24-25-март күндөрү “Супер-Инфо” гезитинин демөөрчүлүгү астында борборубузда кичи футбол боюнча Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) 2012-жылкы кубогу өттү. Салтка айланып, быйыл үчүнчү жолу уюшулуп жаткан мелдешке аталган окуу жайдын студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери катышышты. Анда 10 команда алгач беш-бештен бөлүнүп 2 тайпада кармаш жүргүзүштү. Катуу кармаштын жыйынтыгында алгач жарым финалга эки тайпадан 3төн команда чыккан. Алар бири-бири менен ойноп, 3 финалчыны аныкташты. Ал эми финалчылар "ЕСО", "PES United" жана "Бүтүрүүчүлөр" командалары чемпиондук үчүн бири-бири менен ойноп, упай топтошту. Жыйынтыгында 4 упай топтоп "AUCA Cup-2012" мелдешинин жаңы чемпиону "ECO" командасы болуп калды. Экинчилик "Бүтүрүүчүлөрдүн" наамына жазылса, өткөн жылдын чемпиону "PES United" коло тагынууга мажбур болду.
Бир бүркүм...
- 25-мартта Кара-Балтадагы “Манас” спорт комплексинде бокс боюнча 15-16 жаштагы балдар арасында өлкө чемпиондугу башталды. Анда 192 спортчу 15 салмакта күч сынашат.
- Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында кармашып мушташуу боюнча Евразиянын чемпиону Улан Эралиевдин атын алган өспүрүмдөрдүн күрөш залы ачылды. Залдын ачылышына спортчу өзү катышып, лентасын кесип келди.
sport@super.kg