Кыргыз эстрадасынын лөктөрү, "супертяжеловестери", ырчылар Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеевди беттешүүгө чакырдык. Таймаш десе эле рингге чыгуу же бет тырмагандык деп түшүнүп калбаңыз. Болгону, эки инсаныбыздын чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы жетишкендиктерин салыштырып көрдүк.
СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
Салмагы – 95 кг
Бою – 178 см


БЕК БОРБИЕВ
Салмагы – 95 кг
Бою – 180 см

Адистер эмне дешет?
Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
– Бек менен Сыймык – чыгармачылык даремети табиятынан күчтүү берилген, бирдей деңгээлдеги таланттар. Эгерде мен алардын мугалими болсом, кемчиликтерин айтмакмын. Угарман катары экөө тең чыгармаларында улуттук колоритти дагы көбүрөөк чагылдырышса демекмин.
Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор:
– Экөө тең жеткен ийгиликтерине маашырканып токтоп калбай вокалдан сабак алып, улам изденип турушса дейм.
Рафаэль Сарлыков, Улуттук консерваториянын эстрада кафедрасынын жетекчиси:
– Бектин да, Сыймыктын да табигаттан тартууланган жагымдуу үндөрү бар. Ошол себептен экөө тең табигый талантына таянышып, вокал жагын четке кагып коюшту. Кыскача айтканда, вокал жагынан кемчиликтери бар.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
P.S:Bek baikenin 4ygarma4ygylygyn koldoim!
1.Анткени ал "Алтын Булбулду" женип алган.
2.Улуттук калориттерги ырларга кобуроок конул бурат.
3.Кыргыздын чыгаан уулу Ч.Айтматовдун чыгармаларын ырдап анын батасын алган ырчы
4.Ал бир кездерде элдик талантарды издеп аларга коптогон сыйлыктарды уюштурган.
5.Анын ырларынын маани манызы Б.Борбиевдикине караганда ойдороок.
6.Экоонун кыял жоруктарына караганда Бек аке бир аз ороюраак.(Аялына ба