КЫРГЫЗ ШОУ ДҮЙНӨСҮНӨН БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
КАЙРАТ НУРТАС КЫРГЫЗСТАНДА...
- 1-май күнү Спорт Ордосунда казак ырчысы КАЙРАТ НУРТАСТЫН концерти өтмөкчү.
- ДАНИЯР ЭРМАТОВ 6-майда Куршаб айылында бекер концерт бергенге камынууда.
- “АК ШООЛА” балдар хору өткөн жумада борборубузда “жаштарыбыз эмнеге өз мекенибизде жашагылары келишпейт?” деген маселени көтөрүп, “Алтын уя” опереттасын койду. Аны көргөнү балдар, ата-энелер менен кошо бир топ саясатчылар келишти.
- Ырчы КАЙЫРГҮЛ апасы Байтик баатыр-Донецк көчөлөрүнүн кесилишинен 1 бөлмөлүү батир белек кылганын айтып, так секире кубанып жүрөт.
- АБИР КАСЕНОВ көптөн бери кыялданып келген ырын жаздырыптыр. “Мен сени сүйөм” аттуу бул ырды жакында www.super.kg сайтынан угуп баа бере аласыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0