Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАМ. БУЛ ЖАКТА КЕЛЕЧЕК ЖОК»

№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.


"Чет өлкөдө жашоо жыргал" деген жомокко ишенип канча деген жарандарыбыз башка өлкөлөргө кетип, ийгилик кушун кармаганы саналуу гана, калган далайы кордук көрүп жүрүшөт. А биз бул жактан алардын жашоосуна суктанып, "мен да барып иштеп келсемби?" деген ойго арбалабыз. Бүгүн Италиянын Неаполь шаарында 9 жылдан бери жашап-иштеп келаткан Даниел аттуу мырза ал жакта жашоо кандай экендигин айтып берет...

УЛУТЧУЛДАР БАШЫН ЖАРЫП...
"Мен деле эл катары мектепти аяктагандан кийин бир кесиптин ээси болууну көздөп, КГУСТАнын экономика факультетине тапшырып, 2001-жылы бүтүргөм. Дипломум колго тиери менен эле жумуш маселеси башыма түштү. Экономист катары мага 2000 сомдон жогорку айлык маянаны эч ким сунуштаган жок. Сураштырсам, 5 жылдык эмгек тажрыйбам болгондо гана айлыгым 5 миң сомго жетет экен. Аны укканда эле Кыргызстандан кетүү керек деген чечимге келдим",- деп баштады өз сөзүн мекендешибиз Даниел Базарбеков.
Ошентип, ал Орусияда иштеп-жашап жаткан эжеси менен жездесин көздөй жол тартат. Жетип иштей баштаган алгачкы күндөрдөн тартып эле "акчаны сузуп табам" деген үмүтүн тааш каап, оюндагыдан алда канча кыйын турмушка туш болот. Жайында кыйналып курулушта иштегени аз келгенсип, айлыгы да убагында берилбейт. Анын үстүнө курулушта иш мезгил-мезгили менен болот эмеспи.
"Жайы менен тапкан акчаңды кышы менен иш жокто коротуп коюп куру жалак кайра отуруп калмай. Орусияда жадакалса кенен дем алуу да кыйын. Качан мени милиция кызматкерлери кылдан кыйкым таап кармап кетишет деп коркуп турасың",- дейт каарманыбыз. Анан да бир ирет орустардын улутчулдарына кабылып калгандыгын эскерди.
Каралбай калган бир пансионатты аралап барып сууну суктана карап турса эле, артынан орустун 4 жигити жетип келет. "Эмне турасың? Сен кимсиң?" деген сыяктуу суроолорду жаадырып келип эле байкатпастан баштан ары уруп калат. Кепке- сөзгө келбей төртөө жабылып Даниелди башы жарылганча сабап кетишкен экен. Ансыз да бөтөн элдин азабына бышып турган эле. Ошентип, кыргыз жигити Орусиядагы эки жылдык жашоосунан кийин "бул өлкөнү желкемдин чуңкуру көрсүн" деп башка өлкөлөргө кетүүнү чечет.

БИР КИЛОГРАММДЫК НАН 122 СОМ ТУРАТ
Элдин айтымында да, өзүнүн баамында да өнүккөн Европа тарапта жашоо жеңил. Аз иштеп, көп акча табасың. Бирок Даниелдин алгач Англияга же Кореяга кетем деген тилеги орундалбай, тагдыр ташы Италияга ооптур. Алдын ала аны "8 сааттык иш күн, айлыгы 1000, 1500 евро (91 миң 500 сом)" деп жумушка чакырышат. Баргандан кийинки жашоо иш жүзүндө таптакыр башкача болуп чыгат.
Бир ресторанга идиш жуугуч болуп ишке орношуп, күнүнө алдын ала айтылгандай 8 эмес, 14 сааттан иштеп, айына 1500 эмес, 400 евро чыгат. Болгону, бир жарым ай иштеген соң чогулган айлыгын ала албай, кожоюндар күн сайын эртең, бүрсүгүнү дей бергенинен түңүлүп башка иш караштырууга аргасыз болот. Ал жактагы кымбат жашоону элестете бериңиз. Бир килограммдык нан 2 евро (122 сом) турат. Жумасына бир адамга тамактануусу үчүн эле 25-30 евро (1830 сом) сарпталат.
"Бул аябай үнөмдүү жашагандардын көрсөтмөсү. Биз майдын, эттин эң арзанын жеп, чайдын, сүттүн эң арзанын ичебиз. Жашаган батир, коммуналдык төлөмдөр бар. Учурда деле эскилиги жетип калган батирде турам, үч адам жашайбыз, 400 евродон төлөп. Анан да көп нерселерге кол жетпейт",- дейт бул тууралуу Даниел.
"Ал ресторандан кеткенден кийин Африкага жөнөтүлчү секонд-хенд кийимдерин чогултуучу болуп иштедим. Мурункуга караганда бир аз дурус эле болду. Жок дегенде айлыгым колума тийип дегендей. Анда жарым жыл эмгектенген соң өз алдымча иштейин деп базарга чыгып кеттим. Ар кандай кийим-кечек сатам. Тапканым өзүмө жетип турду. Базарда дагы жарым жыл иштеген соң кайрадан дагы бир ресторанга идиш жуугуч болуп ишке киргем. Бул жолу кожоюн жактан жолум болуп, анда 8 жылдан бери иштеп келем"
,- дейт каарманыбыз.

"ЖУМАСЫНА 7 КҮН ИШТЕЙМ"
Иш күнү кандай өтөрүн сураганыбызда: "Жумасына 7 күн эки нөөмөттө иштейм. Эртең менен ресторанга келип эки чоң залды жууйм, андан соң эки ажаткананы тазалап чыгам. Ал жумуштар бүткөн соң ашканага жардам берем, тамактарга керектелчү азыктарды аарчып, туурап дегендей. Башкы ашпозчу келген соң менин ишим жалаң гана идиш жуумай. Ал эми кечки нөөмөттө идиш жуугандан башка милдетим жок. Түнкү онго чейин иштейм",- деди Даниел.
Эң жаманы, адам ооруп калабы, башка болобу, аны менен эч кимдин иши жок, дене табың 40ка чыгып турса да ишке келишиң керек экен. Себеби мененби, себеби жокпу, айтор, эки күн иштен калсаң ордуңду жоготтум дей бер. Ал жакта да жумушсуздук күчөп тургандыктан, "мен иштейм" деп жумуш издеген эле адамдар экен. Даниел жанында иштеген 70 жаштагы абышканын жоругун айтып таң калтырды. Ал эртең менен бутуна операция жасатып, кечинде жумушка чыгып алыптыр, жумуш ордун жоготуп албайын деп. Кемпири болсо 68 жашта экенине карабай ал дагы ден соолугуна байланыштуу операциядан кийин бир жумага жетпей кайра ишке чыккан экен.

КАЙДА БАРСАҢ МАМАЙДЫН КӨРҮ
Италияда деле кечкисин сыртка чыгуу коркунучтуу. Көчөдөн колуңдагыны жулуп кетүү бул жакта турсун, үйүнө келип деле коркутуп тоноп кетишет экен. Анан да жергиликтүү тентек балдар кыргыздарды көргөндө Орусиядагыдай "жылчык көз" дебесе да, "кытай" деп басынтышат. "Кытай эмеспиз, биз кыргызбыз деп коюп басып кетебиз" деп күлүп алды каарманыбыз.
Ал жактагы кыргыз жердештери туурасында кеп козгогонубузда мекендешибиз төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Бизди бул жакта акча санаган кассирликке, жадакалса айдоочулукка да алышпайт. Жалаң гана кара жумуштар берилет. Кыз-келиндер көбүнчө карыларды, оорулууларды карап, жаш балдарды багып иштешет. Алардын иши деле оңой эмес, үй жыйнап, тазалап, кары-картаңдардын памперстерин алмаштырып дегендей. Өткөндө бир кыргыз кыз бир аялды багып жүрүп белинен грыжа болуп калыптыр. Көрсө, ал аялды көтөрүп унитазга отургузчу экен. Мындан бир топ жыл мурун бир окуя болгон.
Кыргыздын үч кызын жумушка алдык деп ээрчитип барып, сойкулук менен иштөөгө мажбурлашыптыр. Алар каршылык көрсөтсө, тамак бербей камап коюшкан экен. Бактыга жараша кыздар качып чыгып кутулушкан. Кыскасы, кооз шаарларда, деңиздин жээгинде күлүп сүрөткө түшүп, сүрөтүн Кыргызстанга жөнөтүп коюп, чындыкты айткандан уялып "мен тиги жумушта иштейм, бул жумушта иштейм" дегени менен, чындыгында, дээрлик көпчүлүгү кара жумушчулар".

"КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАМ. БУЛ ЖАКТА КЕЛЕЧЕК ЖОК"
"Мен 19га чыкканда 47 жаш курагында апам, кийин 2001-жылы 58 жашында атам дүйнө салып кетти. Ошондон тартып чет элде жүрөм. Балким, ата-энем бар болгондо мынчалык кыйынчылыкка чыдап алыста жүрбөйт элем. Көп жыл сыртта жүрүп Кыргызстанга былтыр гана барып келдим. Бул жерде калгым келбейт. Бул жакта келечек жок. Жакынкы келечекте Кыргызстанга кайтам го деп турам.
Жердештерибиз бирөөдөн 2-3 миң доллар карызга алып келишет. Бирок бул жакка келери менен эле иши жүрүшүп кетет деген кепилдик жок да, кайра кайта албай түйшүккө малынгандары канча. Кыскасы, антип кыйналгандар ого эле көп. Мекендештеримден жардамымды аябайм, келер алдында төмөнкү электрондук дарекке кайрылып маалымат алсаңыздар болот: daniel555@mail.ru",- деп сөзүн жыйынтыктады Даниел Базарбеков.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(89)
23.04.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниел сиз Кыргызстанга эле келип жашасаныз болот. Кантсе дагы оз жер, оз эл. бул жерден деле келечек курса болот.
23.04.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tankalam ai emnege oshentip oiloshot,eki jakda para togulup jatat dep? Bilimin jetisheerlik emes,til bilbeisin anan saga office den jumush bermek bele? idish juushat,anan kocho shypyryshat dep andai ishti evropeiyizder ozdoru dele ishtep jurushot birinchiden. Ekinchiden KG barganda dele oshondoi jumush,tachka tartmai,bazarda oturmai, echkim office den ish berbeit,bilimindi orkundotup,elden ozgocholugundu korsotmoiuncho..............
23.04.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура билим да керек. бирок аракет да керек. адам уйундо жасаганды башка жакта да жасайт. андан коро уйундо аракет жасап бир жумуштун учун баштаганда 9 жыл ичи оркундоп калмак. ойлонсон жумуш коп
23.04.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11 классты эптеп бутургом билимим жок бирок шугур ишим жакшы компютер жаатында иштейм негизи адам баласы дайым аракетенип изденип тырышса ошондо ийгилике жетишеби деп ойлоп калам или мне повезло
23.04.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meliss: tuura araketten,izdense anan povezet albette (tuura izdenish kerek negizi,bilim jagyna,jany nerselerdi üironüü)......
23.04.2012. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдыны коздой жети кадам мекендештер аракет кылыш керек аракетке берекет дагы иштесен тиштейсин дешетко ))
23.04.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay strashno kylyp bayandagan go jashoosun Chet jaktagylardyn. Diplomun jok bolso normalnyi jumushka alabayt da. Bizde diplomu joktor dele ishtep jurot ofiste a Chet jakta talaptar jogoru. Negizi adamdyn ozunon til bilip oshol jaktyn kulturasyn ozdoshturup alsan araket kylsa bolot. Kara jumushtagylar normalno ele tabat birok chyndygynda jetishbeit. Birok oshol ele olkonun jarandary da ookat taap jurot omur boyu Kara jumushta ishtegenderi bar.
23.04.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы,Россиядан деле иштеп жакшы акча тапса болот!
23.04.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайындар!
Чыныгы жумушун билген адистер, Кыргызстанда жумушсуз отурат. Жалгыз гана "крышасы" барларга орун табылт. Ар бирибиздин тагдырларыбыз озубуздун колдорубузда. "Кетип туура эмес кылды" же "эмне кетпей журот" деп сын таккан туура эмес. Ойлондунбу, бир чечимге келдинби, туура кордунбу - жаса, чыда, иште.
Мисал: Мен, Алматада иштейм. Жакындарым - мына, чет олкого кеттин, келсен жакшы болот эле -коп уктум. Убакыт отту, тушунушту. Эми андай создор жок. Албетте келем оз жериме.
23.04.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туулган жедин топурагы алтын деп бекеринен айтылбаса керек, биз дагы копчулук кыргыздарга окшоп, ботон эл болок жерге оз жашообузду жакшырталы деген максат коюп келгенбиз, куйдайга шугур, иштеген ишибиз жакшы, ошентсе да оз жерибизге кайтып барабыз деген тилегибиз бар,
23.04.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 жылдан бери КР журсон,жер айдап мал баксанда иш кылсанда бутан туруп калмаксын уй було куруп дегендей.
24.04.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGTaLaS, айта келсе оной,аны да таянар кишин болсо корпой баштайсын жогоруда айкандай"крыша "жок болсо кантип?ушул суроо ар дайым берилип келет.ал да болсо ар кимдин чекесине жазылганы.
24.04.2012. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi italiyadan jani nerselerdi jok degende tilini uyronup kelip,jojdu da buturgon ekensiz,
til uyrotkon kurstarda ishtese bolot.Je kichine bir dukon achip degendey kanday bolso chet jaktan bir nerseler uyronsonuz kerek,iygilik sizge
24.04.2012. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eger til bilseniz, dokumentteriniz toluk bolso kassirden jogorku jumushtarga kirmeksiz da. Amerikada dele jurot kyrgyz kyzdar babushkalardy karap, bagyp, alarga oshol jumush jagat okshoyt, antkeni mashina aydashat, dokumentteri bar, jok degende maga okshop kassir bolup ishtegileri kelbeyt. Kollejde da okushpayt, okugulary kelbeyt, ushunday kyzdardy bilem. Babushkalar orustar da, osholordun uyun jiynap, anglische suylop kiynalgandan koro oshol jerde juro bergendi jaktyryshat. adamdyn ozunon.
24.04.2012. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кесиби же онору болсо,мээнет кылып аракет кылса жашап кетет,кайжерде болбосун.
24.04.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
noname, азыр кыргызстанда онорун эмес талантын болсо дагы акча толошун керек
24.04.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи адам бир гана Аллахдан жардам сурап умутун эч качан узбош керек кай жерде болбосун,ар адам оз ырыскысы менен дейтко бизда Аллах берген ырыскыны алып журобуз.
24.04.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы достор мен 5 жыл юр-факта окуп бутурдум армияда 1 жыл журуп келип 2006-жылы милицияга 250 доллар берип сержант болуп ишке кирдим 1,5 жыл иштеген сон офицердик орунга отуруш учун 500 долар акча талап кылшты аны дагы берип иштеп жургон учурумда ар кайсы башчы келип ишимден кыйкым таап акча сурай бергендиктен иштен чыгып кеткенмин 2009-жылы. Азыр иш жок кай жерге барба акча сурайт жонокой бир кара жумуш болсо деле иштейин деп шаарыбыздын бир мекемесине барсам 200 долар сурады.
24.04.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр дыйканчылык кыламын десен деле налог толо пара бер анан жер болуп беребиз дешет башка мамлекетте срок койот иштеп кор деп бизге андай мумкунчулук дагы бербейт кайра чукуп оордунду башка акча берген адамга алып берип койот бул менин башыман откон практика ачуу чындык.
24.04.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына биз деле орусияда иштеп уй жай сатып алып атабыз, менин оюмча адамдын аракетине жараша, мен эми Мекенимди жамандагандай болбоюн бирок чындыгында Кыргызстанда келечек жок, бир айда эн жакшы башкача айтканда 15мин тапкан адам "крутой" бул жакта аны эки эсе тапсан болот, жакшы иштесен ошол учун Даниель сизге кошула албайм...
24.04.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 кол тен эмес орусияга келип иш таппай квартирага акча таппай жургондор канча сынтакчу мезгил эмес кому то везет кому то нет....
24.04.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
италияны коргон да бар корбогон да бар иштесенг тиштейсин кайда болсо да чыдаш керек!!11
24.04.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 7 жылдан бери Англияда жашайым. Документтерим жайында жана Англис тилин еркин суйлойум. Жаны келгенде кийим-кече саткан бутике сатуучу болуп орноштум. Андан бери коп еле жумуштарда иштедим магазиндин менеджери болуп итд. Азыр 5* Отелде Менеджер болуп иштейим. Документерин жайында болсо, тил билсен еле чет жакта КГ дай акча сурабайт ишке кириш учун, тажырыйба анан емгекчилдигине карайт.
24.04.2012. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен италияга барышты арзуу кылам венеция флоренция неаполь римге баргым келет. Англияда иштеген замандаш кудайым доолотту билгизбей берет ишине ийгилик ошол тырышчактыгындын артында ошол 5*отелде управляющий бол аман бол.А неапольдо иштеп жургон замандаш кыйынчылыктын артында бактылуулук бар сен аябай бактылуусун ата бабан корбогон жерлерди кордун коп жашаган эмес копту коргон билимдуу.
24.04.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, даа сага кошулам.туура айтып кетиптирсин.кыргызка анда жердештерине жардамдашсан болот экен.жок дегенде пол жуугуч кылып алып алсанар менеджер экенсин.ийгилик!
25.04.2012. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men 2 jildan beri Amerikadamin, kudaiga wugur baary jakwi. Kolungardan kelse
Amerikaga kelgile deit elem(araket kilsa ar bir adam kele alat) , bul jakta adam ukugu aiabai jakwi korgolot, jumuw tabuu kyiyn emes, zarplata da jakwi.
25.04.2012. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chinin aityw kerek Kyrgyzstanga ech ketkibiz kelbei kalgan erteli kech kete turganibizdi bilsek dagy.....
25.04.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara90, Уулу урматтуу Мунара,сен Кыргызстанга кайткын келбесе,журогун кыргыз деп сокпойт(кечиресин катуу тийсе)сага окшогон кыздар тез эле сатылып кетишет башкаларга,Журогу Кыргыз деп соккон кыргыздарды сыйлайм!!!!!!!!! Бар болгула ар дайым!!!!!!!!!!
26.04.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aksandyk, bul senin oung. Kyrgyzstanda jawoo jirgal bolso biz bul jakka kelip iwtebeit elek boton jerde ech kimibiz jok, ata0-enebizdi, bir tuugandaribizdi bagabiz dep kelgenbiz. Sen Amerikaga kelip korsong anan menin jazganimdin chindigi bar ekenin tuwunosung. menin jurogum emne dep sogot al ozumdun iwim. Owol satilip jatkan kizdardi dalildei alasingbi ?
26.04.2012. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara90, men da saga koshulam. Kyrgyzstanda negizi adamdyn ukugu korgolboyt, men kop ele jolu jabyr tartyp kaldym. Amerikaga kelish kiyin, viza alyp, kelip okup ishtep jatkan adamdarga bashkalar, kele albagandar, ich kuyduuluk kylyp ar nerseni ayta berishet. Jon gana konul burbay, aldyga gana umtulup kete berishibiz kerek, bashka nersege konul oorutpay.
26.04.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana,Америка, америка эле дейсинерда ,ал жактын кооздугун айткан жерим жок табигый таза нерсе жок,ошо Американын жер уйлорун кыдыргылачы бир тун алма,орук дарактарын коро алат бекенсинер,Кыргызстанда ар уйдо эгилген,ох чиркин кандай табигый жаратылыш биздин Кыргызстанга берилип калган,булда болсо кыргыздын кээн пейилдиги
27.04.2012. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aksandyk, osho almaga koshulup tuulatindin jytyn aitsan...
Amerikanyn jaratylyshyn ech kimdin maktap jatkan jeri jok. Chyn nerseni tuura ele kabyl algan ongo. Amerikada ar bir adamdyn ukugu eseptelet, jana ar bir adam ozun janyn bagyp kete alat, kuzdu kutup oturbai.
27.04.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sara, кечиресин сен Кыргызстанда тузук эле ачка калган окшойсун,кудайга шугур чет жака чыкпай эле жаныбызды багып келе жатабыз,олбой нетпей эле,ушундай адамдарга тан калам,оз олкосун жамандаган,андай адамдарды ,качып кеткен Президенттерибизге окшоштурам,бирок алар Кыргызстанга келууго зар,бирок келе алышпайтттттт
29.04.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksandyk, Oshonu aityp jatpaimynby, bir az onuguunun jolun izdebesten, maga jetishtuu dep kuzdu kutup oturasyn.
26.04.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, raxmat juliana, saga da jawoongo iijgilik kaalaim. Oa sen aitkandaring da tura, miwik maiga jetpei sasik deptir degender toltura. Amerikadagi jawoo kyiyn je immigranntarga jaman mamile jasalsa biz bul jakta jurboit elek.....
27.04.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara90, Ooba en tuuru sozdor, menda Amerikadamyn kudaiga shugur jakshy baary, jumushum jakshy tabyshym jakshy, birok baribir Kyrgyzstanga jetbeit, Kyrgzstan biz uchun emne kylyp berdi debeshibiz kerek, teskerisinche Kyrgyzstanga biz emne kylyp berdik deshibiz kerek. Turu Amerika jakshy jashoo, elderi jakshy koro albastyk jok, birok menin jurogum KYRGYZSTAN dep sogot, jakynda ketip jatam Kyrgyzstanga tapkan akcham az bolsoda Kyrgyzstanda ishtem, Kyrgyzstanga kichine bolsoda salymymy koshom.
29.04.2012. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz007, Kachan ketesin bir az posylka bar ele...
29.04.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz007, men bul jerde Kyrgyzstandy jamandagan jokmun, turasin aityw kerek kachan korsong miting tynch jawoo jok, owndon korkom, al jakka barsam emne jumuw kilip janimdi bagam dep korkom (erteli kech keterimdi bilem go). owol Kyrgyzstan maga emne kilip berdi debesin dep iwtep jurom jok degende ata-enemdin mechtasina jetkirein dep. Kyrgyzstanga barsangyz sizge Ak jol!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: