Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: «АЛГАЧ БАЛДЫЗДАРЫМДЫН КӨҢҮЛҮН АЛГАМ»

№496 4-май-10-май, 2012-ж.


– Бактыбек мырза, келинчегиңиз менен кандайча табышып калгансыз?
Бактыбек: – 2007-жылы Ошто банкта иштеген Шертбек деген досум үйлөнүп, тоюна чакырып калды. Анан достору, жоролору болуп тойго барганбыз. Чогуу иштеген жамаатын да чакырган экен. Кесиптештеринин арасында буту жерге тийбей эле бир кыз жүрөт так секире бийлеп. Жигитпиз да, сырттан көз салып койдук, «ким бул, кайдан болот?» деп сураштырып дегендей. Ошол тойдон таанышып, 3 жылдан кийин, 2010-жылы 23-январда баш коштук.

– Биринчи көргөндө эмнесин жактырдыңыз?
Б.: – Шайыр, өзүнө ашыкча чектөөлөрдү койбогон, жашоодо алдына максат коюп, ошого жете алчу кыздай көрүндү. Адамдардын көзүнөн, кылык-жоруктарынан эле байкалат да, өзүнө канчалык ишенери жана жашоодо канчалык ийгиликтерди багынта алары. Мага ушундай сапаттары жаккан.
Айсалкын: – Бакыт деле мага башка жигиттерден өзгөчө көрүндү. Эрки күчтүүлүгү менен чечкиндүүлүгү жакты. Эркек адамга мындай сапаттар керек деп ойлочумун. Дал ушундай жигитке жолуксам деп кыялданар элем.

– Демек, кыз-жигит болуп 3 жыл сүйлөшүп жүрдүңүздөр...
Б.: – Ал кезде оппозицияда жүргөндүктөн, өз башымдагы оор күндөрдөн улам өзүмдү Айсалкындан оолак кармап турчумун. Анткени сүйлөшкөн кызымдын жашоосуна да кооптонуу жаралбасын дейт элем. Курбу кыздары «Бакыт жакшы бала го, ошону менен эле жүрүп албайсыңбы?» десе, бул айтчу экен «ал туруктуу эмес, бир-эки келип, анан дайынын таптырбай жоголуп кетет» деп. Чын эле жумуштарга алаксып жок болуп кетмейим бар эле. Экинчиден, жигиттер кыздарга барарда куру намыска чиренип чыга келебиз. Акча керек дегендей. Ал эми кыздардын бир жаман жери, кафеге чакырсаң, сөзсүз 2-3 курбусун ээрчите келет. Мындай учурда акчаң сөзсүз эки эсе көп болушу керек. Өзүм бир айда бир жолу акча тапсам, аны бир отурганда эле мунун курбулары менен жок кылып коюп, кийинки айга камдана баштамай. Ушинтип отуруп кээде жолугушууларыбыз 1-2 айга созулуп кетчү.

– Сиздей олуттуу адамга сүйүүнү билдирүү кыйынчылык жараткан жокпу?
Б.: – Сүйүүнү билдирүү саясатчылар үчүн ашыкча эмгек талап кылбаган нерсе. Сөзүң дайыма оозуңда, сөзмөр болосуң дегендей. Анын үстүнө 25 жашыбызда баш коштук, бул курак – жашоодо көп нерсени көрүп, оюңду каалагандай шыр эле айтып салганга мүмкүнчүлүк берген жаш да. «Мага турмушка чыгасыңбы?» деген кесе-кесе айтылган сөздөр менен эле сунуш киргизип, чечишип алганбыз. Бул да ушуну эле күтүп жүргөндөй дароо эле «ооба» деген (каткырып алды).

– Сиз кандай кабыл алдыңыз?
А.: – «Ооба» деген эмесмин, кандай десем?.. Кыздардын назы болот эмеспи. Башында «айта берет да» деп жy]акшы маани деле берген жокмун. Кыздарга айтылган көп сунуштун бири катары эле кабыл алгам. Анан да бат эле жок болуп кетип, кайра пайда болуп жатса... Ооба, курбу кыздарым көп айтышчу «жакшы бала, ушуга эле турмушка чыкпайсыңбы?» деп. А бул кайра эле дайынын таптырбай кетчү.
Б.: – Кээде жеке жашоодо да саясий ыкмалар колдонулуп кетет. Айсалкын менен жаңы таанышканда мунун көңүлүн алыш мен үчүн биринчи орунда турган эмес. Алгач тегерегинде жүргөндөрдүн көңүлүн алыш керек болчу, мисалы, сиңдилеринин дегендей. Буга гүл алпарып берчү эмесмин, бирок болочок балдыздарга торт, шире сыяктууларды көтөрө барчумун. Анан алар «ии, ошол байке жакшы, сүйлөшүңүз, ошого турмушка чыгыңыз» дешип күндө мунун кулагын жешет. Менимче, ошолор эле көндүрүп койду окшойт.

– Үйдө тажабай сүйлөшкөн тема кайсы сиздерде?
Б.: – Тажабайбы?.. Келинчегимдин тажабай айткан сөзү «меш алалы, идиш-аяк алсак кантет? Килем алыш керек». 6-7 ай болсо да айта берет. Меш 20 миң сом, айлыгым да 20 миң сом болсо, анан кантип алабыз, туурабы? А мен түрдүү шылтоолорду айтып кутулам. «Эмне албай жатабыз?» деп уруш ушуга окшогон нерселерден чыгат да. Бирок ачууланбай, тамак ичип жатканда эле шашпай акырын түшүндүрүп берсең түшүнөт.
А.: – Азыр эми уулубуз Селимдин жаңы пайда болгон кылык-жоруктарын сүйлөшөбүз.

– Эркелетүү жагы кандай?
Б.: – Ош шаарындагы Жапалак деген айылга жаңы эле көчүп барган болчубуз. Бир күнү карындашым сурайт «сиз эмне, жеңемди маршруткага салганы узатып чыкканда бетинен өөп коёсузбу?» деп. «Ооба, муну баары эле жасайт го» десем, «экинчи антпей эле коюңузчу, бардык коңшулар сөз кылып жатыптыр» дейт. Айыл жеринде бул нерсе өөн учурайт да. Азыр деле жумушка баратканда, үйгө келгенде бетинен сүйүп коём. Бул жөнөкөй эле үй-бүлөлүк мамиленин бир белгиси. Ал эми «жаным, күчүгүм, мышыгым» деген сөздөр маанайга жараша айтылып калат.
А.: – Уулдуу болгондон кийин, чынында, көп эркелетпей калдым. Бакыт айтмакчы, маанайга жараша болот.

– Кимди ким көбүрөөк кызганат?
Б.: – Кызганбаган адам жок болсо керек жашоодо. Бир гана ойношуңду кызганбашың мүмкүн, өз келинчегиңди кантип кызганбайсың? Сөзсүз кызганыч болот.
А.: – Кызганыш үчүн, орусча айтканда, «повод» болушу керек да. Бизде «сен неге тигинттиң, минттиң?» деген суроо көтөрүлбөйт. Башкысы, бири-бирибизге ишенебиз. Кээде «бул жакка бара берейинчи» десем, «бара бер», «тиги жакка барайынчы» десем «бара бер» дейт, ошондо ойлоп калчумун «буга баары бир окшойт, неге унчукпайт?» деп.

– Жолдошуңуздун кайсы сапаты өзгөчө жагат жана жакпайт?
А.: – Такыр кийимин жыйнабайт. Башында курбуларымдан сурачумун, «силерде кандай?» депчи. Алар айтышчу «балалуу болгондон кийин ал адаты калат. Өзү эле бут кийимин тазалап, буюмдардын ордун издеп калат» деп. Жок, биздики калбай жатат. Ал эми чечкиндүүлүгү жагат. Бир ишти баштаса, аягына чейин чыгарат же бир пикирди карманса эч качан өзгөртпөйт. Анан ак көңүл, колу ачыктыгын баалайм.

– Сизгечи?
Б.: – Саясатчынын мүнөзү, күнүмдүк жашоо тартиби татаал болгондуктан, анча-мынча кыз-келиндер туруштук бере албайт. Кээде таңкы 4тө үйдөн чыгып кетип, анан эртеси күнкү 4тө келген учурлар болот. Ушундайда көпчүлүк айымдар «кайда кетти, туура эмес бастыбы, ойношу мененби?» деп шекшийт. Анан өзү айтып өткөндөй, мен үйгө келгенде өзүмдү ушунчалык эркин сезем. Себеби билем, батинкемди эптеп бутумдан чыгарып эле койсом, ал өз ордуна барып туруп каларын. Үстүмдөгү кийимимди эптеп жерге түшүрүп койсом, ал дагы кийим илгичке илинет. Саясатчы үчүн келинчегиңдин жакшы сапаты – сенин оюңду түшүнүп, сени менен кошо жарышып күйүнүүсү жана сүйүнүүсү.

– Уулдуу болгон мүнөттөгү сезимдер кандай болду?
Б.: – Айсалкын төрөтканада. Мен, Жоомарт Сапарбаев, Ширин Айтматова болуп азыр эле төрөп көтөрүп чыга кала тургандай сезип машинада жыргап отурабыз. Бир маалда иним «сизди врач бат кире калсын деди» деп калды. Кирсем, «өзү төрөй албайт, бала аябай чоң, салмагы 4,7 килограмм. Кесарево менен төрөтөбүз, бул кагазга кол кой» деди врач. «Экөө тең эч нерсе болбойбу?» десем, «ооба» деди. Мага ошол жетиштүү эле, кол коё салып эшикке чыгып баратсам «эй, токто, чечин бат-баттан» дейт. Анан бир мээрман айым көйнөгүмдү чечип кирди. Өзүңдү ыңгайсыз сезет экенсиң, бирөө чечинтип жатса. Анан жаткырды... Көрсө, операция жолу менен төрөткөндө баланын энеси наркоздон эсине келгенче ымыркайды атасынын көкүрөгүнө жаткырып, жанагы «метод кенгуру» дегенди жасайт экен. Баламды алып келди, 45 мүнөт көкүрөгүмө басып жаттым, эми сөз жок. Ошол 45 мүнөттөгү ойлор, тилектер, ошол маалдагы жан дүйнөңдөгү ар нерселердин күрөшүн сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Аны башынан өткөргөн адам гана билет.

– Биринчи наристеңиздин уул болушун күттүңүз беле?
Б.: – Ымыркай күтүп жатканда кызбы же уулбу, ким болсо да үйдө наристе болсо дейт экенсиң. Мурда мен тилимди тиштеп отуруп албасам дагы «абайлап жүрөйүн, жыландын куйругун тепсеп албайын» деп этияттанчумун. Азыр менде ишеним эки барабар чоңойду, өмүрүңдү тобокелге салгандан коркпой калат экенсиң. Эркекке ишеним бере турган – артындагы туягы экен.

– Ысымын ким койду?
Б.: – Ысымын чоң атасы койду. Бирок ал киши «сен өзүң депутатсың, анан өзүңө теңеп бир чоңдун атын койгондой кылбайлы» деди. Анан интернеттен издешип, Селим деген ысымды тандашты. Селим – түрктөрдүн Султан Селим деген падышасынын атынан коюлган.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg



Бактыбек Калмаматов: "Алгач балдыздарымдын көңүлүн алгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
05.05.2012. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээ калганы канаааа адамдааар.жакшы ачык баарлашуууу.
SUPER.KG видео
05.05.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8"44"кийинкисин корсотпой жатат
SUPER.KG видео
05.05.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кызыгына келгенде очуп калбадыбы негизи бул депутаттын жашы канчада аялы кичине чон корунот экен
SUPER.KG видео
05.05.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео сонун болуптур! Калмаматов укмуш сүйлөп, байкуш жубайы экинчи планда эле калып кетиптир го... Баласы болсо, мопооооооська экееееен! :)))
SUPER.KG видео
05.05.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirpik bul deputattyn 1984-jyly Osh obl Kara-Kulja raionunda torolgon.OSH GU da kesibi boyuncha anglis til boyuncha adis,,,
SUPER.KG видео
06.05.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кызык жерине келгенде токтоп калдыго(((,жакщшы адам окшойт суйлогонуно караганда....
SUPER.KG видео
07.05.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жубайым же келинчегим деп койсо боло...буну буну буга буга эле дейт да буюмдан бешбетер...
SUPER.KG видео
07.05.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маек абдан кызыктуу болуптур))). Бакылдап сонун суйлоп бериптир Бактыбек мырза!)))
07.05.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар бактылуу болгула. бакыт студент кезинде эле жк да болчу да(жаштар комитетинде). бир айылданбыз бирок шаарда окуган. азамат биимдуу келечеги кен жигит. уй булолук бакыт жана ийгилик
07.05.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец бирок саясатчымын деп кобуроок айтып мактанып алыптыр.
SUPER.KG видео
07.05.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздердей уй-булолор кооооп болсун )
07.05.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкын Оштон буткон окууну. Аябай жакшы кыз.Универде курсташ элек.
07.05.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kimisi kanchada degiß Ajaly bir top ele uluu korunot eken.

P.S. video orto joldon uzulup kaldy go?
08.05.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы ширин экен, омурун берсин....
08.05.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jariminan kinkisi jok eken ko????

08.05.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойношу болгонсуп ойношунду кызганбайт болушун керек дегенби
08.05.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FERA, ооа туура айтасыз мен дагы окуп тан калып калдым, ойношу барда суйлоптурго, типа он сам определился......
SUPER.KG видео
08.05.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай ачык баарлашуу болуптур. Жаш жубайларга улгу боло турган маек экен. Сиздердей бактылуу уй-булолор коп болсун. Урматтуу Супер Инфо Ушундай жаш жубайларды кобурок берсениздер !
SUPER.KG видео
08.05.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ооо, жакшы кенештерди беришиптир. Бактылуу болгула! Жубайынын "чырды чыгара берсе, чыр чыга берет" деген жообу жакты. Аял жакшы - эр жакшы...
08.05.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык,кенен баарлашуу болуптур. Турмушка коз караштары туз, акылдуу жубайлар экен. Азыркы жаштарга анан жаны турмуш курган жаштарга улгу боло турган экен. Ушундай бактылуу жаш уй-булолорду кобуроок корсотсонор урматтуу Супер-Инфочулар !
SUPER.KG видео
09.05.2012. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар туболуко
SUPER.KG видео
09.05.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик ага бактылуу бол!!!
SUPER.KG видео
10.05.2012. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоролор дейт го? Аялы эмес эле апасы окшойт деп ойлопмун!
SUPER.KG видео
14.05.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БУЛ депутат биздин жерден болот болуш керек ТУшунуктон.АЗАмат жакшы адам экени корунуп турат!СЫймыктанабыз сиздердей жаш уй булоо-з менен!
SUPER.KG видео
05.06.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы чындыгында да чон экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: