Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Аида Салянова, КРнын Башкы прокурору: «ПИРМАТОВ ДА, ШАДИЕВ ДА АКТАЛЫП КЕТКЕН ЖОК»

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.


Коомдо резонанс жаратып жаткан соңку окуялардан улам, түз байланышка Башкы прокурор Аида Салянованы чакырган элек. Окурмандар тарабынан чалуулар абдан көп болду. Жеке маселеси менен кайрылгандар да көп болду. Түз байланыш аягына чыкканда Аида айым "Супер-Инфонун" окурмандары үчүн атайын бир күнүмдү жеке кайрылууларга жумшайт окшойм" деп айтты.

АИДА САЛЯНОВА ЖЕҢИШБЕКОВНА

1972-жылы 6-августта Нарын шаарында туулган.
1989-1991-жылдары Фрунзе советтик соода техникумунун укук таануу бөлүмүндө окуган.
1991-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетин аяктаган.
1992-1997-жылдары Бишкек коммерциялык колледжи, Чүй жана Кыргыз улуттук университеттеринде мугалим.
1997-2008-жылдары Жогорку Кеңеште юридикалык эксперт.
2008-2010-жылдары Адилет министрлигинин статс-катчысы.
2010-жылы (апрель-декабрь) Адилет министри.
2011-жылы президенттин ЖКдагы өкүлү.
2011-жылдын 14-апрелинен тарта Башкы прокурор кызматын аркалап келет.
Билген тилдери – кыргыз, орус.
Улуттук колориттеги кийимдерге басым жасайт.

Света, Ысык-Көл:
– Биздин жаңы келген айыл өкмөт башчысы менен ортобуздан сөз өтүшүп кеткен болчу. Эмгек өргүүгө чыгып, андан кийин деле жумушка барбай жүргөм. Келсем «иштен айдалгансың» деп түртүп чыгарып койду. Тоң райондук прокуратурасына, сотко кайрылдык, жооп жок. 7 балам бар, кайда барып арызданам?
-Сиз айтып жаткан көйгөй сот аркылуу чечилет. Ошентсе да өзүңүздүн документтериңизди бизге алып келиңиз, бир карап көрөлү.

Алтынбек, Ак-Талаа:
– Мен райондук администрацияда иштеп жүргөндө өкмөт өз токтому менен БШКга которгон. Ошондон бери БШК бизге буйрук чыгарып, жумушка албай жатат. Жардам бере аласызбы?
-Бул кадрдык маселе. Муну жумушка алчу ишкана өзү чечет. Ал эми өкмөттүн токтому чыгып, ал токтом аткарылбай жаткан болсо, анда башка кеп. Мен сиз айткан токтомду карап көргүлө деп тапшырма берейин, анан ошого жараша жооп берели.

Роза, Күн-Туу айылы:
– Менин 15 жашар кызымды 5 бала коркутуп, «айтсаң өлтүрөбүз» деп зордуктап жүргөнүн билип калып, Ленин РИИБине кайрылганбыз. Бир күнү тергөөчүсү баш болуп келип «сизде эч кандай далил жок, андан көрө тосмо арыз жазып бериңиз» дегенинен жазып берип койдум эле. Кызым оорулуу болуп, кан басымы көтөрүлчү болду. Кайрадан арыз жазсам болобу?
-Негизи, тосмо арыз жазганга укугуңуз бар болчу, ошону колдонгон турбайсызбы? Азыр деле арыз жаза берсеңиз болот, кайрадан карап чыгабыз. Бирок менин жеке оюм, убагында тосмо арыз жазып берип койгонуңуз өтө туура эмес болгон.

Улан, Токмок:
– Уулуу көмүр боюнча станциянын врачтары күнөөлүү дедиңиз эле. Алар азыр деле иштеп жатышат, жумуштан алынышы керек эле да?..
-Жакшы суроо. Алардын иштен четтетилишин тактап көрүш керек экен. Балким, тергөөчү иштин жагдайларына карата чечим кабыл алгандыр. Негизи, адамды күнөөлүү же күнөөсүз деп сот гана чечет. Биз айыбын угузуп, «мына, ушундай күнөөсү бар» деп болушунча ошону далилдеп бергенге аракет кылдык. Бирок бул иш сотто каралып, «тергөө учурунда мүчүлүштүктөр кетиптир» деп кайра бизге кайтарылып берилди. Биз эми ошол мүчүлүштүктөрдү жоюп туруп, ишти кайра сотко өткөрүп беребиз.

Авазбек, Талас:
– Июнь, Апрель окуяларынын күнөөлүүлөрү качан жазаланат?
-Апрель окуясы боюнча тергөө иштери жүрүп келе жатат. Прокуратура өз ишин аткарып, көзөмөлдөө жүргүзүүдө. Ооба, баары 100 пайыз жоопко тартылды, иш жакшы нукта баратат деп айта албайм. Бирок жумуштун жүрүшүндө жылыш бар. Эгерде Апрель окуялары боюнча сот процессин айта турган болсок, прокуратура өз ишин аткарып бүтүп, тиешелүү адамдарга айыптарын угузуп, сотко өткөргөн. Мен ойлойм, сот иштеринин жыйынтыгы менен күнөөлүүлөрдүн баары тийиштүү жазаларын алат.
Июнь окуясы боюнча, бүгүн, негизи, тергелип жаткан иштер өндүрүштө калбады десем болот. Анткени алардын көпчүлүгү такыр такталган эмес, айрымдары издөөгө жарыяланган. Кээ бир адамдар болсо биз жарыялаган издөөнүн негизинде бөлөк мамлекеттерде кармалып, азыр экстрадиция маселелери чечилип жатат.

Чыңгыз, Нарын:
– Мен кесибим боюнча юристмин, окууну артыкчылык менен бүткөм. Кантип мен сыяктуу карапайым үй-бүлөнүн уулу прокуратурага ишке орношсо болот?

-Негизи, прокуратурага жумушка кириш үчүн же коомдук жардамчы болуп иштеп, же былтыркы өткөн сынакка катышсаңыз болмок. Анткени ошол сынактын жыйынтыгы менен 81 бала өткөн. Мына ошол балдар акырындык менен жумушка орношуп келе жатат. Ошолордун көпчүлүгү кадимки эле карапайым кишилердин балдары экен. Андай сынактар дагы деле болот, бирок былтыркы сынактан өткөн балдарды жумушка алып бүткөн соң гана. Ал эми азыр сизде үйрөнүп иштей бериш үчүн коомдук жардамчы болуп киргенге мүмкүнчүлүк бар.

Аида Салянова айым www.super.kg сайтыбыздын колдонуучулары калтырган суроолорго да жооп берди.

adalsvards:
– Айымдарга караганда эркектер басымдуулук кылган мекемеде иштөө ыңгайсыздык жаратабы?
-Бир гана прокуратура эмес, жалпы эле айтайынчы. Мен көп мекемелерде иштегем. Аял-эркек, жаш-кары деген маселелер ыңгайсыздык жаратпайт. Мага эки жүздүү, акча, мансап үчүн адамдык абийирин сатканга даяр адамдар менен иштешүү ыңгайсыз.

Adikalon:
– Исхак Пирматовдун иши боюнча Жогорку Кеңештин чечимин кандай кабыл алдыңыз? Мындай чечим коррупцияга каршы күрөшкө бут тосуу эмеспи? Бул боюнча президентке жардам сурап кайрылдыңызбы?
-Президентке жардам сурап кайрылган жокмун, анткени жардам сурай турган деле жагдай түзүлбөдү. Президент өзү деле баарын байкап, баамдап отурган чыгар деген ойдомун. Кандай чечим чыгарат, бул парламенттин өзүнүн укугу. Мен азыр «парламент туура эмес чечим чыгарды» деп айтсам, мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбей калат.

– Бакиевдерди жана анын жан жөкөрлөрүн Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүнбү? Же ушул бойдон эле баары унутулуп калабы?
-Курманбек Бакиев боюнча биздин кайрылуубузга Беларусь өлкөсү бир нече ирет баш тартты. Биздин иш-аракетибизге алар «силердин куугунтугуңар саясатка байланыштуу болуп жатат» деп баа берип кутулууда. Демек, ал өлкөдө азыркы бийлик, президент Лукашенко иштеп турганда биз канча аракет кылбайлы, майнап чыкпайт. Ошондуктан менде «Бакиевди эртең эле бизге берип коёт» деген үмүт жок.

shasi:
– Мурунку Баш прокурор Кубатбек Байболов "экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган сиңдиси "Манас" университетине берилген жерди талашып, соттошуп жүргөн. Эжеси президент болгон соң сот процесси анын пайдасына чечиле баштады" деп айтып чыккан эле. Ошол иштин тагдыры эмне болгонунан кабарыңыз барбы?
-Биринчиден, бул жарандык иш, прокуратуранын буга эч кандай тиешеси жок. Бирок менде жалпы маалымат бар, Байболов мырза ушул маселени көтөрүп чыкканда биз да кызыгып караганбыз. Бул иш боюнча Жогорку Соттун акыркы чечими 2008-жылы Роза Исаковнанын сиңдисинин күйөөсүнүн пайдасына кабыл алынган экен. Ал учур Роза Исаковнанын оппозицияда жүргөн мезгили болчу. Демек, ошол мезгилде Жогорку Сот ошондой чечим чыгарган болсо, мен ойлойм, адилеттүү эле чечим чыгарган.

Агата Кристи:
– Менин эжем менен чогуу окуган экенсиздер. Ал сизди "адилеттикти сүйгөн кыз болчу, азыр кандай болуп калды экен?" деп калат. Мезгил сизди өзгөрттүбү?
-Эски тааныштар жолугуп калганда «сен ошол боюнча эле экенсиң» деп калышат. Бул мен үчүн жагымдуу. Мени көп жылдан бери көрө элек киши чын эле ойлошу мүмкүн, «министр болгон, азыр прокурор болуп иштеп жатат, башкача болуп калгандыр...» деп. Айтарым, адамда кенедей кезинен калыптанып калган жакшы сапаттары жоголбошу керек.

"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР

– Пирматов менен Шадиевдин акталышы Башкы прокуратура- Жогорку Кеңеш тиреши 1:0 эсебинде парламентарийлердин пайдасына чечилди. Ушундай күү менен жүрүп отурсак, мындан ары депутат, министрлерге карата козголгон кылмыш иштеринин орто жолдо калып кетүү адаты пайда болбойбу?
– Биринчиден, Пирматов дагы, Шадиев дагы акталып кеткен жок. Анткени актоо өкүмүн сот гана чыгарат. Бул парламенттин гана берген баасы. Бирок чындык деген чындык. Кандай болгон күндө дагы эл өз баасын берип жатпайбы азыркы учурда, туурабы? Пирматовдун иши боюнча биз парламенттин макулдугун ала албай калгандыктан, иш убактылуу токтотулат. Шадиев боюнча айтсам, анын учурдагы абалы тергөөгө эч кандай тоскоол боло албайт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүүдө.

– Депутаттык комиссиянын ушундай аракеттерин эске алып, Башкы прокуратура мыйзамга өзгөртүү киргизүү сыяктуу радикалдуу кадамдарга бара алабы?
– Мыйзамга өзгөртүү киргизип коюу көп деле кыйын иш эмес. Бирок мыйзамдан мурун адамдардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүү зарыл бүгүнкү күндө. Укуктук жактан алганда, биздин аң-сезимибиз абдан төмөн. Негизи, укук таануу бала бакчадан башталууга тийиш. Албетте, сөзсүз бала бакчадан адвокат же прокурорлорду тарбиялоо деген маселе эмес, укук деген эмне, адамдар бири-биринин укугун кантип сыйлашы керек, бирөө колу менен жасаган ишинин жазасын тартышы керек деген принциптерди биз кенедейибизден аң-сезимибизге сиңиришибиз керек. Ошондо гана жоопкерчиликтен качуу деген нерсени коомдо таптакыр жат көрүнүш катары калыптандыра алабыз.

– Депутат Алтынбек Сулайманов «Башкы прокурор өз алдынча иш жүргүзбөйт. Кесипкөй эмес, ал саясий буюртмаларды аткарууну токтотушу керек» деп айтып чыкты. Сиздин жообуңуз...
– «Бул жерде эч кандай саясий кызыкчылык жок» деп депутаттык комиссиянын справкасында так жазылган. Ошон үчүн Сулайманов эмнени сүйлөп жатканын мен билбейм. Ал эми кесипкөйлүк жөнүндө Сулаймановдун түшүнүгүн да такташ керек экен. Ал өзү кесипкөйлүк дегенде эмнени түшүнөт? Мен «Салянова эч качан прокурор болуп иштеген эмес, тажрыйбасы аз» дегендер үчүн айта кетейин. Мен мугалим болуп иштеп баштаганда эле укук сабактарын берчүмүн. Экинчиден, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинде 11 жылдан ашык иштегем. Мыйзамдарды талдап, экспертиза жасап, көптөгөн мыйзамдарды жаздым. Жазган мыйзамдардын саны боюнча алдыма Өмүрбек Текебаев эле кетпесе, башка бирөөнүн чыгышы кыйын деп ойлойм. ЖКда иштеп жүргөндө кайрылып келген жарандардын, адвокаттардын колундагы тергөөнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн талдап, өзүбүздүн оюбузду айтып, комитетке, парламентке алып чыкчубуз. Менимче, Баш прокурор болуш үчүн сөзсүз эле мурда прокурор болуп иштөөнүн зарылчылыгы жок.


БЕЙНЕ

«ХОР ЫРДАП, ВЕЛОСИПЕД ТЭЭП ЧОҢОЙДУМ»
– Нарында төрөлүп-өскөм. Чкалов атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн биримин. «Алтын балалык» деген балдардын хор ансамбли бар болчу. Ошол хордо ырдачумун, аны менен кээде Фрунзеге келип өнөрүбүздү тартуулап кетер элек. Окуучулук кезде велосипед тепкенди аябай жакшы көрчүмүн. Жазган ырларым, макалаларым Фрунзеде гезиттерге басылып чыгып турчу. Эсимде, 6-класста окуп жаткан маалда Фрунзеден алгачкы гонорарым барган, 1-2 рублдун тегерегинде. Ал кезде чоң акча эле да. Биринчи тапкан маянам деп аябай кубангам.
Атам коммуналдык чарбага эмгек сиңирген кызматкер, өмүр бою жол салып, мончо, мейманканаларды куруп, бак-дарак отургузуп кызмат өтөдү. Азыр персоналдык пенсионер. Апамдын кесиби мугалим, бирок социалдык тармактарда эмгектенип, ошол жактан пенсияга чыкты.

«ОКУУДАН КИЙИН ПРОКУРАТУРАГА КИРҮҮ ООР БОЛДУ»
– Мен юрист болом деп 2-класста эле чечип койгом. Азыр ойлосом, юрист деген эмне кесип экенин түшүнүп-түшүнбөгөн убагым экен. Кинолордон тергөөчү, прокурор, сотторду көрүп алып, ошолорго окшоп юрист болом деп кыялдансам керек да. Анан жылдан-жылга ал каалоону бекемдеп отуруп, кийин Фрунзеге келип кесиптик окуу жайдын укук таануу бөлүмүнө тапшырып, аны артыкчылык менен бүткөм. Андан ары университетти да кызыл диплом менен аяктап, бирок бир жылдан ашык прокуратурага жумушка орношо албай жүрдүм. Анткени ал кезде ачык сынактар жок болчу. Ошентип жүрүп, 1996-жылы Чүй университетине мугалим болуп ишке кирдим. Бир жыл өтпөй Жогорку Кеңешке жумушка алышып, менин мамлекеттик кызматтагы карьерам ушул жерден башталды.

«УУЛУМ ДА ЮРИСТ БОЛСОМБУ ДЕЙТ»
– Эки балам бар. Улуу балам Бакай азыр Кыргыз-Орус Славян университетинде 1-курста окуйт. Эл аралык факультетте, бирок азыр «юридика тармагына эле окусамбы?» деп ойлонууда. Кызым болсо кичинекей, быйыл, буюрса, 10 жашка толот. Жолдошумдун чакан бизнеси бар. Мен өмүр бою эле мамлекеттик кызматтарда келе жаткандыктан, бизди багып, шарт түзүп берип, үй-бүлөбүз үчүн жанын аябай иштеген жолдошум.
Жумуштан үйгө өтө кеч барам, ошондуктан алжапкыч тагынып ашканага кирем десем калп болуп калат. Үйгө барганда тамак даяр, баары жай-жайында болушу керек. Анын үстүнө мен үйгө көп учурда жумуштан кагаздарды көтөрүп барган күндөр болот. Жумушта деле иштей берсем болот, түнкү саат 1-2лерге чейин, бирок бир чети үйдөн иштегеним да пайдалуу. Кызымдын ары-бери чуркап жүргөнүн көрөм, сабактарына анча-мынча көз салып турганга шарт түзүлөт. Ошондуктан үй тиричилигине тиешелүү көңүл бурганга убактым жок. Мага жардам берчү кишилер бар, кемчилигимди билдирбей, жетишпей жаткан иштеримди бүтүрүп турган алтын апам бар. Менин эң жакыным, досум, кеңешчим, колума кол болгон жардамчым дагы апам.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg



Аида Салянова: "Пирматов да, Шадиев да акталып кеткен жок" (1-бөлүк)

Аида Салянова: "Пирматов да, Шадиев да акталып кеткен жок" (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(43)
SUPER.KG видео
17.04.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куноолу адам, сразу эле камалыш керек!!! камалбай дагы деле акталбай журобу, значит ортодо коррупция болуп жатат. это любой дурак поймет!!!
SUPER.KG видео
17.04.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktygulya, адамды далилсиз каралоого жол берилбейт! Сизге азырынча эскертүү, кийинкисинде "мончого" жөнөйсүз! Эринбей эрежелерди окуйбуз!
Модератор MiranA түзөттү 17.04.2012 14:09
SUPER.KG видео
17.04.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Миссирейип,отуруп алып мактаныптырго
SUPER.KG видео
17.04.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сындаш оной, бирок оз пикирибизди айтуубуз керекко. Салянова кесипкой экенине каршылык жок, оз ишин татыктуу алпарууда, бирок биздин бийлик системасы тушунуксуз деп ойлойм. Депутатты соттосо болот дейт, бирок депутаттар саясий баа берсе, соттоого болбойт деген да болобу? Абсурд мыйзамго бул? Ушундай абсурд мыйзамдар олкобуздо коп экен, анан кантип мамлекетибизде тартип орнойт? Салянова интервьюсунда, бир жерден кызыктай суйлоп койду, прокуратурага кириш учун тааныш издедим деп, бул коррупцияда.
SUPER.KG видео
17.04.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салянова айым, сиз сот системасында чындап реформа кылсаныз жана эл сот системасына ишенип баштаса, ошондо сиз жалпы элдин кадыр баркына ээ болот элениз дей элем. ж.о.э. эл-журт сизден ушул сот системасындагы реформаны жасоодо оор миссиянызды ийгиликтуу аткаруунузду кутуудо деп ойлом. Эл учун болгон аракеттеринизге ийгилик каалайм!!!
SUPER.KG видео
17.04.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аида Салянованын жылмаюсун биринчи жолу кордум, балалыкты эстегенде сонун жылмайып койдуго, балалык кездеги сурооолорду коп бериш керек экен Аидага. Ал эми урматтуу модератор менин комменттеримди эмнеге алып салып жатасынар аааа?
17.04.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй туугандар ким эле ген. прокурор болуп кыйратып жиберди эле болгону ким иштен кетсе ошого кылмыш ишин козгошот же болбосо кичине жоошурагын карамашат ушул болгону
SUPER.KG видео
18.04.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде негизи ушундай эмеспи,жакшы,так,туура жолдо иштеп келаткандарды артка тартып,жаман жагын чукуп чыгып дегендей,анан дагы коро албастык деген бир жаман сапаттар бар эл ичинде.Ушундай нерсени качан токтотобуз билбейм,озубуздон баштасак эн туура болоор эле.Аида Салянова эжеге айтаарым жакшы ишти баштап келе жатасыз,ушундай ишмердуулугунуздон жазбаныз,сизге ак жол жана коп коп ийгилик!!!
SUPER.KG видео
18.04.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Аиданын өзүн-өзү алып жүрүүсү жагат. Ал эми иши жөнүндө айтсак ишин так эле аткарып жатат деп ойлойм
SUPER.KG видео
18.04.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ону кантет
SUPER.KG видео
19.04.2012. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жонокой аял экен.
SUPER.KG видео
19.04.2012. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге депутаттарды сотоого болбойт? Мен медия порталдан абактагы айымдар жонундо видио кордум эле бир жаш бийчи кыздын чонтогуно наркотик салып камап жибериптир ал кыздын буттундой омуруно балта чабылды ал кызга эч кандай нормальный бала эми уйлонбойт а эмне учун бир чон районду ондогонго жетчу акчаны депуттатар жеп коюп сайрандап эркиндикте журот. Бизде баары эптеп чон кызматка келсе тоноп тартып жесе болду биз канчага чейин Россияда темселеп журобуз дагы урматтуу депутат Акалар.
19.04.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогондору абдан орундуу, негиздуу болуп турат. Менин оюмча, ген прокурор ушундай болушу керек. Ушундай эле деп ойлогом да. Озгочо мобу создору жакты: Мыйзамга өзгөртүү киргизип коюу көп деле кыйын иш эмес. Бирок мыйзамдан мурун адамдардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүү зарыл бүгүнкү күндө. Укуктук жактан алганда, биздин аң-сезимибиз абдан төмөн. Негизи, укук таануу бала бакча
19.04.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала бакчадан башталууга тийиш. Албетте, сөзсүз бала бакчадан адвокат же прокурорлорду тарбиялоо деген маселе эмес, укук деген эмне, адамдар бири-биринин укугун кантип сыйлашы керек, бирөө колу менен жасаган ишинин жазасын тартышы керек деген принциптерди биз кенедейибизден аң-сезим
SUPER.KG видео
19.04.2012. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен салянованын балдары мынчалык чон деп ойлободум эле жолдошу карт корунот экен отунбаеванын кадры да неси болсо да
SUPER.KG видео
19.04.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мисирейген десе кичине жузундо аура жок хотя быжылбайып койбойбу же прокрормун деп эле серезнобу
SUPER.KG видео
19.04.2012. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аида вообще эч кимди уккусу келбеей, конулу жоок отуратко? Байкуш жаш туруп эле чон иштерге аралашып алдыда, болгондо да ото кара иштерге, кийин жестко жооп бере турган иштерге
19.04.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Аида эже! Оппозициядагы акмактарга кулак салуунун керекги жок!!! Келечек алдыда, КЫРГЫЗ элим сиз тарапта!
SUPER.KG видео
19.04.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карапайым эл менен туз байланышка чыгып, аларга жардам кылганга аракет кылганы жакшы. Болчуну болот, болбочуну болбойт деп туз суйлогонуно караганда, иштеген ишине серьёзно караган жакшы адам корунот. Аида айым ишинизге чооооооооон ийгиликтерди каалайм.
SUPER.KG видео
20.04.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай билимдуу аял,коро албагандар коп,нормальный иштетишпей коюшту го.Ушинтип отурсак качан биз онугобуз,чыгып келаткан бироону буттан тартып отурсак.Ийгилик,бакубат омур каалайм!!!
SUPER.KG видео
20.04.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аида, жакшы иштерди жасап жатасын. Эч коркпо, эл сен менен. Жеп-ичкендер жазасын тартыш керек. Ишине ийгилик,ден-соолук.
SUPER.KG видео
20.04.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anteya, miniusha, vertual кошулам силерге.
Мен да Аида эжени сыйлайм.
Иштерине ийгилик!
SUPER.KG видео
20.04.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Аида эже сизге окшогон жонокой адамдар келиш керек бийлике ошондо мамлекетибиз онугот.
20.04.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутундой бир мамлекетке башкы прокурор болуш оной эместиги талашсыз. Менин оюмча Аида эже дагы бышып жетиле элек, дагы тажрыйба топтошу керек. Келечекте Кыргыз элине коп кызмат кылчу адамдардын бири деп ойлойм. Иштерине ийгилик. Жараткан озу колдосун.
21.04.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенбейм очередной эле марионеткасы бийликтин канча бийлик алмашпасын прокуратура окмотко коз каранды суроолорду прокурорго эмес адвокатка бергендей эле болуп калыптыр саясый суроолордон качканго
SUPER.KG видео
27.04.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат айым экенсиз. Мен дагы кыргыз элине керегим тийген мыкты юрист болууну каалайм жана максатым орундалып келе жатканына аябай суйуном.
SUPER.KG видео
14.06.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин журогунуз ак, колунуз таза экенине ишенем. Туйшуктуу, жооптуу ишинизге ийгилик каалаймын. Ошондой эле аябай сулуу, чыныгы кыргызымдын айымысыз. Бар болунуз. Учурдагы ИИМдин тергоочусу катарында, сизди таза булганбаган жетекчи катарында билемин.
SUPER.KG видео
12.12.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en mykty aiym! erkekter kamai albai atkandardy kamap atat!
SUPER.KG видео
08.03.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кыласыз Аида эже бул кадамыныздан артка кайтпан сиз жаны реформаныз элибизге жакшы ийгилктерди алып келисин корупцияны аз да болсо жойгонго аракет кылыныз
SUPER.KG видео
21.02.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Саляновадай кырг-орусча таптак суйлоп алып туура жазгылачы коро албаган коммент-ер.Эмнеси жакпай турат,бетинде бир боегу жок эле койкоюп турбайбы,акылдуу жонокой суйлоп.Дагы эле жердешчилдердин коро албастыгы тобо.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: