөм, доктордук ишимди коргойм. Экинчиден, турмушту активдүү өткөргөндү жакшы көрөм. Кыргыздын улуттук оюну – улак тартышты жакшы көрөм. Ат мингенди, теннис ойногонду жактырам.

– Балдарыңыздын ичинен сиздин жолуңузду улай турганы, саясатка кызыкканы барбы?
– Ата-эненин милдети – балдардын келечегин ойлоп, биринчи аларды окутуу. Балдарды жогорку билимдүү кылып, татыктуу үй-бүлө куруп кетиши үчүн үйлөндүрүп койсом, менимче, калган турмушун өздөрү алып кете алышат. Ошондуктан балдарыма эң негизги талап – алардын мыкты окушу.
Улуу балам окууну бүтүп, үйлөнүп, Кеминден кудалуу болдум. Кийинки уулум өз күчү менен институтка өтүп окуп жатат. Андан кийинки уулум азыр мектепте окуйт, ошонум гана кичине "3", "4" деген баа алат, калгандары жалаң "5ке" окушат. Кыздарым англисче окушат. Үйдө экөө бизден бир нерсени жашыргысы келсе, англисче сүйлөшүп калышат. Эң кичине кызым жакында 1 жашка чыкты.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg



Ахматбек Келдибеков Атамбаевге алдандым дейт...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(77)
05.03.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акматбек ушунча кошоматчылыктын эмне кереги бар.айла жоктон Ташиевге жабышып журо бер.
05.03.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окубай элекойойунчу а то жиним келип кетет!
05.03.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев эмнени кыйратып жатат?!жакында эле Россиядан 15,466 миллион $ Кыргызстанга Канттагы база акысын которушту,Алмаз анын жарымын чонтогуно уруп коюптур..Бул саясатчы,опозиционер номер №1 киши туура айтат Атамбаев эч нерсени кыйратпайт...бул киши туура айтканы менен тетири иш кылат аны элдин баары жат билет
06.03.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aida_nurik, 15 миллиондун жарымын чөнтөгүнө салып жатканда жанында карап тургандай айтыптырсыз. Көз менен көрбөгөн соң кантип көрүп, карап тургандай жазасыз, кызык...
05.03.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимди сынаганды койгулачы, силер да кыргызсынар ким билет келечекте силер да ушуларга окшоп депутат болуп калсанар силер да кйратпайсынар. Андан Алладан кыргыз элибизге ыйман берсин дейли парламентте олтурганына да, жонокой
05.03.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимди сынаганды койгулачы, силер да кыргызсынар ким билет келечекте силер да ушуларга окшоп депутат болуп калсанар силер да кыйратпайсынар. Андан коро Алладан кыргыз элибизге ыйман берсин деп тилейли!Уулусуна да кичуусуно да,байга да кедейге да!
SUPER.KG видео
05.03.2012. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып барган адам жоктой Кыргыз элине эмгек синирген адамдардыры келип жатса ушуга карап койсонор
06.03.2012. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No comment....
06.03.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zami туура айтат, ар ким озунун ишин кылса эч жерге кийилигишпей.Ким туура туура эмес кылганын мезгил озу корсотуп жатпайбы...................
SUPER.KG видео
06.03.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маекти карап отуруп, бул кишинин өтө эле куу экендиги байкалат. Абайлап турат, же сүткө оозу күйүп калгандыгы үчүнбү?.. Жыйынтыктап алганда, Келдибеков төрагалыктан кийин саясатчы катары салмагы оорлоп калса да, эч кандай көңүл жылытарлык жетишкендикке жетпеди, сабак да чыгарбаптыр. Анын бир жылдыгы мага Камчы Көлбаев, Малайзия, Ташиевди кидать этмейи менен гана эсте калгандай...
06.03.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев менен Отунбаеванын суйлогон созун уксан журогун сыгылып кетет... чулдурашат.Отунбаева болбогондо Атамбай бийликке келмек эмес...Бирок бир гана Атамбаевдин колунан келет Кыргызымды банкрот кылыш...
06.03.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев бийлик ордунан пайдаланып КТРКны озуно каратып алган. эмне учун КТРК элдин койгоюн,болуп жаткан окуяны (митингдерди) ачык коргозбойт?.
06.03.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы алданбагыла Атамбаевге окшогон адамдарга
SUPER.KG видео
06.03.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош коогалаңында Ташиев менен биргеликте кыргыз элине берген жардамын эч ким унгутпайт. Салык кызматынын төрагасы болуп турган мезгилде да жылдык салык төлөмдөрүнүн көлөму кыйла көбөйгөн. Ал жакта да көптөгөн пайдалуу жакшы иштерди алып барган. Анан кылган жакшы иштери көрүнбөй жалаң гана жаман жактарын чукуп, асыла бересиңер да.
06.03.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен интернеттен Ахматбеке суроо бердим эле, ал суроома жооп берген жок. Дагы эле кутуп олтурам качан жооп берет деп.
06.03.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээхх кудайдан коркпогондор ээй.Суйлосон баарын эле сулуу суйлоп,эл,эл менен,элим дейсинер.Анда ким жаман?Баарынар суттон ак болсонор.Биринди бирин жамандап.Путин минтти деп ар бирин анын мисалын айтпай.Силер да иштегиле анда.Кимин бийликтен кетсен,таарынган баладайсынар!
06.03.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахматбек Келдибеков келечектин президенти,жана улуу кыргыз журтунун сактоочуусу!!!
06.03.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын кылган иши убагында байкалбаса да, мезгилдин отуусу менен,чындыгында "Элим, жерим" деп кызмат кылгандардын аты, очпостон тарыхта калып жатпайбы. Бугунку коом эмгегине баа бербесе да, эртенки муун чыныгы элдик адамдарды тандап,талдап алат.Саясатчыларга "мен жакшымын" деп актануу пайдасыз экендигин эскертип,бекер убакытты,нервди кетирбей,ар ким оз ишин аткара беруусун суранаар элем,мамлекетибизде жеке кызыкчылыктардан ойдо турган далай иштер толуп жатат, кудай элибизге ыйман,ынсап берсин!
07.03.2012. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EEi ushul Akmakbekti,tushton kiyin chyga kalganyn,spikerlikte oturganda oozuna talkan kuiup algansyp oturbai oshondo ele aitpait bele kuiumduu bolso, kreslosuna tyrmyshpai,emi artist bolboi bular kyrgyz elinin birimduulugu uchun kuroshpoi ele biylik uchun kuroshup jatat, kyskasy-jygylgan bala kuroshko toiboit bolup jatyshat..
07.03.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмат иштесе спикер болуп турганда иштейт еле да еми жон еле елди ойлогон болуп калат куйту
07.03.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмат иштесе спикер болуп турганда иштейт еле да еми жон еле елди ойлогон болуп калат куйту
SUPER.KG видео
07.03.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын ахматбек артындагы создорго конул бурба алар бекерчи катындар
07.03.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен алайдын сопу-коргон айылынын кулунумун атаныз окмот болуп турганда иш канасы гулдоп турчу эле аты койулгандан бери бир да ремонт кылып койбодунуз уйат эмесби акам
08.03.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул киши бийликтеги эн жек коргон киши болчу. Адамдык сапаттары ото томон.
09.03.2012. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахматбек Келдибеков али баары алдыда мейли бир аз кутолу мактаган атамбаевди кыргызстанды гулдотот деп эле калышты коро билербиз кандай гулдоорун бирок сиз туптуу тактуу чынчыл жеткиликтуу суйлогон инсансыз бизде озу жакшы адамдарды же айдап же олтуруп же оздору жалчытпай журо беришет кутобуз гоо тентип озго жерде иштеп жургон кыргыздарды олкого кайтарып эмгек акыны которобу же биз москвага каттап жан багабызбы?
SUPER.KG видео
10.03.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинасы кыйкырат екен бирок=))
10.03.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
патриот деген ушул саясатчылар деп толук ишенем 2010ж туштукто болгон коогаланда К.Ташиев, Келдибеков эл менен жургон, о.э. Атамбаев иининен чыкпай койгонун туштук эли жакшы билет. божомолдоп эле сокконду койгулачы? кудай сактасын оз козунор менен коргондо билет эленер, канчалаган кыргыздын кырчындай жигиттеринен айрылдык. дагы убакыт бериш керек дейсинер. мына ушул Келдибеков, Ташиев, Мадумаровтор кыргыздын абийир-намысын, бутундугун сактай алат
13.03.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атамбаевди коро албаганы да
SUPER.KG видео
13.03.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ahmatbek myrza siz emi es alsanyz bolo,jashtarga da orun boshotkula
SUPER.KG видео
17.03.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саясатта дос деген болбойт дегенге ишенет окшойм
21.03.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aхматбек мырза елди бузбаныздар,силер елди алдап буттунор ес алсаныз боло!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: