Өткөн жылдын ноябрь айында “кыш болбойт” деген билдирүүсү менен көпчүлүктүн оозун Ошту караткан Арстанбек Абдылдаевди кыска кепке тарттык. "Кыш болбойт дедиңиз эле, кыштан кантип чыктыңыз?" деп.
– "Кыш болбойт" деген сөздү эмнеге таянып айткансыз?
– Эл туура эмес түшүнүп алды. Батыш өлкөлөрүндө кыш болбойт, суу каптайт деп айткам. Бул сөз – көкүрөк сезим менен айтылган маалымат. Чындыгында, декабрь жана январь айларында Батыш өлкөлөрүндө суук болгон жок. Мисалы, Германияда сууга түшүп Жаңы жыл тосушту. Экинчи мааниси, эски доор бүтүп жаткан убакта адамдын көкүрөгүндө кыш, муз болбой, бири-бирибизге жакшылык гана каалап, ниет-пейилибизди түздөшүбүз керек. Үчүнчүдөн, Түндүк Муз океаны эрип, Жер эне жаңы Алтын Доорго даярданып, иретке келип жатат. Үч-төрт жылдан кийин кыш азыркыдай болбой жеңил болуп калат.
– "Путин – биоробот" деп чыктыңыз. Муну эмненин негизинде айттыңыз?
– Анын баарын мага түшкөн маалыматтын негизинде айткам. "Путин – татаал биоробот, анын генинде дүйнөнү сактап калуучу ген катылган жана сенде да келечектин коду бар" деген маалымат түшкөн. Кыргызстан – дүйнөнүн борбору. Кыргыздар арийлердин канынан жаралган. Орус эли да арийлердин канынан жаралгандыктан, Кыргызстан менен Путин дүйнөнү сактап калат деп айткам.
"Быйыл кыш сиздин сөзүңүзгө каардандыбы, өзгөчө оор болду. Кыштан кантип чыктыңыз?" деген сурообузга Арстанбек мырзанын жооп бергиси келген жок.
"ЗИМА не БУДЕТ" деди эле, кыш узакка созулду. Эми "Денег не Будет" деп койсо жакшы болоор беле ыя? Асмандан акча жаап калаар беле деген ой кетип жатат кургурдуку десе...
башын сайыш керек болчу да бул ванганы)))
ар кимдин мировозрениеси ар башка да
негизгиси кыргызстанды кыргызды жамандаваптыр го