Ысык-Көл
Автоунааны уурдап кетүүгө шектелип Ысык-Көл облусунун жашы жете элек тургуну кармалды. Облустук ИИБдин маалымат кызматынын билдиришинче, Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарынын тургуну, “Народное” жеке такси ишканасынын таксисти кайрылган. Аны 28-апрелде болжол менен кечки саат сегиз жарымдарда Каракол шаарында европалык түспөлдөгү белгисиз жигит Ак-Суу районундагы Орлиное айылына алып барып келүү үчүн
4 миң сомго жалдаган. Аталган айылга барганда таксинин жүргүнчүсү автоунаанын дөңгөлөгүн тешип, айдоочуга кол салган. Айдоочуну сабап, тамагына бычак такап коркутуп, автоунаанын багажнигине кирүүсүн талап кылган. Андан кийин ал автоунааны айдап качып кетүүгө аракет кылып, бирок от алдыра албай койгон. Ал эми айдоочу милицияга чалууга үлгүргөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Ал Орлиное айылынын жашы жете элек
(1995-жылы туулган) тургуну болуп чыккан. Далил буюмдар алынып, Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси
(каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.