Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ӨЗ АПАСЫН ӨЛТҮРҮП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ ТАШТАП САЛГАН

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.


Бул эне жарык дүйнөгө наристени алып келип жатканда ошол адам өз өмүрүн кыярын билбесе керек. Жакында Аламүдүн районунда уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш катталды. Бир киши досу экөөлөп эрезеге жеткирген өз апасын, апасына келген курбусун да өлтүрүшүптүр.

АЛГАЧ АПАСЫН, АНАН КУРБУСУН ӨЛТҮРҮШКӨН
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 63 жаштагы Людмила Молодцова 43 жаштагы уулу Николай менен көп жылдан бери чогуу жашачу. Уул сөрөй мурун уурулук боюнча эки жолу темир тор артына отуруп келген. Кээде иштесе, кээде иштебей, “жинди сууга” да жакын экенин айтышат тааныгандар. Арактын айынан биринчи аялы менен ажырашып тынган, экинчиси былтыр күздө каза болуптур. Ал эми жалгыз уулу Николай түрмөдө кезектеги мөөнөтүн өтөп отурган учурда көз жумган.
Февраль айынын алгачкы күндөрүндө Николайга Анатолий деген таанышы келип калат. "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегендей, экөө көлдөн балык кармап жүрүп таанышып, жакын болуп кетишкен экен. Кийин Анатолийдин үйүнө барып жакшылап майрамдашып, анан иштөөнү чечишет. Экөө шаарга келишет да, гезит сатып алышат. “Жумуш берилет” деген жарнамаларга телефон чалышып, жарнак чаптап иштемей болушат. Алган жарнактарды эки-үч көчөгө чаптаганга үлгүрүшкөн. Андан кийин арак алып ичишет да, кызуу абалда Николайдын үйүнө жөнөшөт.
Уулу үйгө дагы мас болуп келгенин көргөн эне аны урушуп кирет. Людмила тубаса дудук аял болгон экен. Ал дудуктардын тилинде колу менен жаңсап урушат. Кашык менен аракеч уулун чаап да жиберет. Апасынын мындай жоругуна жини келген Николай өң-алеттен кетип, тура калып муунтуп кирет. Апасы тыбырап, дем албай калганда гана колун коё берет. Бул учурда конок жөн гана карап отурган. Апасынын жансыз денесин экөөлөп көтөрүп барып үйдүн жер төлөсүнө ташташат. Андан кийин деле эч нерсе болбогонсуп арак ичкенге киришишет.
Бир убакта кемпирдин 45 жаштагы курбусу Юлия келип калат. Ал да дудук эле. Николай апасы жоктугун айтып, аны да арак ичүүгө чакырат. Юлия макул болуп, алар менен чогуу отуруп калат. Мындай "көңүлдүү" отуруш үч күнгө созулат. Бул күндөрү Николай Юлияны бир нече жолу күч колдонуп зордуктаганга үлгүрөт. Үчүнчү күнү отуруш өлүм менен жыйынтыкталат. Анатолий балка менен Юлиянын чекесине эки жолу чаап жиберет. Муунтканга көнүп калган Николай аялды муунтуп кирет. Жаны чыкканда экөөлөп көтөрүп барып Николайдын энесин таштаган жер төлөгө ыргытып жиберишет.
Бир топ күндөн бери Николайдын ичип жүргөнүн, ал эми Людмиланын көрүнбөй калганынан кабатыр болгон коңшулары бул тууралуу милицияга билдиришет. Үйгө келген милиция кызматкерлери жер төлөдөн эки аялдын жансыз денесин табышкан. Алардын бири – 63 жаштагы үй кожойкеси Людмила Молодцова, экинчиси – анын 45 жаштагы курбусу Юлия Оюн болуп чыккан.
Криминалист-эксперттер сөөктөрдү кароодо экөөнүн тең моюнунда тактар бар экенин жана бирөөсүнүн башы жарылганын байкашкан. Бул кылмышка шектелип үй кожойкесинин 43 жаштагы уулу Николай Молодцов, андан көп өтпөй анын 19 жаштагы Анатолий Паленин аттуу таанышы кармалган.

“ӨЛТҮРГӨНДӨН МУРУН ЗОРДУКТАГАН”
Аламүдүн РИИБинин оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн из кубары Сталбек Сейтказиев
төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Бизге бул маалымат келип түшөрү менен жөнөп калдык. Айтылган үйдүн эшигин каккыласак, эч ким ачкан жок. Короодон ашып түшүп үйдүн эшигин талкалап кирсек, Николай Молодцов мас абалында отуруптур. Аны сурап баштаганда эле апасы Людмила Молодцованы жана курбусу Юлия Оюнду өлтүргөнүн, аларды үйдүн жер төлөсүнө таштап салганын айтып берди. Ал Юлия Оюнду үч күн кармап, зордуктаганын моюнуна алды. Бул ишти өзү жалгыз кылбаганын да айтып берди.
Маалымат 11-февралда түштү, ал эми бул окуя февраль айынын башында болгон экен. Анатолий Паленинди кылмыш катталган жерден изин суутуп качып кетип, Пригородное айылындагы агасынын үйүндө жашынып жаткан жеринен кармадык. Учурда экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү), 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

“ӨЧҮП КАЛЫПМЫН”, ЭЧ НЕРСЕ БИЛБЕЙМ”
Кылмышка шектелип кармалгандар “кылган ишибизге өкүнөбүз” дегендери менен, өңдөрүнөн өкүнүүнүн белгилери байкалбайт. Алардын бири Николай Молодцов “ичкенимди билем, андан ары эмне болгону эсимде жок” дейт.
– Кайсы күндөр экенин так билбейм, февраль айынын баш чендеринде болсо керек эле, Толик экөөбүз көчөдөн арак ичип келгенбиз. Анан апам мени урушуп жатканын билем. “Өчүп калыпмын”, кийинкилери эсимде жок. Буга чейин апам мени “ичип жүрөсүң” деп көп эле жолу урушчу, сабап сыртка кууп чыкчу, бирок эч каяша айткан эмес элем. Бул сапар эмне үчүн минткенимди түшүнбөйм. Толик экөөбүз убактылуу жумуш таап, дагы жакшыраак иш табабыз деп жүргөнбүз. Канча ичкенибизди деле билбейм, аябай көп ичсек керек. Апамды өлтүргөнүмдү билгенден кийин качкан жокмун, "качан мени кармап кетет экен?.." деп күтүп жүрдүм.

“БАЛКА МЕНЕН БАШКА ЧААП ЖИБЕРДИМ”
Ал эми Анатолий Паленин мурда соттолгон эмес. Ал мындай комментарий берди:

– Николай менен балык кармап жүрүп таанышканмын, экөөбүз чогуу балык кармачубуз. Эмгек өргүүсүнө чыгып, түз эле Николайдын үйүнө барып, Прохладное айылындагы үйүмө конокко чакырдым. Үйгө барганда ичимдик ичтик, эс алдык, анан шаарга келдик. Гезиттеги жарнама боюнча жумуш таап, жарнама чаптоочу болуп ишке орноштук. Экөөбүз ичип алып Николайдын үйүнө бардык. Аны жаткырып жатсам, “тишим ооруп жатат, арак алып келип берчи” деди. Сыртка чыгып 100 грамм арак алып келдим.
Николайдын апасы аны колу менен жаңсап урушуп, кашык менен чаап жиберди. Ошондо Николай жинденип, апасын муунтуп өлтүрүп салды. Экөөлөп апасын үйдүн жер төлөсүнө таштап, кайра отуруп арак ичтик. Саат үчтөн өтүп калганда Николайдын апасынын курбусу келип калды, ал да бизге кошулуп арак ичти. Ошентип, Юлия биз менен чогуу үч күн туруп калды, ал күндөрү үчөөбүз арак ичтик. Ал ортодо Николай тигини зордуктап да жүрдү. Үчүнчү күнү ал Николайдын апасын өлтүргөнүбүздү билип калды. Айтып коёт экен деп корктук да, аны да өлтүрдүк. Мен балка менен анын чекесине чаап жибердим эле, Николай муунтту. Аны да экөөлөп жер төлөгө таштап салдык. Кайра ичтик. Анан мен Пригородное айылындагы агамдын үйүнө качып кеттим.

Мына, окурман, “бейиш эненин таманынын алдында” деген сөзгө ынансак, Николай өз бейишин өз колу менен кыйратып жок кылыптыр. “Мындай баланын барынан жогу жакшы” деп коёт кыргызда. Бул сыяктуу көрүнүштөр кайталанбасын, ар бир эненин ак сүтү акталсын деп үмүт кылалы.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕР!

Үстүбүздөгү жылдын 3-январында Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы ГЭС курулушун тазалоочу жерден 55-60 жаштардагы европа түспөлүндөгү аялдын сөөгү табылган. Үстүндө көк түстөгү блузка, сары түстөгү майка, кара түстөгү колготки болгон. Сүрөттөгү аял тууралуу маалымат билгендер болсо, Аламүдүн РИИБине кабарлап койсоңуздар.

Тел.: (0312) 60-30-02, 0555 25-00-18, 0555 49-11-94



Өз энесин өлтүрүп, жер төлөгө таштап салган

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
02.03.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh chirkin jindi suunun aiynan apasyn oltyrgonyn bilbegen aibandy 18 jashtagy jash bala ushunchada berilip ichebi 2 adam oltyryp koiup bilbeibiz deit bunu kandai tyshynyygo bolot allah ozy tarazalasyn degenden bashka aila jok .
SUPER.KG видео
02.03.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushundai ujastardy korup keede ishenbei ketesin ushundai dagy adamdar bolot eken dep, kantip oz enesin olturgongo kolu bardy, kalp ele ech nerse bilbei kalgandai bolup jatishat, kantip 3 kun karmap anan deegi eesine kelishpesin. Kudai sakatasin ushunday adamdardan.
SUPER.KG видео
03.03.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооооба
SUPER.KG видео
03.03.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмак
SUPER.KG видео
03.03.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым турмого киргизип жатса жапжаш бала кулуп журот го))))
05.03.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamanan kurgur emne bolup barat bizdin jashoo.
05.03.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Кыргыздар эмес экен,бирок эне баарында бирдей да.Тооба барына инсап берсин да Кудайым.
05.03.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
supeeri, сен артист экенсин. Орус улутундагы адамдар болсо эле оло беришсинби.
08.03.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sahalin, tuura aitasyn, adamdar ushuncha da natsist bolosunarby!!!
05.03.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдын уройун учурган,бул адам кейпин кийген айбандар,ушундай коркунучтуу нерселерди коргозбой эле койгулачы сураныч,адамга терс жагдай алып келет экен...
05.03.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык элдердин энелери бирдей.
05.03.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххххх кантип оз энесине кол которду....
05.03.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне! Энеге жетпей зар какшап жургондор канча? Энесинин ыраазычылыгын алып, алган нерселерин кайра кайтарып берсем деп бирок ошону аткара албай калып зар какшап жургондор канча? Булар оз Энесин олтургону айбандан айырмачылыгы жок адамдар деп айтууга болот!
05.03.2012. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркуп кетипмин кыргыздар экен деп тооба
06.03.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ жаман болуптур
06.03.2012. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зоокурлор десе жиндли сууду ичип алып калаганын жасашат кудайды тааныбай атыш керек мындайлар жер бетинде жашаганга укугу жок
06.03.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой журогум узилип кети
06.03.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх энесин олтургон колдору узулуп эле калса болмок
06.03.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман бузулуп баратат да Жаратканыбыз мындай жаман окуялардан озу сактасын!
Мужчина должен любить
трех женщин: ту, которая его
родила(маму) ту, которая ему родит
(жену)и ту, которая у него родится!!
(дочью)
06.03.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мында заманды куноолоп кереги жок..Замандын ээси Алла Таалам да...Заман бузулбай эле адамдар озгоргон:(
SUPER.KG видео
08.03.2012. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым адамдар не болуп калган айбан да андай кылбайтго алар адам эмес жырткычгоо.
08.03.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээхххх эмне болуп баратат заман
((((
09.03.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле бул окуянын баары арактан башталыптыр..арак ичкен адам шайтанга жол берет,перисин басынтат! АПА деген ыйык адам,если у тебя нечего в жизни не получается,мама тут не причем..это ты сам такой ленивый и глупый,если всё таки не понял, что мама- это единственный человек который по настоящему любит и будет любить тебя,чтобы не случилось!она всегда права!
SUPER.KG видео
09.03.2012. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта. аларга олум жазасын ббериш керек
10.03.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланын жокгу жакшы эми озуну олтурсо да аздык кылат апа деген эн кымбат нерсего ээ адамзат ушул окшогон бузук балдар арак деген эн жаман нерсе ушуну ичбегилечи адамдар бардык балакеттин баары ушунан болот мен айтарым ушул арак деген арамды ичбегиле ушул
10.03.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайды Кыргыздарда балаа эмес эле,башка тушкон балее деп койушат.
10.03.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эки шумпайды тен омур бою эркинен ажыратып салыш керек.
11.03.2012. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо чын эле, сураныч, ушундай крималдуу нерселерди корсотпой эле койгулачы. адамга терс маанай жана жашыраак балдарга психикалык жактан жаман таасир берет да.
12.03.2012. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненди олтургонун озунду эле олтургонун.Мындан кийинки жашоон болбой калды гоо...
SUPER.KG видео
16.03.2012. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта!!!
28.03.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдар аз болсо экен дуйнодо!!!
18.04.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто ужас ,ужас таким людям нет места на этом свете
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: