Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭНЕ ТУРУП 9 ЖАШАР БАЛАНЫН ӨМҮРҮН КЫЙЫШТЫ

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.


Жакында Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш иши катталды. Акча үчүн 9 жашар баланы муунтуп өлтүрүшүптүр. Болгондо да аялдар. Бул жорукка кантип колу барды? Жок дегенде өз баласын ойлоп колу титиребеди бекен, чиркин?!

БОЛГОН КҮНӨӨСҮ – КЫЛМЫШ ҮСТҮНӨН ЧЫККАНЫ
Тергөө версиясы боюнча, окуя төмөндөгүдөй болгон. Эрландын ата-энеси Мадыш менен Мээрим бардык эле жаш үй-бүлөлөрдөй батирлеп жашашчу. Эрлан Көлмө жаңы конушунда жайгашкан мектепте окугандыктан, ошол аймактан батир издешкен. Ошентип, Шайлоо аттуу айымдын үйүнө көчүп келишип, алдын ала эки айга батирдин акчасын төлөшкөн. Анткени ал “мен айылга кетем, силер өзүңөр эле жашайсыңар” дейт. Бирок акчаны алгандан кийин кожойке башкача чечимге келген белем, кеткиси келбей калат.
Коңшуларынын айтымында, Шайлоо эки-үч жолу турмушка чыккан экен. Эки баласын айылдагы туугандарына бактырып, өзү 1 жаштагы уулу менен шаарда жашачу. Өзү эч жерде иштебей туруп бала багуучу жалдаганы кызык. Эки ай мурун "Ош базарындагы" радиотүйүндөн "айына 3000 сом төлөп берем" деп бала бактырганга Жайна аттуу келинди таап келет. Бирок ага да айлыгын бербей келген.
Каргашалуу күнү Шайлоо менен Жайна квартиранттарынын акчасын уурдамакчы болушат (анткени үй ээлери "үйгө көз салып тургула, акча бар" деп суранышкан экен). Ата-энеси жумушка кетип, өзү мектепке барганга даярданып жаткан Эрланды “сен бирдик салып келе койчу” деп күркөгө жөнөтүшөт да, ал чыгып кетери менен сандыкты чачып киришет. Сандыктын ичиндеги акча чогултулган кутуну таап, талкалап, үй-бүлө мээнет кылып чогулткан акчаны (болжол менен 80-100 миң) алышат. Так ошол учурда Эрлан келип калат. Кылмыштарын көрүп калган баланы кантишет? Экөө аны өлтүрүүнү чечишет. Бири баланын колунан кармап турса, экинчиси колун байлап, оозу-мурдуна, кулагына идиш жууган порошоктон салып, башына пакет кийгизип, байлап койгон. Бала тумчугуп, тым-тым болгондон кийин бөлмөнү сыртынан кулпулап өз бөлмөсүнө кирип кетишкен. Айлакерликке баракелде, кийин экөө эч нерсе болбогондой уурдап алышкан акчага тамак-аш алып келишип, коңшуларын конокко чакырышат. Бирок негедир кошуналары басып келишпептир. Балким, "үйгө көп киши кирип-чыкса, билинбей калабыз" деп да ойлошкон чыгар. Андан кийин эч нерсени билмексен болуп жата беришкен.
12-мартта кечки саат 20:00 чамасында Эрландын ата-энеси жумуштан келип, уулунун жансыз денесин табышкан. Эки колу артына скотч менен байланып, башына пакет кийгизилип коюлган экен. Ата-эне үмүт үзө албай, баланы ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер каза болгонуна бир нече саат болгонун айтышат.
Кылмышты иликтөөгө Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин из кубарлары киришип, Эрландын үй-бүлөсүн тааныган көптөгөн адамдар суралат. Эртеси Эрландын ата-энеси жашаган батирдин ээси – 1984-жылы туулган Шайлоо Исмаилова жана анын баласын багуучу – 1981-жылы туулган Жайна Баймуратова шектүү катары кармалган. Себеби сурак учурунда алардын көрсөтмөлөрү эки башка чыкканы шек жараткан эле. Кармалгандан кийин Шайлоонун жанынан 4500 сом, Жайнанын жанынан 500 сом эле табылып, калганы кайда экени азырынча белгисиз. Шайлоо Жайнага 500 сом карматып, "калганын кийин бөлүп алабыз" деген экен.

“АКЧАНЫ АЛСА, ИЗДЕП КАЛА БЕРМЕКПИЗ. ЭМИ УУЛУМДУ КАНТИП ТАБАМ?!”
Уулун жоготкон, болгондо да ушундай жол менен айрылып отурган ата-эненин кайгысына чек жок. Эрландын апасы “акчаны алса мейли эле, баланы эмне үчүн өлтүрөт?!” деп көз жашын төгүп, төмөнкүлөрдү баяндады:
  –Жолдошум экөөбүз эртеден кечке жумуштабыз. Эрлан мектепке өзү эле барып келчү. Сабакты да жакшы окучу. Ага барып келгенге жеңил болсун деп батирди да жакын жерден тапканбыз. Киргенибизге 12 эле күн болгон. Негизи эле киргенден кийин Шайлоо жакпай калган. Эркектер көп келип, ызы-чуулуу үй болчу. Акыры чыдабай "акчабызды кайтарып бер, башка жакка көчөлү" десек, акчаны коротуп жибериптир. Жок дегенде акчасы төлөнгөн эки айдын бир айын жашап, анан айлык тийгенде башка батирге көчөлү деп айласыз жашап жаткан элек. Мындай болорун билгенде... Шайлоонун баласын баккан Жайна да мурун турмушка чыгып, ажырашып кетиптир, эки-үч баласы бар экен. Мен аларга "балам үйдө жалгыз калат, каралаша тургула, акчасын деле төлөп берем" деп айтканмын. Көрсө, карышкырларга кой кайтартып жүрүптүрбүз.
Ошол күнү биз жумушка кеткенбиз, Эрлан үйдө жалгыз калган. Кечинде жолдошум жумушу бүткөндөн кийин мага келип, экөөбүз үйгө чогуу келгенбиз. Бөлмөбүз бек экен, бирок ичинде сыналгы иштеп жатыптыр. Шайлоого кирип, "Эрлан дагы эле сабактан келе элекпи?" деп сурасам, келе электигин айтты. Ачкычты дайыма коюп жүргөн ордунан таппай калсам, Шайлоо “менин өтүгүмдүн ичине салып коюптур” деп көтөрүп келди. Караңгы кирип калган эле, жарыкты күйгүзсөк, чачылган төшөктөрдүн үстүндө Эрлан колу артына байланып жатыптыр. Жолдошум көтөрө койду эле, башына пакет кийгизилип, дем албай жатыптыр. Оозу-мурдуна, кулагына идиш жуугуч порошокторду тыгып, башына пакет кийгизип, моюнун торт байлаган жип менен байлап коюптур, акмактар (солкулдап ыйлап жиберди)!   
Дем албай жатса да, үмүтүм үзүлбөй койду, ооруканага алып келдик. Шайлоо болсо эч сыр бербей “Тез жардамды” чакырып, ооруканага чогуу барып, таң аткыча жанымда жүргөн. Дагы “эже, менин органда, кримчөйрөдө тааныштарым бар, балаңызды өлтүргөн адамдарды таап, акесин окутабыз” деп ар кайсыны айтып жүрөт. "Сен үйгө келген кишини байкабадыңбы?" десем, "баламды кучактаган боюнча уктап калып, эч нерсе байкабапмын" деди. Кичине өзүмө келгенде милиция кызматкерлери “шектенип жүргөн адамыңыз барбы?” деп сурашты. Ойлонуп көрсөм, Шайлоодон башка шектене турган деле кишим жок экен. Акча анчалык керек экен, уулум сабакка кеткенден кийин деле уурдашпайбы, акчаны издеп кала бермекпиз. Экөө тең эне болуп туруп баланы өлтүргөнгө кантип колдору барды?! Уулумдун тыбырчылап жатканын элестетсем, жаным көзүмө көрүнөт. Кандай сот караса да таза, адилет соттосо экен деп үмүт кылып жатабыз. Уулумду кыйнап өлтүргөндөр өз жазасын алышсын.
Мадыш – менин экинчи жолдошум, Эрлан мурунку күйөөмдөн төрөлгөн бала болчу, туулган жерибиз Таласка коюп келдик. Ал жерден да мурунку кайын журтумдан укпаган сөздөрдү уктум. Өзүм баламдан айрылып араң турсам, алар мени "экинчи күйөөң экөөң эле атайылап өлтүрүп койдуңар" дегенге чейин барышты.
  

“ӨЗГӨЧӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮШКӨН”
Бул кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБинин маалымат инспектору Айгүл Давлетбаева буларды билдирди:
 – Кылмышка шектүүлөр кармалып, СИЗОго киргизилди. Далил буюмдар табылып, тартылып алынды. Учурда алардын үстүнөн Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3, 6, 8-пункттары (киши өлтүрүү, алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өзгөчө мыкаачылык менен, пайда табуу максатында өлтүрүп же жалданып, ошого тете каракчылык менен коштолгондо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда "баланы өлтүрдү" деп шектелгендер "мен колун кармап турганмын, сен өлтүргөнсүң" деп күнөөнү бири-бирине оодарып жаткан учуру. Бейкүнөө баланын өмүрүн кыйгандар татыктуу жазасын алсын дейбиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



9 жашар баланын башына баштык кийгизип өлтүрүшкөн

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(120)
26.03.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды таш баран кылыш керек.
26.03.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч жакшылык корбой калгырлар булар зоокурлор кебетенер менен силерди кудай урсун.Наристе байкушта эмне куноо алдап алса деле болот эле го акчаны кайрат кылыныз апасы кудайым бейиштен орун берсин эрланга
SUPER.KG видео
27.03.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды асып эле салыш керек!!! бологу аздык кылат
SUPER.KG видео
27.03.2012. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akcha uchun ushul baikush balani olturgongo kantip koldoru bardi ayal bolup turup, olup ele kalishsin ekoo ten, nyankasinda da kunoo, baikush enesine ayabay ele jaman boldu. Jashoo emen bolup baratat, Kudai saktasin ushunday mikaachylardan.
SUPER.KG видео
27.03.2012. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ташбаран кылыш кылыш керек ушуга окшогон макоолорду жон эле элге берип коюш керек алар оздору чечет...
27.03.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо,кылдым...Экоо тен бир аз крышасынан тайган немелер го.Бир муноттук жанылыштыктын салакасы мин кундук,мындайларды таш баранга алыш керек.Эне деген атка татыксыз манкурттар.Кудай озу кечирбесин.Буларга бир соз ашыкча,эки соз коптук кылат.Олум жазасына татыктуу айбандар.
27.03.2012. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх.х...Эрландын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Жаны жаннаттан орун алсын,калган омурун ата-энесине,туугандарына берсин.Апасына сабыр тилейм,кайгынызды тен болушобуз...кайрат кылыныз!Шайлоо м.н Жайна абакта болобу,эркиндикте болобу Аллахым омурлорун берсин,омур бою абийир соттоп,"канкор,айбан,манкурт"атыгып жер безип,козунон жаш эмес кан агып калсын.Ичкени ирин болуп,баланын клёнка кийгизгени коз алдынан кетпей,ар дайым кыйынчылыкта жашашсын.Эгер атып салса,анда тез эле,оной эле олуп ку
SUPER.KG видео
27.03.2012. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chochkolor! apasy menen uruwsa balada emne kunoo?
27.03.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми биз кандай айтканда деле бул озгорбочу иш. Баары Алла Тааланын колунда эмеспи, эн башкысы Эрландын жаткан жери жайлуу болсун.
27.03.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар!
27.03.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдарга ыйман берсе экен.
27.03.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООй тоба кылдым мен ушунчалык 2 энеге нааразычылык билдирем аларды омур бою камаш керек!
27.03.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп журогум ооруду.Адамдар адам бололучу.Акчанын,байлыктын артынан зоокур болуп баратабыз.Айбанда мынчалыка барбайт.Шакалдар
27.03.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп, суроттогу баланы да карай албадым! Жокчулук жашоо адамдарды айбан кылып койдубу?
27.03.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне деген ушундайга барабы акмактар акыр заман келдиби
SUPER.KG видео
28.03.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип колу барды баланы олтургонго акмактар кудай жазанарды берсин
28.03.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне деген создон айланган АКМАКТАР!!! Журогум ооруп чыкты ...Кантип колдору барды наристени олтургонго? Эки дуйнодо жакшылык корушпосун.
28.03.2012. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча кунолуу, атанеси акчаны уйдо балееге сакташавы десен
ойлонгула элдер кеч бололекте азыркы заманда бир туугандар бирин бири олтуруп жатканда жат бироого ишенип болобу акчаны кредит карточкасында сактабайбы кокуй каран кун ай,билбегендик да.
28.03.2012. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ujdo ak4a bar dep ozdoru aityp ketkeni kyzyk eken! (анткени үй ээлери "үйгө көз салып тургула, акча бар" деп суранышкан экен.
2 Buttu aibandar koboio bawtady ne deibiz, Alla taalam Yjman bersin
28.03.2012. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
электрический стул и больше ничего им не надо.
28.03.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненин таманы бейиш эмеспи!О кудай озун сактай кор мындай боору таш Энелерден,Бул жашоодо эч нерсе жоопсуз калбайт,бир кун келип бул таш боор,зоокур энелердин да коз жашы тогулор!!!
28.03.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardy tashbaranga alsa da azdyk kylat/
28.03.2012. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ушундай адамдардан оолак кылса экен.Адамдар эмне болуп баратат ошончолук болсо ала турган акчасын алып жон кетишпейт беле.Энеси эми эмне гана кунду откорот.Бул мыкачы айбандарга кыйноо менен олумдон башка жаза жок.Мээримге кайраттуу бол,балан учун кайраттуу болушун керек демекчимин.
28.03.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баласы мектепке кеткенде деле уурдашпайбы уурдагысы келишсе, бир минут дем ала албай калсан кандай болосун, Алла Таалам жазасын берет бул дуйнодо да жана тигил дуйнодо да, Эрландын жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун,
28.03.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айагына чейин окуй албай койдум жашабагырлар кантип колу барды буларга сурактын кереги жок сразу эле олум жазасын берсе экен наристенин арбагы уруп кетсин силерди буларга олум
28.03.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энесине айтарым эми сабыр кылыныздар арты кайрылуу болсун буларды олум жазасына бергиле жаткан жери жайлуу болсун
28.03.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун.Бул эмне деген мыкаачылык! Ушундай да энелер болобу???
28.03.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий байкуш бала он гулунун бир гулу ачыла электе кетиптир го,эч нерсени корбой кетиптир,жаткан жерин жайлуу болсун Эрлан!Журогум ачышып ооруп чыкты.Энелердин колунан ушундай келип аткандан кийин башкалар жонундо соз жок,замандын бузулганы ушу да,мындай зоокур акмактарды турмодо бакпай эле атып салышса экен,тозокто орттонгурлор,НААЛАТ СИЛЕРГЕ!
28.03.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар апа емес жырткычтар,эрланды кандай кылса буларды да ошондой кылып олтуруш керек.эрландын жаткан жери жайлу болсун.
29.03.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалыкка да барабы,окуп алып озумду аябай жаман сездим,жан дуйном эзилип.Байкуш апасына аябай боорум оруду.Кудай сабыр берсин.Энелик ыйык касиет эмес,аз болсо да адамдык сапаты калган адам мындай иш кылмак эмес.Арабызда ушундай жырткычтар бар экени коркунучтуу.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: