Ош
Керме каш, кара көз сулуулар кыргызда көп экенин далилдеп, Ош мамлекеттик университети 18-апрелде “ОшМУ периси” сынагын өткөрдү. Аталган окуу жайдын факультеттеринен чыккан 12 бийкеч сынакка катышты. Алгач бийкечтер Лимузин автоунаасы менен келип түшүп, көпчүлүктүн көз астында алып баруучулардын тааныштыруусу менен кызыл килем аркылуу театрга кирип жатышты.
Сынакта кыздар бой-келбетин, сулуулугун гана көрсөтүшпөстөн, интеллектуалдык деңгээлин, талантын да көргөзө алышты. ОшМУнун тарбия жана жаштар департаментинин директору Замирбек Божонов “кыйкырык-сүрөөндүн аз болушу кыздардын купальникчен чыкпаганында” деп тамаша иретинде сөз айтып өттү.
Окуу жайдын ректору баш болгон профессордук жамаат, жаштар комитети, студенттер келип катышып, күбө болуп кайтышты. Калыстар тобунун берген баалары менен бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенти, ай чырайлуу Айгерим Анарбаева “ОшМу периси-2012” наамын жеңип алды. 2-орунга искусство факультетинин таланттуу бийкечи Айназик Мукаш кызы, 3-орунга өзүнүн шамдагайлыгы, айрыкча Ош калабасына байланыштуу айтылган монологу менен келгендердин көзүнө жаш алдырткан медицина факультетинин сулуусу Гүласем Ормонова татыды. Мындан сырткары сынакка катышкан ар бир сулууга өзгөчө наамдар ыйгарылып, баарына Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.
Кыскасын айтканда, сынакка катышкан ар бир кыз өзүнчө сулуу, өзүнчө ийкемдүү, таланттуу. Бар болгула, кыргызымдын сулуулары!
Бурул Исмаилова
koom@super.kg
Ушинтип жатсак Кыргызстан качан онугобуз аа Кыргызым?