Уюлдук телефондордогу чакырык ордуна (гудок) жана коңгуроо үчүн (рингтон) колдонулуучу музыкалардын ордуна кайсы ырчынын ырлары көп пайдаланылары туурасында сурамжылоо жүргүздүк. Бишкектин көчөлөрүнө жана жогорку окуу жайларга барып, жалпысынан 500дөй адамдан жогорудагы суроого жооп алдык.
ЧАКЫРЫК КЕЛҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЫР (РИНГТОН)


Булардан сырткары Гүлжигит Калыков, Даниель, KG klub ырлары да коңгуроо үчүн колдонулуучу ырлар катарында телефондордон жаңырарын билдик.
Чет өлкөлүк ырчылардан Питбуль, Mаксим, Энрике Иглесиас жана корей сериалдарынын ырларын тандагандар басымдуулук кылышты. Мындан сырткары ар бир хит болгон ырды эринбей алмаштырып турган адамдар да көп экен.
ЧАКЫРЫКТЫН ОРДУНА КОЛДОНУЛУУЧУ ЫР (ГУДОК)

Ал эми ырчыларда... Анжеликанын телефонундагы чакырыкта Омардын “Кыргызстаным” ыры жаңырат. Эрмек Нурбаев көп жылдан бери Мирбек Атабековдун “Күндөр жаңырат” деген ырын өзгөртпөй келет. Мындан сырткары Роза Шакирова, Дайыр Исмадияров, Мирлан Баеков, Ильяз Андаш жана башкалардын уюлдук телефондоруна чалсаңыз, өздөрүнө таандык болгон ырларды угасыз.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg
'Кыргызстаным','You are my destiny','Кара коз','Кундор жанырат' ж.б. ырларын коюп коём.
Kimge kandai jaksa al ozuno da.,.
аябай жакшы болот!
эжем чалса каныкейдин носонтеси калгандарга темир назаров мой город бишкек
эмне чындап эле ЖЕБЕ корей жигиттери мене таймашып келе жатышабы ?!
Же болбосо Аура Диондун ырлары............