Жалал-Абад
7-каналдын диктору Жороканова Айнуска апрель айында Жалал-Абад шаарында өткөн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аталды. Сынакта 16-24 жаштагы 13 кымча бел кыздар саламдашуу, ырдоо, бийлөө жана дефилеге чыгуу сынактарында таймашышкан. Башкы байгени алган Айнускага өзүн дайыма тунук экрандан көрүп турсун дешкенби, айтор, түстүү телевизор белек кылышыптыр. Жеңүүчү тууралуу кыскача айтсак, ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана дүйнө тилдери факультетинин студенти жана 7-каналдын көрүнүктүү дикторлорунун бири.
Мен Айнуска менен бир университет, бир факультетте окуйм. Биздин окуу жай ЖАМУнун (Жалал-Абад Мамлекеттик Университети) ЭМ жана ДТ (Эл Аралык мамилелер жана Дуйно тилдери) факультети деп аталат.
Далилдуу таанып, анан жазып койгон болчумун..
Otkondo Owto,munusunda Jalal Abatta....kiyinki konkurs kaerde bolot boldu eken?????????