БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР
№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БЫЙЫЛ СЕЛ КӨП БОЛОТ...
- Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
- Эне менен баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, кош бойлуу айымдардын 70 пайызы, ар бир экинчи ымыркай аз кандуу.

- 14-апрелде өлкө ичинде “Республика” партиясынын жаштар канаты “Антицеллофан” деген аталышта ишембилик өткөрүшөт.
- Депутат Чолпон Султанбекова Көркөм гимнастика федерациясына президент болуп шайланды.
- Бишкекте 2000ден ашуун коомдук тамактануу жайларын көзөмөлдөө үчүн 12 гана санитар-эпидемиолог калган.
- Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: “Быйыл сел алуу менен жер көчкүнүн саны көбүрөөк болот”.
- Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, эмгек мигранттары Орусиядан Кыргызстанга 2011-жылы
1,5 миллиард доллар которгон.
- Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине өзгөртүү киргизди. Мындан ары 24-март кызыл күн катары белгиленбейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0