БААРЫБЫЗ ФУТБОЛГО!
№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
Футбол
31-мартта өлкөбүздө футболдук сезонго старт берилди. Бул күнү Канттын “Борбордук” стадионунда бишкектик “Дордой” (2011-жылкы Өлкө чемпиону) менен Канттын “Абдыш-Атасы” (2011-жылкы Көз карандысыздык кубогунун жеңүүчүсү) Суперкубогу үчүн беттешти. Мындан ары 2 беттештен турган Суперкубок үчүн болгон оюндун биринчиси 3:1 эсебинде бишкектиктердин жеңиши менен аяктады. Өз үйүндө жеңишти колдон чыгарган канттыктар “салгылашты уттурдук, бирок согушту эмес” деп реванш алууга катуу даярданып жатышат. Жооптук оюн 8-апрель, жекшемби күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурунку “Спартак”) орун алат. Андыктан баарыңыздарды футболго чакырабыз, келгиле! Башталышы 15:00дө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1