БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР
№489 16-март - 22-март, 2012-ж.
НАРЫНДА ОКУУЧУЛАР ЧАТЫРЛАРДА ОКУШУУДА...
- Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине МЫРЗАБЕК ИСМАИЛОВ дайындалды. Эске салсак, Исмаиловдун кызы Алтынай Турусбекова былтыр мэр Иса
Өмүркуловдун уулу катышкан автокырсыкта каза болгон.
- Өкмөт башчы ӨМҮРБЕК БАБАНОВ Каржы полициясын жоюу тууралуу жарлыкка кол койду.
- Жер титирөөнүн кесепетинен мектепсиз калган Нарындагы КЫЗЫЛ-БЕЛЕС айылынын окуучулары чатырларда окуп жатышат.
- Ошто Мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси, Ж.К. деген адамга таандык автоунаа менен айдоочусунан 7 ГРАММ ГЕРОИН, 4,6 КИЛОГРАММ МАРИХУАНА табылды.
- 2011-жылдын 1-сентябрынан 2012-жылдын 13-мартына чейин Таластан 51 949 тонна төө буурчак чет өлкөгө экспорттолгон.
- Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы жана бир катар райондордогу мекемелерде мамлекеттик туу 17-МАРТ КҮНҮ СААТ 12:00ДӨ түшүрүлүп, окуянын курмандыктары эскерилет.

- Кыргыз саясатындагы маалыматтын жетишсиздигин айткан ЖКнын депутаты УЛУКБЕК КОЧКОРОВ: “Баткенде кыргыздардын балдары Өзбекстандын телеканалдарын көрүп тарбияланып, Ислам Каримовду президентибиз деп ойлошот”,- деди.
- ЖКнын депутаты Канатбек Исаевдин бир тууган агасы ТАЛАНТБЕК ИСАЕВ ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
- Качып кеткен АХМАТБЕК БАКИЕВДИН чек арадан өтпөгөндүгүн 13-мартта УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Наркул Байдилетов билдирди.
- 15-мартта белгилүү саясат таануучу НУР ОМАРОВ 46 жашында жүрөгү токтоп калып, кайтыш болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Наркул Байдилетов жоопко тартылсын эгер билген болсо. Себеби ал унчукпастан откозуп жиберген. Жазасын алсын.