БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ ШАДИЕВДИ АКТАДЫ...
- Европалык Биримдик Кыргызстан менен Казакстандын аба компанияларын мурункудай эле "кара тизмеде" калтырды.
- Өкмөт Кыргызстандан нефти продуктуларын алып чыгуу боюнча убактылуу тыюу салууну дагы узартты.
- “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча жаңы ведомствонун кызматкерлери пара албашы үчүн татыктуу айлык беришибиз керек”,- деди вице-премьер Жоомарт Оторбаев.
- Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж ЖК депутаттарынын алдында сүйлөп жатып, Кыргызстанга келчү монголдордун делегациясынын көпчүлүгүнө учакта орун жетпей, келе албаганын айтты.
- Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун чакыруусу боюнча Сауд Арабиясынын ханзаадасы Фейсал Кыргызстанга май айынын башында келет.

- Өлкөдө тоюттун жетишсиздигинен
27 миңден ашуун мал кырылды.
- Депутаттык комиссия "Аскарбек Шадиевдин радиоактивдүү көмүр боюнча айыбы жок" деп таап, актады. Айрым эл өкүлдөрү анын кайрадан Энергетика министрлигине бекитилишин айтышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1